Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Кымындай клеткадагы килейген китепкана

Кымындай клеткадагы килейген китепкана

1953-ЖЫЛЫ Жеймс Уотсон жана Фрэнсис Крик деген молекулалык биологдордун ачылышынан кийин тиричиликке карата илимий көз караш кескин түрдө өзгөргөн. Алар ДНКнын * кош спираль түрүндө экенин аныкташкан. Көбүнчө клетканын ядросунда жайгашкан чыйратылган жип сымал ошол затта коддолгон, мындайча айтканда, «жазылган» маалымат камтылгандыктан, кымындай клетканын килейген тирүү китепкана экендиги айкын болгон. Ошондон кийин биология тармагында жаңы доор башталган. Бирок клеткада андай маалыматтын болушунун кандай зарылдыгы бар? Андан да кызыктуусу, ал маалымат кантип пайда болгон?

МААЛЫМАТТЫН ЗАРЫЛДЫГЫ

Кенедей уруктан кантип бак өсүп чыгарын, уруктандырылган энелик клеткадан кантип адам өрчүүрүн же ата-эненин сырткы өзгөчөлүктөрү балага кантип өтөрүн ойлонуп көрдүңөр беле? Бул суроолордун жообу ДНКдагы маалымат менен түзмө-түз байланышта.

Буралган узун шаты өңдөнгөн татаал ДНК молекуласы дээрлик бардык клеткаларда болот. Адамдын геномундагы (ДНКнын толук жыйындысы) шатылар химиялык заттардан куралган үч миллиарддай «тепкичтен» турат. Окумуштуулар ал тепкичтерди жупталган негиздер деп аташат, анткени ар бири эки химиялык заттан турат, ал эми жалпысынан, ошондой заттардан төртөө бар. Ал заттар аталыштарынын баш тамгалары менен А, Ц, Г, Т деп аталып *, 4 тамгадан гана турган алфавитти түзөт. 1957-жылы Крик ДНКнын так ошол «тепкичтеринин» белгилүү бир тартиптеги ырааттуулугу коддолгон буйруктар экенин божомолдоп чыккан. Ал эми 1960-жылы окумуштуулар ал кодду түшүнө башташкан.

Сүрөт, үн же сөз түрүндө болобу, кандай маалымат болбосун, ар кандай жолдор менен сакталат жана иштетилет. Мисалы, компьютер бардык маалыматты санарип түрүндө сактайт жана иштетет. Ал эми тирүү клеткадагы маалымат химиялык жол менен сакталат жана иштетилет, бул процессте негизги ролду ДНК ойнойт. ДНКдагы маалымат тиричиликти өзгөчөлөгөн эң негизги процесстердин учурунда — клеткалар бөлүнгөндө жана организмдер көбөйгөндө — көчүрүлөт.

Клеткалар ал маалыматты кандайча колдонот? Муну түшүнүш үчүн ДНКны ар бир баскычында эмнеден кийин эмне жасалышы жана кантип жасалышы керектиги так жазылган рецепттердин жыйындысына салыштырса болот. Бирок бул жагдайда рецепттин натыйжасында нан же торт эмес, капуста же уй «жасалат». Тирүү клеткаларда андай кадамдардын баарынын автоматтык түрдө жасалышы эң бир татаал, түшүндүрүп бере алгыс дагы бир чоң табышмак.

Бактериянын клеткасындагы маалымат миң беттүү китепти түзмөк

Генетикалык маалымат керектүү учурга чейин, алсак, эски жана оорулуу клеткаларды алмаштыруу же тукум куума белгилерди өткөрүп берүү керек болгон учурга чейин сакталат. ДНКда канчалык көп маалымат камтылат? Мисалга эң кичинекей деп эсептелген организмдердин бирин, бактерияны, алалы. Бернд-Олаф Куперс деген окумуштуу: «Бир бактерия клеткасынын түзүлүшүн аныктаган молекулалык текстти кадимки текстке салыштыра турган болсок, ал миң беттүү китепти түзмөк»,— деген. Мына ошондуктан химик Дэвид Димер: «Эң жөнөкөй түзүлүштөгү организмдин ушунчалык татаал болгону мени аябай таң калтырды»,— деген. Ал эми адамдын геному тууралуу эмне деп айтууга болот? Куперс андагы маалымат «бир нече миң том китептен турган китепкана болмоктугун» айткан.

ТҮШҮНӨ АЛА ТУРГАНДАЙ КОД

Куперстин айтымында, ДНКда «жазылган» маалыматты «молекулалык-генетикалык тил» деп атоо жөн гана салыштыруу иретинде колдонулган метафора эмес. Анткени, кадимки тил сыяктуу эле, ДНКнын өзүнүн «грамматикасы», башкача айтканда, эрежелери бар. Алар андагы буйруктардын «жазылышын» жана аткарылышын тактык менен жөнгө салып турат.

ДНКнын алфавитиндеги тамгалардан «сөздөр» менен «сүйлөмдөр» куралып отуруп организмдин клеткаларын түзгөн белоктор менен башка заттардын «рецепти» пайда болот. Мисалы, сөөк, булчуң, нерв же тери клеткалары ошондой рецепттердин негизинде жаралат. «ДНК жиби — бул ар бир тамгасы бир химиялык затты билдирген химиялык кодду камтыган маалымат,— дейт биолог-эволюционист Ричард Докинз.— Таң калыштуусу, ал код биз түшүнө ала тургандай болуп жазылган».

Дөөтү пайгамбар Кудайга кайрылып: «Көздөрүң мени түйүлдүк кезимде эле көргөн. Денемдин бардык бөлүктөрү... китебиңе жазылып коюлган»,— деген (Забур 139:16). Албетте, Дөөтү поэзиялык тилди колдонгон. Ошентсе да ал, Ыйык Китепти жазууга катышкан башка кишилер сыяктуу эле, туура нерсени жазган. Ыйык Китепти жазган ал пайгамбарлардын бирине да байыркы элдердин чындыкка коошпогон уламыштары таасир эткен эмес (2 Шемуел 23:1, 2; 2 Тиметей 3:16).

Ата-эненин сырткы өзгөчөлүктөрү балага кантип өтөт?

ДНКДАГЫ МААЛЫМАТ КАНТИП ПАЙДА БОЛГОН?

Адатта, окумуштуулар ачылыш жасаганда бир эшикти ачкандай болот, бирок анын артында дагы бир жабык эшик турган болот. ДНК тууралуу да ушуну айтууга болот. ДНКнын коддолгон маалыматты камтый турганы ачылганда: «Ал маалыматтын булагы барбы?» — деген суроо туулган. Албетте, эң биринчи ДНК молекуласынын кантип жаралганын бир да киши көргөн эмес. Ошондуктан аны тек гана божомолдоого болот. Бирок божомол деле бир нерсеге негизделет. Төмөнкү мисалга көңүл бурсаңар.

  • 1999-жылы Пакистанда эч ким түшүнө албаган жазуулары бар абдан эски чопо идиш табылган. Ал жазуулардын мааниси азыркыга чейин сыр бойдон калууда. Анткен менен аларды адамдар жазганына эч ким шектенбейт.

Мындан кандай жыйынтык чыгарууга болот? Чопо идиштеги жазуулар болобу же дагы башка маалымат болобу, кандай болбосун, адамдар ар маалыматтын артында аң-сезимдүү бирөө турат деп эсептешет. Андай бүтүмгө келиш үчүн ал маалыматтардын кантип жаралып жатканын өз көзүбүз менен көрүүнүн зарылдыгы деле жок. Бирок адам баласына белгилүү болгон эң татаал кодго — ДНКдагы кодго — келгенде, көптөр эмнегедир анын артында аң-сезим турарын четке кагышат: алар аны аң сезимдин катышы жок процесстер менен түшүндүрүшөт. Бул акылдуулукка, калыстыкка жатабы? Илимий көз караш болуп саналабы? Көптөгөн беделдүү окумуштуулар бул суроолорго жок деп жооп беришет. Мисалы, Гин Хвангдын жана Ян-Дер Хсунун айткандарына көңүл буралы.

Профессор Гин Хванг генетиканын математикалык негизин изилдейт. Ал мурун эволюцияга ишенчү, бирок изилдөө жүргүзгөнүнүн натыйжасында оюн өзгөрткөн. Ал: «Генетиканы изилдөөнүн аркасында тиричиликтин механизмин тереңирээк түшүнүп, Жараткандын акылмандыгына айран-таң болдум»,— деп айткан.

Тайвандагы бир университетте түйүлдүктү изилдөө ишин жетектеген профессор Ян-Дер Хсу да мурун эволюцияга ишенчү. Анын да көз карашынын өзгөрүшүнө жүргүзгөн изилдөөсү себеп болгон. Ал клеткалардын бөлүнүп, белгилүү бир органды түзүшү жөнүндө мындай деген: «Керектүү клеткалар керектүү тартипте, керектүү жерде пайда болушу керек. Алгач алардан түйүлдүктүн ткандары, ал эми ткандардан органдары жана колу-буту пайда болот. Бир да инженер ушундай процессти жөнгө салган системаны долбоорломок турсун, долбоорлоону кыялдана да албайт. Ал эми ДНКда түйүлдүктүн кандай тартипте өрчүшү керектиги таптак жазылган. Тиричиликти Кудай долбоорлогонуна ынанышыма так ушул кереметүү процессти изилдегеним себеп болду».

Гин Хванг (солдо) жана Ян-Дер Хсу (оңдо)

АНЫГЫН БИЛҮҮ МААНИЛҮҮБҮ?

Эгер тиричиликти Кудай жараткан болсо, анда жашообуз үчүн эволюцияга эмес, Кудайга милдеттүүбүз жана бардык атак-даңк ага ыйгарылышы керек (Аян 4:11). Ошондой эле чексиз акылман Жараткандын колунан бүткөн болсок, жаралышыбыздын максаты болушу керек. Ал эми кокусунан пайда болгон болсок, пайда болгонубуз максаттуу болушу мүмкүн эмес *.

Терең ой жүгүрткөн кишилер суроолоруна канааттандырарлык жооп издешет. Неврология жана психиатрия профессору Виктор Франкл: «Жашоонун маңызын издөө адамга түрткү берүүчү негизги күч болуп эсептелет»,— деген. Башкача айтканда, бизде канааттандырууну талап кылган рухий муктаждык бар. Эгер кокусунан пайда болсок, андай муктаждыгыбыз болмок эмес. Ал эми Кудай жаратса, ал ошол муктаждыгыбыздын канааттандырылышына кам көргөнбү?

Иса Машаяк бул тууралуу: «Адам нан менен гана эмес, Жахабанын [Кудайдын] оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт»,— деп айткан (Матай 4:4). Жахаба Кудайдын Ыйык Китепке жаздырган сөздөрүн окуунун аркасында миллиондогондор жашоонун маңызын таап, келечекке үмүт байлап, рухий муктаждыгын канааттандырууда (1 Тесалоникалыктар 2:13). Мындай мүмкүнчүлүк силерде да бар. Ыйык Китеп, чын эле, силердин окуп көрүшүңөргө арзый турган өзгөчө китеп.

^ 3-абз. Уотсон менен Крик ДНКга (дезоксирибонуклеин кислотасы) байланыштуу изилдөөлөрүн аларга чейин жасалган изилдөөлөргө негиздеген (« ДНКнын тарыхы» деген кутучаны карагыла).

^ 6-абз. Толук аталышы: аденин, цитозин, гуанин жана тимин.

^ 21-абз. Кеңири маалыматты www.mt711.com/ky сайтындагы «Тиричилик өзүнөн өзү пайда болгонбу?» деген китепчеден таба аласыңар.