Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте жазылгандар бүгүн да колдонорлукпу?

Ыйык Китепте жазылгандар бүгүн да колдонорлукпу?

АЙРЫМДАР «ЖОК» ДЕШЕТ. Бир доктур Ыйык Китепте жазылгандарды жетекчилик катары колдонууну химия сабагында 1920-жылдары чыккан окуу китебин колдонгонго салыштырган. Ыйык Китепке карата сын көз карашта болгон киши силерден: «Заманбап компьютерди иштетүүдө эчак эскирип калган компьютердин көрсөтмөсүн колдонот белеңер?» — деп сурашы мүмкүн. Кыскасын айтканда, кээ бирлер Ыйык Китепти аябай эле эскирип калган дешет.

Техника гүлдөгөн азыркы заманда эмне үчүн айрымдар тээ илгерки китептен жетекчилик издеши мүмкүн? Бүгүнкү күндө эсеп жеткис веб-сайттар аркылуу улам жаңы кеңештер берилип турат. Телеберүүлөрдөн кыйын психологдор, кантип жашаш керектигин үйрөткөн адистер, ар кандай эмгектерди жазгандар кеп-кеңештерин байма-бай айтып турушат. Дүкөндөрдө болсо өз алдынча үйрөнүүгө арналган толгон токой китептер сатылып, соода-сатык тармагына миллиарддаган долларлар түшүүдө.

Жаңы маалыматтарды табуу оңой болсо, анда эмнеге Ыйык Китепке — дээрлик 2 000 жыл мурун жазылып бүткөн китепке — кайрылышыбыз керек? Сынчылардын ал китептен жетекчилик издөөнү эскирген химия китебин же компьютердин көрсөтмөсүн колдонууга салыштырганы туурабы? Жок. Илим, техника бат-баттан өзгөрүп турганы менен, адам баласынын негизги муктаждыктары өзгөрдүбү? Адамдар дагы деле жашоонун маңызын тапкысы, өзүн бактылуу, коопсуз сезгиси, үй-бүлөсү менен ынтымактуу жашагысы, жакшы досторду күткүсү келет.

Байыркы убакта жазылса да, Ыйык Китептен ушул жана башка нерселер жөнүндө көптү биле алабыз. Мындан тышкары, аны Жаратканыбыз өзү ыйык руху менен жаздырган. Ыйык Китеп бизге жашоонун ар бир тармагында жетекчилик берип, кыйынчылыктар менен күрөшүүгө көмөк кылат (2 Тиметей 3:16, 17). Ошондой эле ал эч качан эскирбей турган кеңештерге бай! Анын өзүндө: «Кудайдын сөзү тирүү»,— делет (Еврейлер 4:12).

Ушул айтылгандар чынбы? Ыйык Китеп эскирип калганбы же ал эң пайдалуу, колдонорлук кеңештер камтылган тирүү китеппи? «Күзөт мунарасынын» бул санынан — атайын даярдалган сандарынын биринчисинен — ушул суроолорго жооп ала аласыңар.