Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Иса пайгамбар чын эле жашаганбы?

Иса пайгамбар чын эле жашаганбы?

АЛ БАЙЛЫККА, бийликке ээ болгон эмес. Анын үй-жайы да жок болчу. Ошентсе да анын айткандары миллиондогон адамдарга күчтүү таасир эткен. Иса пайгамбар чын эле жашаганбы? Бул туурасында байыркы жана азыркы күндөгү таасирдүү адамдар эмне дешкен?

  • Майкл Гранд аттуу тарыхчы жана байыркы элдердин маданиятынын өнүгүшүн изилдеген адис мындай деген: «Жаңы Келишимге [Инжилге] тарыхый маалыматтарды камтыган байыркы эмгектерге ишеним арткандай ишеним артсак, көптөгөн тарыхый инсандардын жашаганынан шектенбегендей эле, Иса пайгамбардын да чын эле жашаганынан эч күмөн санабайбыз».

  • Рудольф Бультман деген Инжилди изилдеген профессор мындай деп айткан: «Иса пайгамбардын чын эле жашаганына шектенүүгө негиз жок, атүгүл андай ойду жакын жолотпош керек. Акыл-эстүү адамдардын бири да байыркы Палестинадагы коом [Исанын жолдоочулары] тарабынан жүргүзүлгөн биринчи тарыхый кыймылдын негиздөөчүсү Иса болгонуна күмөн санабайт».

  • Уилл Дюрант аттуу тарыхчы, жазуучу жана философ мындай деп жазган: «Бир муундагы бир нече карапайым адам [Инжилди жазгандар] ушунчалык зор жана өзүнө тартып турган инсанды, ушунчалык жогорку этиканы жана адамдардын ушундай деңгээлдеги боордоштугун ойлоп чыгарса, анда бул Инжилде жазылган бардык ажайыптардан да ашып түшкөн керемет болмок».

  • Альберт Эйнштейн деген Германияда төрөлгөн еврей физиги: «Мен евреймин, бирок назареттик Исанын көрүнүктүү образы мени аябай суктандырат»,— деген. Андан Исанын тарыхый инсан экенине кошулар-кошулбасын сурашканда, ал: «Албетте, кошулам! Бир да адам Инжилдерди окуп жатканда Исаны ойдон чыгарылган киши катары элестете албайт. Анын тарыхый инсан экени ар бир сөздөн туюлат. Уламыштарда окуялар минтип баяндалбайт»,— деп жооп берген.

    «Бир да адам Инжилдерди окуп жатканда Исаны ойдон чыгарылган киши катары элестете албайт» (Альберт Эйнштейн)

ТАРЫХ ЭМНЕНИ ТАСТЫКТАЙТ?

Ыйык Китепке кирген Инжилдерде — аларды жазган Матай, Марк, Лука жана Жакан деген кишилердин аттары менен аталган китептерде — Иса пайгамбардын жашоосу, Кудайга кылган кызматы майда-баратына чейин баяндалган. Андан тышкары, Исанын аты анын жолун жолдобогондордун эмгектеринде да аталган.

  • ТАЦИТ

    (Болж. м-н б.з. 56—120-ж.) Тацит байыркы Римдин залкар тарыхчыларынын бири деп эсептелет. Анын эмгегинде Рим империясынын б.з. 14—68-жылдарына чейинки тарыхы баяндалат. (Иса пайгамбар б.з. 33-жылы өлгөн). Тациттин жазганына ылайык, б.з. 64-жылы Римде чыккан чоң өрткө эл император Неронду күнөөлүү деп эсептеген. Тацит ошондой эле Нерондун өзү жөнүндөгү ал сөздү токтотуу үчүн шаарды өрттөдү деп күнөөнүн баарын Исанын жолдоочуларына оодарып койгонун жазган. Андан сырткары, Тацит Иса Машаяк «Тиберийдин тушунда прокуратор Понтий Пилаттын буйругу менен өлүм жазасына тартылганын» айткан («Annals», XV, 44).

  • СВЕТОНИЙ

    (Болж. м-н б.з. 69-ж. кийин—122-ж.) «Цезарлардын жашоосу» деген эмгегинде бул Рим тарыхчысы алгачкы 11 императордун учурундагы окуяларды жазган. Клавдийдин тушундагы тарыхты баяндап жатканда ал Исага байланыштуу Римдеги жүйүттөрдүн ортосундагы талаш жөнүндө сөз кылса керек (Элчилер 18:2). Светоний: «Машаякка байланыштуу кайчы пикирдеги жүйүттөрдүн айынан элдин арасында көп жаңжал чыккандыктан ал [Клавдий] алардын баарын Римден кууп чыкты»,— деп жазган («The Deified Claudius», XXV, 4). Светоний ошондой жаңжалдарга Иса себепкер болгон деп жаңылыш ойлосо да, анын жашаганынан шек санаган эмес.

  • ПЛИНИЙ КЕНЖЕ

    (Болж. м-н б.з. 61—113-ж.) Римдин жана Битиниянын (азыркы Түркия) бул башкаруучусу Рим императору Траянга өзүнүн аймагындагы Исанын жолдоочуларына карата кандай чара көргөнү жөнүндө жазган. Ал Исанын жолдоочуларын ишениминен баш тарттырууга аракет кылганын жана баш тартпагандарга өлүм жазасын чыгарганын айткан. Плиний Кенже алар жөнүндө: «Иса Машаяктан баш тартып, менин артымдан кайталап [бутпарастар сыйынган] Кудайларга жалынып, аларга жыпарзат, шарап тартуу кылып, сиздин айкелиңиздин алдында сыйынып,.. акырында Машаякты каргагандарды... боштондуккка чыгарса болот деп ойлодум»,— деген («Pliny —Letters», Book X, XCVI)

  • ИОСИФ ФЛАВИЙ

    (Болж. м-н б.з. 37—100-ж.) Жүйүттөрдүн бул дин кызматчысы жана тарыхчысы жүйүт элинин саясатына зор таасир тийгизген башкы дин кызматчы Анастын «Машаяк деп аталган Исанын бир тууганы Жакыпты жана башкаларды соттоо үчүн Синедрионду [жүйүттөрдүн жогорку сотун] чогултканын» жазган («Жүйүт байыркылары», XX, 200).

  • ТАЛМУД

    Жүйүт раббин жазууларынын б.з. 3—6-кылымдарына таандык бул жыйнагынан атүгүл Исанын душмандары да анын чынында жашаганын четке какпаганын билүүгө болот. Мисалы, андагы бир билдирүүдө «назареттик Иешунун [Иса] Пасах майрамында устунга кадалганы» жазылган («Babylonian Talmud, Sanhedrin 43a, Munich Codex»; Жакан 19:14—16-аяттарды карагыла). Дагы бир жеринде: «Уулдарыбыздын же шакирттерибиздин бири да эч качан өзүн эл алдында ушунчалык маскара кылган назареттик Исадай болбосун»,— деген сөздөр кездешет («Babylonian Talmud, Berakoth 17b, footnote, Munich Codex»; Лука 18:37ни карагыла.).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ КАНДАЙ ДАЛИЛ БАР?

Инжилдерде Иса Машаяктын жашоосуна, кызматына байланыштуу кеңири маалымат камтылат. Аларда алардагы билдирүүлөрдүн тарыхый жактан так экенин тастыктаган фактылар: адамдарга, жерлерге, даталарга байланыштуу майда-чүйдө маалыматтар да бар. Мисалы, Лука 3:1, 2-аяттардан Исага жол даярдаган Жакан пайгамбардын кызматын качан баштаганын так аныктоого болот.

«Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган» (2 Тиметей 3:16).

Исанын Лука деген шакирти: «Император Тиберийдин башкаруусунун он бешинчи жылында, Жүйүт жеринде Понтий Пилат башкаруучу болуп турганда, Галилея аймагында Ирод, Итурея жана Трахонит аймактарында анын агасы Филип, ал эми Абиленея аймагында Лусаний дубан башчысы болуп турганда, Каяпа менен башкы дин кызматчы Анастын күндөрүндө Закарыянын уулу Жаканга ээн талаада Кудайдан сөз болду»,— деп жазган. Майда-баратына чейин айтылган бул билдирүүнүн негизинде Кудай Жакан пайгамбарга пайгамбарлык кызматты б.з. 29-жылы тапшырганын аныктоого болот.

Лука санап өткөн 7 кишинин аты тарыхчыларга кеңири белгилүү. Анткен менен тарыхчылар Понтий Пилат менен Лусанийдин тарыхта болгонунан шектенген учурлар болгон. Бирок алардын жаңылганы көп өтпөй эле айгинеленген. Себеби Лука жазгандардын тактыгын далилдеген, эки башкаруучунун ысмы жазылган байыркы жазуулар табылган *.

МУНУ БИЛҮҮ МААНИЛҮҮБҮ?

Иса пайгамбар элге асмандагы өкмөт жөнүндө — Кудайдын Падышалыгы жөнүндө — айткан

Иса пайгамбардын чын эле жашаган-жашабаганын билгенибиз анын окууларына болгон көз карашыбызга таасир этет. Маселен, Иса канткенде адам бактылуу болуп, жашоосу маңыздуу өтөрүн айткан *. Ошондой эле «Кудайдын Падышалыгы» деп аталган өкмөт бүт жер жүзүн башкарганда адамзат бейкуттукта, коопсуздукта жашаарын убада кылган (Лука 4:43).

Ал өкмөттүн «Кудайдын Падышалыгы» деп аталганы эң эле ылайыктуу, анткени Кудай ошол өкмөттү колдонуп жерди башкарат (Аян 11:15). Иса пайгамбар шакирттерине Кудайдан кантип тилениш керектигин үйрөтүп жатканда: «Асмандагы Атабыз,.. Падышалыгың келсин... Жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деп тиленген (Матай 6:9, 10). Кудайдын Падышалыгы адамзат үчүн эмнелерди кылат? Буларга көңүл бурсаңар:

  • Эл аралык, жарандык согуштар болбойт (Забур 46:8—11).

  • Ыймансыздык, анын ичинде ачкөздүк, паракорлук, ыймансыз адамдар түбөлүккө жок болот (Забур 37:10, 11).

  • Кудайдын өкмөтүнүн жарандары маңыздуу жашоодон ыракат алып, үзүрлүү эмгектенишет (Ышая 65:21, 22).

  • Азыр кыйратылып жаткан жер калыбына келип, мол түшүм берет (Забур 72:16; Ышая 11:9).

Айрымдар буларды куру кыял деп ойлошу мүмкүн. Бирок чынында буларды адамдар ишке ашырат деп үмүттөнүү куру кыял эмеспи? Алсак, илимдин, технологиянын ушунчалык өнүккөнүнө карабай, бүгүнкү күндө миллиондогондор эртеңки күнүн ойлоп санааркап жашашат. Күн сайын экономикалык жана саясий туруксуздук, диний куугунтук, ач көздүк, паракорлук күч алууда. Ырас, адамдын бийлиги эч качан ийгиликке жетпей турганы анык! (Насаатчы 8:9)

Ооба, Исанын жашаган-жашабаганын аныктап-билүү маанилүү *. Анткени, 2 Корунттуктар 1:19, 20-аяттарда айтылгандай, «Кудайдын канча убадасы болсо, алардын баары [Иса] аркылуу «ооба» болгон».

^ 23-абз. Жазууда Лусаний аттуу дубан башчы жөнүндө жазылган (Лука 3:1). Лука жазган маалда ал Абиленея аймагын башкарып турган.

^ 25-абз. Исанын насаат сөзү Матай китебинин 5—7-бөлүмдөрүндө жазылган. Ал «Исанын тоодо айткан насааты» деп да аталат.

^ 32-абз. Иса пайгамбар жана анын насааттары жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн jw.org/ky сайтына кирип, ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕП АЙТЫЛАТ? дегенди карагыла.