Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТӨГӨРӨКТҮН ТӨРТ БУРЧУНДА

Көңүл чордонунда дин

Көңүл чордонунда дин

Биримдикке өбөлгө түзөт деп эсептелип келгени менен дин көп учурда жаңжалдарга себеп болуп, шек туудуруп, кооптонтуп келет.

Дүйнө жүзү

Дүйнөдөгү калктын төрттөн үч бөлүгүнүн көбүрөөгү динге өлкөнүн саясатынан же социалдык кастыктан улам көп чектөөлөр коюлган мамлекеттерде жашайт. Акыркы беш жылдын ичинде диний азчылыкка каршы багытталган кыянат иштер жасалган өлкөлөрдүн саны дээрлик эки эсеге өскөн.

ОЙЛОНУП КӨРСӨҢӨР: Кандай себептерден улам айрымдар динге карата терс көз карашта? (Матай 23:27, 28; Жакан 15:19)

Англия

Бир гезитке ылайык, Англиянын мурунку премьер-министри Тони Блэр жакында эле болгон террордук иш-аракеттерге, негизинен, «чектен чыккан динчилдик» түрткү болгонун айткан. Ошондой эле: «Ушул кылымдагы кагылышуулар, 20-кылымдагыдан айырмаланып, чектен чыккан саясий идеологиядан улам эмес, маданий жана диний айырмачылыктардан улам тутанууда»,— деп кошумчалаган («Observer»).

ОЙЛОНУП КӨРСӨҢӨР: Эмне үчүн дин бөлүнүп-жарылуунун негизги себеби болууда? (Марк 7:6—8)

Австралия

Австралиянын статистика бюросунун отчётунун негизинде өлкөдө жашаган беш кишинин бири эч бир динди тутпай турганы аныкталган. Отчётто атүгүл «кайсы бир динди тутуу деле диний иштерге жигердүү катышууну билдирбей» турганы айтылган. Дин туткан эркектердин 15, ал эми аялдардын 22 пайызы гана диний жамааттын иштерине жигердүү катышарын билдиришкен.

ОЙЛОНУП КӨРСӨҢӨР: Бүгүнкү күндөгү диндердин көбүнүн кандай терс жактары бар? (Матай 7:15—20)