Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Суук сөз айткандан алыс болгула

Суук сөз айткандан алыс болгула

КӨЙГӨЙ

Айтыша кеткенде кемсинтип киресиңерби? Бири-бириңерге жүрөк ооруткан сөздөрдү айтканыңар көнүмүш адатка айланып калдыбы?

Ошондой болсо, суук сөз айтпаганга үйрөнө аласыңар. Адегенде көйгөйдүн себеби эмнеде экенин, өзгөрүүгө даяр болгонуңар эмне үчүн өзүңөргө эле жакшы болорун карап чыгышыңар керек.

КӨЙГӨЙДҮН ТАМЫРЫ

Тарбия. Жубайлардын көбү жүрөктү жаралаган сөздөрдү сүйлөө адат болуп калган үй-бүлөдө чоңоюшкан. Ошондуктан алардын бири жубайына же экөө тең бири-бирине мамиле кылганда ата-энесинен көргөндү кылып, укканын сүйлөшү мүмкүн.

Уккан-көргөндөрүнүн таасири. Кинолордо, телеберүүлөрдө кемсинтип, орой сүйлөө күлкүлүү нерседей көрсөтүлөт. Ошондуктан көптөргө көңүл ооруткан сөздөрдү сүйлөө зыяны жоктой, атүгүл күлкүлүүдөй сезилиши ыктымал.

Маданият. Айрым элдерде эркек деген өктөм болушу керек же аял алсыз көрүнбөш үчүн ажаан болушу керек деп үйрөтүшөт. Ушундай көз караштагы жубайлар уруша кеткенде бири-бирин душманындай көрүп, бири-бирине жүрөктү жаралаган сөздөрдү айтышат.

Андай сөздөрдү айтканга эмне себеп болбосун, бул ажырашууга алып барат, ошондой эле ден соолукка зыян келтирет. Айрымдар муштумга караганда сөз катуу тиерин айтышат. Мисалы, күйөөсү кызыл камчы, заар тилдүү болгон бир аял мындай дейт: «Ур-токмокко караганда жан кейиткен суук сөздөр жүрөккө кадалып калат. Ошондуктан ал чучукка жеткен сөздөрдү айткандан көрө, сабап салса жеңил болмок деп ойлой берем».

Суук тилдин айынан ынтымагыңар ыдырап баратса, эмне кылсаңар болот?

 ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Боорукер болгула. Өзүңөрдү жубайыңардын ордуна коюп, айтканыңардын ага кандай тиери жөнүндө ойлонуп көргүлө. Мүмкүн болсо, жубайыңардын жан дүйнөсүн жаралап алган учуруңар тууралуу ойлонгула. Кеп эмне деп айтканыңарда эмес, сөзүңөрдүн жубайыңарга кандай тийгенинде болгондуктан, андайда эмне жөнүндө айтканыңар тууралуу ойлонбогула. Анын ордуна, жубайыңардын көңүлүн оорутпай кантип айтсаңар болмоктугун ойлонуп көргүлө. Ыйык Китепте: «Жумшактык менен айтылган жооп каарды токтотот, ал эми жүрөк ооруткан сөз ачууну козгойт»,— делет (Накыл сөздөр 15:1).

Бири-бирин сыйлаган жубайлардан үлгү алгыла. Эгер кемсинтерлик сөздөрдү сүйлөп көнүп калышыңарга жаман чөйрө таасир этип келген болсо, жакшы адамдардан үлгү алганга аракет кылгыла. Мисалы, бири-бирин урматтап-сыйлаган жубайларга көңүл буруп, алардан үлгү алгыла. (Ыйык Китептеги принцип: Филипиликтер 3:17.)

Мурунку кезиңерди эстегиле. Суук сөздөрдү айтууга тилди ооздуктай билбегендик себеп болбойт. Андай сөздөр чынында жүрөктөн чыгат. Андыктан жубайыңар жөнүндө жаман ойлобой, анын жакшы сапаттары тууралуу ойлогонго аракет кылгыла. Экөөңөр чогуу кылгандан ырахат алган иштерди эстегиле, эски сүрөттөрүңөрдү көргүлө. Силерге эмне кубаныч тартуулачу? Бири-бириңерди эмне үчүн жактырып калдыңар эле? (Ыйык Китептеги принцип: Лука 6:45.)

Кандай сезимде болоруңарды айткыла. Жубайыңарды күнөөлөгөндүн ордуна, өзүңөрдүн кандай сезимде болгонуңарды айткыла. Мисалы, «Дайыма мени менен кеңешпей иш кыласың!» дебестен, «Мени менен кеңешпей иш кылганыңда, менин пикирим маанилүү эмес окшойт деп ойлоп калам» дегениңердин натыйжасы жакшы болушу мүмкүн. (Ыйык Китептеги принцип: Колосалыктар 4:6.)

Сөздү ырбатпагыла. Сөз ырбап, урушка айланып баратса, башка учурда сүйлөшкөнүңөр оң. Уруш күчөп баратса, сөздү токтотуп, ачууңар тараганга чейин, кетип калганыңар жакшы. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 17:14.)

Суук сөздөрдү айтууга тилди ооздуктай билбегендик себеп болбойт. Андай сөздөр чынында жүрөктөн чыгат