Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 Мукабадагы Тема

Өмүрдү эмне үчүн кыйбоо керек?

Өмүрдү эмне үчүн кыйбоо керек?

ДИАНА * башкалар менен пикирлешкенди жакшы көргөн, акылдуу, жайдары кыз. Бирок сыртынан ошондой көрүнгөнү менен, жүрөгүндөгү бук кылган зили бир нече күнгө чейин кетпей, атүгүл жумалап, айлап жүрө берет. Ал мындай дейт: «Өлүмдү ойлобогон бир да күнүм болбойт. Жашабай эле койсом, жакшы болмок деп ойлоно берем».

«Айрым изилдөөлөр аныктагандай, өз өмүрүн кыйгандардын эки жүзү мурда өзүн өлтүргөнгө аракет кылган, ал эми төрт жүзү ал жөнүндө ойлонуп жүргөн» («ГАЗЕТТ», МОНРЕАЛЬ, КАНАДА).

Диана эч качан өз өмүрүн кыймак эместигин айтат. Бирок ага жашоонун кызыгы кетип калгандай көрүнөт. Ал: «Кандайдыр бир кырсык болуп, өлүп калсам экен дей берем. Өлүм мага душмандай эмес, досумдай сезилет»,— дейт.

Диананыкындай сезимде болгондор көп. Алардын айрымдары өз жанын кыюуну ойлонуп, өзүн-өзү өлтүргөнгө аракет кылууда. Адистер андай адамдардын, чынында, өлгүсү келгендиктен эмес, кыйынчылыктан арылгысы келгендиктен өз өмүрүнө кол саларын баса белгилешет. Кыскасын айтканда, алар өлгөнгө себеп бар деп эсептешет. Андай кишилердин жашаганга себеп бар экенин билгени маанилүү.

Анда өмүрдү кыйбаганга кандай үч себеп бар экенин карап көрөлү.

^ абз. 3 Ысмы өзгөртүлдү.