Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акыр заман тууралуу имиштер

Акыр заман тууралуу имиштер

СИЗ келечекти ойлоп тынчсызданасызбы? Ооба, бул тема бүгүнкү күндө көптөрдү бушайман кылууда. Адамдар келечектин кандай болорун тээ байыртан эле болжолдоп билүүгө аракет кылып келишет. Көптөргө жакшылыкка үмүттөнүүгө эч кандай негиз жоктой сезилет. Ошондуктан акыр заман же, мындайча айтканда, дүйнөнүн акыры туурасында бүйүрдү кызыткан кептер миңдеген жылдардан бери айтылууда.

Бүгүнкү күндө акыр заманды көркөмдөп сүрөттөгөн телеберүүлөр, комикстер, тасмалар, китептер жүздөп-миңдеп саналууда. Аларда адамзатка ким гана кол салбайт: роботтор, түрү шумдук дөөлөр, башка планетадан келген келгиндер, зомбилер, арбактар, ажыдаарлар, маймылдар, куштар, мутант келемиштер, килейген аарылар. Бирок көпчүлүктүн мунун баарын чын көрбөгөнү айтпаса да түшүнүктүү.

Анткен менен адамдардын чындап эле тынчын алып жаткан, илимге негизделгендей көрүнгөн божомолдоолор да арбын. Маселен, кээ бирөөлөр Жердин үстүнкү катмары жылышып, натыйжада чоң цунамилер каптайт, катуу жер титирөөлөр болот, жанар тоолор атылат деп ойлошот. Башкалары болсо планеталардын баары бир катарга тизилип, ошондон улам Күн шамалы күчөп, Жердеги жашоо токтойт деп божомолдошот. Дагы бирөөлөрү Жердин магнит талаасы капысынан өзгөрүп, тирүү жандын баары Күндөн бөлүнүп чыккан көп өлчөмдөгү радиоактивдүү нурлардан кырылып калат деп ойлошот. Ушу сыяктуу жоромолдор көптөрдүн жүрөгүнүн үшүн алууда.

Ал эми акыр замандын ушу жылдын 21-декабрында келери жөнүндө китептерде жана веб-сайттарда алдын ала айтылгандар тууралуу эмне десе болот? Аларга ылайык, Жерди көздөй учуп келаткан Нибиру деп аталган планета (Х планетасы) Жер менен 2012-жылдын декабрында кагылышат. Ушул жана ушул сыяктуу башка божомолдоолор байыркы майя элинин календарына негизделет. Айрымдар чечмелегендей, алардын календары 2012-жылдын Күндүн кышкы турушу * менен аяктайт.

Кээ бирөөлөр ушу сыяктуу нерселерге ишенип, короосуна баш калкалай турган жай курушса, дагы бирөөлөрү бир топ акчасын жумшап, жердин астына бункерлерди, атайын жашына турган бөлмөлөрдү, даярдашууда. Башкалары болсо алдын ала даярдык көрүп, тоого кетип, коомчулуктан көз карандысыздыкта: эч кандай шарты, суусу, электр тогу жок жашоо өткөрүүдө.

Бирок жогоруда айтылгандарга бардыгы эле ишене бербейт. Айрымдар дүйнөнүн акыры келет деген ойдун баарын жеришет. Алсак, НАСАнын окумуштуулары: «2012-жылы Жер эч нерсе болбойт. Биздин планетабыз 4 миллиарддан ашуун жылдан бери эч нерсе болбой эле келатат. Ишеничтүү, белгилүү окумуштуулар 2012-жылы да Жерге эч кандай коркунуч туулбай турганын билишет»,— деп ынандырышкан.

Анткен менен адамзатка эч нерсе коркунуч туудурбайт же акыр заман дегенге ишенчээк кишилер гана ишенет деп ойлоо жаңылыштык болуп калмак. Анда акыр заман чынында эле болобу? Эгер болсо, качан жана кандай болот?

[Шилтеме]

^ 5-абз. Күндүн кышкы турушу 21-декабрда болот. Ал күн жылдын эң кыска күнү деп эсептелет.