Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ № 1 2023 | Акыл-эс саламаттыгы. Ыйык Китептин жардамы

Дүйнө жүзү боюнча миллиондогондор акыл-эс дартынан жабыр тартып жатышат. Жашоо-шарты, билим деңгээли, улуту, туткан дини кандай болбосун, жаш-кары дебей — баары жан дүйнөгө бүлүк салган бул дарттын кандайдыр бир түрү менен күрөшүп жатышат. Акыл-эс дарты деген эмне жана ал кишиге кандай таасир этет? Бул журналда ушул дартты дарылоонун маанилүүлүгү жана Ыйык Китептеги кеңештер кантип жардам бере алары айтылат.

 

Акыл-эс саламаттыгы — дүйнөлүк кризис

Кайсы жерде жашабайлы, кайсы куракта болбойлу, акыл-эстин жабыркашына кабылып калышыбыз мүмкүн. Акыл-эс саламаттыгын сактаганга Ыйык Китеп кандайча жардам берерин окуп көргүлө.

Кудай силерге кам көрөт

Ой-сезимдериңерди Жахаба Кудайдан жакшы эч ким түшүнө албайт. Мындан эмне үчүн шектенбесеңер болот?

1 | Тиленүү. «Бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла»

Тынчыңарды алган ойлордун баарын Кудайга айтып тилене аласыңарбы? Коркунуч басып кыйналгандарга тиленүү кандайча жардам берет?

2 | «Ыйык Жазмадан алган сооронуч»

Ыйык Китепте үмүт берерлик кабар бар. Жакында азапка салган терс сезимдер унутта калат.

3 | Ыйык Китептеги инсандардын үлгүсү

Жан дүйнөбүз сыздаганда Ыйык Китептеги инсандардын үлгүсү кайрат берет. Алар да биздикиндей сезимдерди туюшкан. Биз жалгыз эмеспиз.

4 | Ыйык Китептеги асыл кеңештер

Ыйык Китепте жазылгандар жөнүндө ой жүгүртүү, кол жетерлик максаттарды коюу акыл-эс дарты менен күрөшкөнгө кантип жардам берерин билгиңер келеби?

Акыл-эс дартына чалдыккандарга кантип жардам бере алабыз?

Акыл-эс дартына чалдыккан досуңарды колдогонуңар ага чоң жардам болот.