Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЖАШООСУН ӨЗГӨРТКӨНДӨР

Рикардо жана Андрес

Рикардо жана Андрес

Ыйык Китепке негизделген билим адамдын жашоосун өзгөртө ала турган күчкө ээ. Буга далил катары Рикардо менен Андрестин окуясын карап көрөлү.

РИКАРДО: Баарына кызыгып жүргөн кезде, 15 жашымда, кылмыштуу топко кошулуп кеттим. Алар мага күчтүү таасир этишти. Мен 10 жыл түрмөгө отуруп келгим келчү. Балким, акылынан айнып калган го дешиңер мүмкүн. Бирок биз жакта түрмөгө отуруп келгендерге суктанып, кадырлап-сыйлашчу. Ошондуктан мен да алардай болгум келген.

Кылмыштуу топтогулар кылгандын баарын кылып көрдүм: баңгизат колдондум, жыныстык катнашка, зордук-зомбулукка бардым. Бир жолу түндө бирөөлөр менен атыша кеттик. Ошондо өлүп кала жаздадым. Бирок качып кутулуп кеттим. Ошондон тартып жашоом, максаттарым жөнүндө олуттуу ойлоно баштадым. Анан өзгөргүм келди. Бирок кантип өзгөрөм, ким жардам берет деп ойлондум.

Туугандарымдын көбү бактысыз болчу. Кыйынчылыктан башы чыкчу эмес. Бирок таякемдин үй-бүлөсү айырмаланып турчу. Алар жакшы кишилер эле, Ыйык Китепке ылайык жашашчу. Бир жолу алар Кудайдын аты Жахаба деп айткан. Ошон үчүн баягы атыштан кийин Кудайдын атын айтып, жардам сурадым. Таң калыштуусу, эртеси үйүмө бир Жахабанын Күбөсү келди! Ошентип, Ыйык Китепти изилдеп калдым.

Көп өтпөй чоң көйгөйгө туш болдум. Эски досторум чалып, тиякка-биякка чакырып жүрүштү. Баш тартыш оңой болгон жок. Бирок Ыйык Китепти изилдей бердим. Ошенткениме сүйүнөм. Анткени жашоом түп-тамыры менен өзгөрүп, чыныгы бакытты таптым.

Бир жолу Кудайдан тиленип жатып мурда урмат-сыйга ээ болуш үчүн түрмөдө 10 жыл отургум келгенин айттым. Ошондуктан мага окшогондорго жардам бере алышым үчүн, жок дегенде, 10 жыл толук убакыт кызмат кылууга мүмкүнчүлүк беришин сурандым. Кудай тилегимди угуп, 17 жылдан бери толук убакыт кызмат кылып келатам. Айта кетчү нерсе, бир да жолу түрмөгө түшкөн жокмун.

Ал эми эски досторумдун көбү бир топ жылдан бери түрмөдө отурушат. Айрымдары өмүрүнөн айрылды. Өткөндү эстегенде Жахабанын Күбөсү болгон туугандарыма ыраазы болом. Алар Ыйык Китепке ылайык жашап, айырмаланып турушчу. Мурда кылмыштуу топтогуларды аябай сыйласам, азыр Жахабанын Күбөлөрүн алардан да жогору баалап, урматтап-сыйлайм. Баарынан да, мени туура жолго салган Кудайга чексиз ыраазымын.

АНДРЕС: Мен эл жакыр жашаган, баңгилик, талап-тоноо, киши өлтүрүүчүлүк, сойкулук кеңири жайылган аймакта туулуп-өскөм. Атам аракеч болчу, кокаинге да байланып калган эле. Апам экөө урушуп-талашып, мушташа беришчү.

Кичинекейимен эле ичимдик ичип, баңгизат колдоно баштагам. Уурулук кылып, уурдагандарымды сатып көчөдө эле жүрчүмүн. Эр жеткенимде, атам мени өзүнө жакындатам деген ойдо баңгизаттарды, өлкөдө тыюу салынган башка нерселерди жашыруун алып кирип, сатканга үйрөттү. Көп өтпөй эле акчаны күрөп таба баштадым. Бир күнү үйгө полиция келип, мени кармап кетти. Мен киши өлтүргөнгө аракет кылды деген айып менен 5 жылга түрмөгө кесилдим.

Бир жолу эртең менен үн күчөткүч аркылуу түрмөдөгүлөрдүн баары Жахабанын Күбөлөрү өткөргөн, Ыйык Китепке негизделген талкууга чакырылды. Мен да барып көрөйүн дедим. Ал жерден уккандарым акылга сыярлык болчу. Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштадым. Алар Ыйык Жазмада жазылгандарды жымсалдабай, Кудайдын жогорку адеп-ахлак нормаларын көрсөтүп беришти.

Көп өтпөй өз күчүм менен оңоло албай турганымды түшүндүм. Анын үстүнө, чогуу отургандар изилдегенимди жактырбай, коркута беришчү. Ошондуктан Жахабадан күч, акыл беришин сурадым. Ал үнүмдү укту. Ошонун аркасында коркунучка алдырбай, кайраттуу болуп, түрмөдө отургандарга Ыйык Китептен билгендеримди айта баштадым.

Бошонор убактым келгенде, ушунчалык тынчсызданып, түрмөдө эле калгым келди. Кетип баратканымда, түрмөдөгүлөрдүн көбү кол булгалап коштошушту. Айрымдары атүгүл: «Бара кой үйүңө, кичинекей пайгамбар»,— деп айтышты.

Кудай билимин берип, оңдобогондо жашоом кандай болмоктугун ойлосом, коркуп кетем. Оңолбойт деп мага кол шилтеп койбой, мээримин төккөнүнө ага миң мертебе ыраазымын! *

^ Ыйык Китептин адамдын жашоосун өзгөртө ала турган күчкө ээ экенин көрсөткөн дагы башка окуяларды jw.org/ky сайтынан окуй аласыңар. (Жолу: КИТЕПКАНА > “Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат“ деген бөлүктөгү макалалар)