Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай эмне үчүн бардык эле тиленүүлөрдү уга бербейт?

Кудай эмне үчүн бардык эле тиленүүлөрдү уга бербейт?

Чын жүрөктөн тиленгенибиз асмандагы Атабыз Жахаба Кудайга жагат. Ал андай тиленүүбүздү угат. Бирок Кудай бардык эле тиленүүгө жооп бере бербейт. Эмне үчүн? Тиленгенде эмнелерди эске алышыбыз керек? Келгиле, Ыйык Китептеги айрым кеңештерге токтололу.

«Тиленгенде... окшош эле нерселерди кайталай бербе» (Матай 6:7).

Жахаба жаттап алган эле сөздөрүбүздү кайталап коюшубузду же тиленүүлөр жазылган китептен окуп берип коюшубузду каалабайт. Ал ага жүрөгүбүздөгүнү айтышыбызды күтөт. Эгер досуңар күн сайын эле бир эле нерсени кайталай берсе, кандай сезимде болот элеңер? Жакын достор ачык сүйлөшөт, ичиндегиси менен бөлүшөт. Анын сыңарындай, асмандагы Атабыздан өз сөзүбүз менен тиленсек, аны жакын досубуздай көрөрүбүздү айгинелейбиз.

«Сурасаңар да, албай жатасыңар, анткени туура эмес ниет менен... сурап жатасыңар» (Жакып 4:3)

Эгер Кудайга жакпаган нерселерди кылууну же аларга ээ болууну каалап, ошолор жөнүндө тиленсек, анын жооп бербей турганы анык. Мисалы, ач көздүк жана арам жол менен баюуну көксөө Жахабага жакпайт. Анда ал: «Жолум болуп, утуп алсам экен»,— деп тиленген кумарчыны угабы? (Ышая 65:11; Лука 12:15). Жахабанын мындай тиленүүнү укпай турганы бышык. Эгер анын тиленүүбүзгө жооп беришин кааласак, анда сураган нерселерибиздин Ыйык Китепте жазылгандарга шайкеш келерине ынанышыбыз керек.

«Ким мыйзамды уккусу келбей кулагын жапса, анда анын тиленүүсү да жийиркеничтүү» (Накыл сөздөр 28:9).

Кудай байыркы убакта анын мыйзамдарына баш ийбегендердин тилегин укчу эмес (Ышая 1:15, 16). Ал андан бери өзгөргөн жок (Малаки 3:6). Эгер Кудай тилегибизди кабыл кылышын кааласак, анын айткандарын аткарганга колдон келишинче аракет кылганыбыз маанилүү. Бирок мурун туура эмес иштерди кылган болсокчу? Бул Жахаба бизди эч качан укпайт дегенди билдиреби? Жок. Эгер жаман иштерибиз үчүн өкүнүп, ага жакканга бүт күчүбүздү жумшасак, ал бизди айкөлдүк менен кечирет (Элчилер 3:19).