Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Кечириш үчүн...

Кечириш үчүн...

КӨЙГӨЙ

Өмүрлүк жарыңар менен кер-мур айтыша кеткенде өткөн ишти козгоп, артка таштап салыш керек болгон таарынычтарыңарды эстеп, айтып киресиңерби? Эмне себептен ушундай болушу мүмкүн? Экөөңөрдүн бирөөңөр же экөөңөр тең кечиргенди билбешиңер ыктымал.

Силерде ушундай көйгөй бар болсо, кечиргенге үйрөнө аласыңар. Адегенде, келгиле, жубайларга бири-бирин кечирүү эмне үчүн кыйынга турарын карап көрөлү.

КӨЙГӨЙДҮН ТАМЫРЫ

Өзүнүкүн көздөө. Айрымдар жубайынын үстүнөн кандайдыр бир деңгээлде бийликке ээ болуш үчүн кечирбей жүрө беришет. Анан келишпестик болгондо, сөзү өтүмдүү болуш үчүн же өз максатына жетиш үчүн жарынын мурда кылган туура эмес ишин чукуп киришет.

Таарынуу. Жүрөктөгү так кеткиче көп убакыт керек болот. Жубайлардын бири кечирем деп айтса да, көңүл кири кетпей, жарынан өч алгысы келиши мүмкүн.

Көңүл кайтты болуу. Айрымдар өмүрлүк жары менен жомоктогудай жашайбыз деген ойдо үй-бүлө курушат. Ошондуктан жары менен тил табыша албай калганда, өзүнүн оюн өзгөрткөндүн ордуна, «бардык жагынан төп келет» деген жубайынын эмне үчүн кайчы пикирде болуп жатканын түшүнө албай кыйнала берет. Жок нерсени күтүп алган адамга бирөөнүн кемчиликтери эле көрүнүп калат жана кечирүү кыйын болот.

Туура эмес түшүнүү. Көптөгөн жубайлар кечирүү деген эмне экенин туура эмес түшүнгөндүктөн кечиргиси келбеши мүмкүн. Мисалы, мындай жаңылыш ойлор келиши ыктымал:

Кечирип койсом, кылганы олуттуу эмес дегендей болуп калам.

Кечирип койсом, баарын унутушум керек болот.

Кечирип койсом, кийин да ошенте берет.

Чынында, кечирүү катанын олуттуулугун төмөндөтүүнү, баарын унутууну, кетирген катасын кайталаганга шарт түзүп коюуну билдирбейт. Бирок кечирүү оңой эмес, өзгөчө, жубайларга бири-бирин кечирүү кыйынга турат.

 ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Кечирүү эмне экенин туура түшүнгүлө. Ыйык Китептеги «кечирүү» деген сөз «коё берүү» деген да маанини туюнтат. Андыктан кечирүү болгон нерсени сөзсүз унутууну же катанын олуттуулугун төмөндөтүүнү билдирбейт. Ал өзүңөргө эле жакшы болуш үчүн жана ортоңордогу ынтымагыңар ыдырабашы үчүн таарынычты коё берүүнү, тагыраак айтканда, көз жумуп коюуну билдирет.

Кечирбей коюу кесепеттүү экенин ойлогула. Нике боюнча адистер таарыныч адамдын ден соолугуна жана эмоциялык саламаттыгына зыян келтирерин айтышат. Таарынып жүрө берген адам никесине доо кетиргенден тышкары, депрессияга чалдыгышы, артериялык кан басымы жогорулашы толук ыктымал. Ошол себептен Ыйык Китепте: «Бири-бириңерге кайрымдуу, боорукер болгула... Бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле»,— деп жазылганы бекеринен эмес (Эфестиктер 4:32).

Кечирүүнүн пайдалуу экенин эстен чыгарбагыла. Кечиримдүүлүк жубайыңардын кемчилик-каталарын эсептей бербегенге, анын ниетинин таза экенинен шектенбегенге жардам берет. Бул болсо таарынычка алдырбай, бири-бириңерге ого бетер ынак болгонго өбөлгө түзөт. (Ыйык Китептеги принцип: Колосалыктар 3:13.)

Жок нерсени күтүп албагыла. Жубайыңар кандай адам болсо, ошондой кабыл алсаңар, аны кечирүү оңой болот. Нике тууралуу жазылган бир китепте жубайлар өмүрлүк жарынын кемчиликтерине эле көңүл бура беришсе, анын жакшы сапаттарын эсинен чыгарып коюшары айтылган жана жубайынын кемчиликтерине эмес, жакшы сапаттарына көңүл бурганы акылдуулукка жатары жазылган. Ката кетирбеген бир да адам жок экенин эсиңерден чыгарбагыла («Fighting for Your Marriage»). (Ыйык Китептеги принцип: Жакып 3:2.)

Акыл-эстүү болгула. Жубайыңар туура эмес сүйлөп же туура эмес кылып көңүлүңөрдү оорутканда: «Ал ушунчалык эле жаман нерсе кылдыбы? Кечирим сурашын талап кылышым керекпи же көз жумуп койсом болобу?» — деп ойлонуп көргүлө. (Ыйык Китептеги принцип: 1 Петир 4:8.)

Зарыл болсо, ачык сүйлөшкүлө. Таарынышыңарга эмне себеп болгонун жана эмне үчүн капа болуп калганыңарды жылуу-жумшак айткыла. Жубайыңардын ниетинин тазалыгынан шек санагандан же аны айыптап киргенден алыс болгула. Антпесе жубайыңар өзүн коргой башташы ыктымал. Ошондуктан жубайыңардын кылганына эмне үчүн капа болгонуңарды гана айтканыңар жакшы.