Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Кайын журт менен болгон мамиле

Кайын журт менен болгон мамиле

КӨЙГӨЙ

«Бир жолу жубайым экөөбүздүн ортобузда кыйынчылык болгондо, ал ошол тууралуу ата-энесине айтыптыр. Анан кайнатам мени чакырып алып, кеңеш берген. Ошондо аябай жаман болгом» (Жеймс) *.

«Кайненем жолдошумдун мурунку кезиндегисин сагынарын, экөө аябай жакын болгонун айта берет. Ал ошенткен сайын, баласына турмушка чыгып, жүрөгүн оорутканыма өзүмдү күнөөлүү сезем» (Наташа).

Кайын журт менен болгон кыйынчылыктар жубайлардын ортосуна жик салбашы үчүн эмне кылыш керек?

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

Нике жаңы үй-бүлөнү жаратат. Үй-бүлө курган эркек жөнүндө Ыйык Китепте: «Ата-энесин калтырып, аялы менен биригет»,— деп айтылат. Турмушка чыккан кыз жөнүндө да ушуну эле айтууга болот. Ыйык Китепте күйөөсү менен аялы «бир дене» болуп калары жазылат. Баш кошкон соң алар өзүнчө бир үй-бүлө болот (Матай 19:5).

Эң биринчи орунда никеңер турушу керек. «Жубайлардын мамилесиндеги эң маанилүү нерсе — „биз“ деген түшүнүктү жүрөккө бекем орнотуу»,— дейт никеге байланыштуу кеңеш берген Жон Готтман деген бир адис. Ал өзүнүн китебинде: «Жубайыңар менен тилектеш, пикирлеш болуш үчүн мурунку үй-бүлөңөрдөн кандайдыр бир деңгээлде бөлүнүү жана алыстоо талап кылынышы мүмкүн»,— деп жазган («The Seven Principles for Making Marriage Work»).

Ата-энелер көнүшү керек болот. Үй-бүлөлүү бир жигит мындай дейт: «Мага турмушка чыкканга чейин келинчегим ата-энесинин айтканынан чыкчу эмес экен. Ал эми экөөбүз баш кошкондон кийин кызынын мурункудай болбой калганына кайненем бир топко чейин көнө албай жүрдү».

Жубайлар да көнүшү керек болот. «Кайын журтту дос тандагандай тандабайсың,— дейт жогоруда айтылган Жеймс.— Бул бирөө сага келип: „Жагабы, жакпайбы, эми сенин эки досуң болот“,— деп айтканга эле окшош. Кыжырыңды келтирсе да, алар сенин туугандарың болуп кала берет».

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Эгерде өмүрлүк жарыңар менен силердин ортоңордо кайын журт маселесине тиешелүү кандайдыр бир көйгөй пайда болсо, аны биргелешип чечкенге аракет кылгыла. Ыйык Китепте: «Тынчтыкты издеп, ошого умтулгула»,— деген кеңеш жазылган (Забур 34:14).

Бул кеңешке ылайык иш кылууга төмөндө жазылган мисалдар жардам берет. Бул мисалдардын биринде аялдардын, биринде күйөөлөрдүн жагдайлары жазылганы менен, аларда айтылгандар жубайлардын экөөнө тең тиешелүү жана кайын журтка байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет.

Аялыңар апасына жакшыраак мамиле кылышыңарды каалайт. Бирок силерге кайненеңер менен келишүү кыйын.

Колдонуп көргүлө: Бул тууралуу жубайыңар менен сүйлөшүп, ага ылайыкташууга даяр болгула. Анткени кеп кайненеңер менен болгон мамилеңерде эмес, «өмүр бою сүйөм» деп убада берип алган жарыңар менен болгон мамилеңерде. Ошондуктан жубайыңар менен чогуу отуруп, кайненеңер менен болгон мамилеңерди жакшырта турган бир же эки нерсеге токтолгула. Анан ошого ылайык иш кылганга аракет кылгыла. Ошентсеңер, аракетиңерди көрүп, жубайыңар силерди мурункудан да көбүрөөк урматтап калары шексиз. (Ыйык Китептеги принцип: 1 Корунттуктар 10:24.)

Жолдошуңар силер үчүн анын оюна караганда ата-энеңердики маанилүүрөөк экенин айтат.

Колдонуп көргүлө: Бул көйгөй жөнүндө жолдошуңар менен сүйлөшүп, анын көз карашын түшүнгөнгө аракет кылгыла. Бул жерде, албетте, маселе ата-энеге тийиштүү түрдө урмат-сый көрсөтүүдө болуп жаткан жок (Накыл сөздөр 23:22). Балким, жолдошуңарды сөзүңөр менен да, ишиңер менен да силер үчүн ата-энеңердикине караганда анын ою маанилүүрөөк экенине ынандырышыңар керектир. Эгер анын ошого көзү жетсе, ага силер ата-энеңерге көбүрөөк көңүл буруп жаткандай сезилбейт. (Ыйык Китептеги принцип: Эфестиктер 5:33.)

Жубайыңар силер менен кеңешпей, ата-энеси менен кеңешет.

Колдонуп көргүлө: Жубайыңар менен бул тууралуу сүйлөшүп, ата-энеңер менен кеңешүүнүн чегин аныктап алгыла. Бирок акыл-эстүү болуп, тең салмактуу болгонго аракет кылгыла. Ата-энеңерден кеңеш суроо дайыма эле туура эмеспи? Андай кылуу кандай учурларда орундуу? Эгер ушу нерселерди чечип алсаңар, силерде мындай көйгөй болбойт. (Ыйык Китептеги принцип: Филипиликтер 4:5.)

^ абз. 4 Макаладагы ысымдар өзгөртүлдү.