«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ Декабрь, 2016

Бул санда 2017-жылдын 30-январынан 26-февралына чейинки изилдөө макалалары камтылат.

ӨМҮР БАЯН

«Бардыгы үчүн бардыгы болуп» келем

Дентон Хопкинсон жаш кезинен кызматтын ар кандай түрүн аткарып жүрүп Жахабанын бардык адамдарды сүйөрүн көрө алган.

Ырайымдын аркасында кулчулуктан бошонгонбуз

Жахабанын сени күнөөдөн кантип куткарганын окуп чыгуудан чоң пайда аласың.

«Рухка мүнөздүү нерселерди ойлоп», өмүр менен тынчтыкка ээ бол

Римдиктер 8-бөлүмдө жазылган кеңештер Жахаба бүт адамзатка бере турган сыйлыкка ээ болууга көмөк кылат.

Эсиңдеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көңүл коюп окудуңбу? Суроолордун канчасына жооп бере аларыңды текшерип көр.

Бардык түйшүгүңдү Жахабага арт

Кээде Кудайдын кызматчылары да санаа тартышат. Андай учурларда «Кудайдын тынчтыгын» сезүүгө төрт нерсе жардам берет.

Жахаба аны талыкпай издегендерге сыйлык берет

Жахабадан сыйлык аларыбызга үмүттөнгөнүбүздүн кандай пайдасы бар? Ал байыркы убактагы кызматчыларына кандай сыйлык ыйгарган жана бизге кандай сыйлык берип келет?

Жумшактык — акылмандыктын белгиси

Адилетсиздикке кабылганда өзүбүздү кармоо оңой эмес. Бирок Ыйык Китепте Кудайдын кызматчылары жумшак болууга чакырылат. Кудайга жаккан бул сапатты канткенде өрчүтө алабыз?

2016-жылдын «Күзөт мунарасынын» тематикалык индекси

«Күзөт мунарасынын» жалпыга арналган жана изилдөөгө арналган чыгарылышындагы макалалардын тема боюнча бөлүнгөн тизмеси.