Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жан аябас кызматчылар Микронезияда

Жан аябас кызматчылар Микронезияда

КОШМО ШТАТТАРДА чоңойгон Кэтрин 16 жашында өмүрүн Жахаба Кудайга арнап, чөмүлгөн. Ал ынталуу кызмат кылчу, анткен менен ал жашаган жакта көптөр Падышалык жөнүндөгү кабарга кызыкчу эмес. Кэтрин: «Кудайдан аны таанып-билүүгө жардам бере турган бирөөнү жиберишин сурап тиленген кишилер жөнүндө окуп калчумун. Ошондой кишилерге абдан жолуккум келчү, бирок такыр жолукчу эмесмин»,— дейт.

Ал бир нече жыл кызмат кылгандан кийин эл кабарды жакшыраак уккан жерге көчүп барууну ойлоно баштайт. Бирок максатына жетерине шектенген, себеби ага чейин өмүрүндө бир эле жолу үйүнөн алыс кеткен эле. Ошол эки жуманын ичинде үйүндөгүлөрүн аябай сагынып, аларды күн сайын ойлой берген болчу. Анткен менен башкаларга Жахабаны таанып-билүүгө жардам берип, ошондон кубаныч алууну ушунчалык каалагандыктан Кэтрин муктаждык бар жакка көчүп барууну чечет. Жарчыларга муктаждык бар бир нече өлкө жөнүндө ойлонуп көрүп, көбүрөөк маалымат алыш үчүн Гуамдагы филиалга кат жазат. Ошентип, ал 2007-жылы июль айында 26 жашында үйүнөн 10 000 километрдей алыстыкта жайгашкан Сайпан аралына көчүп кетет. Тынч океандагы ал аралда аны кандай окуялар күтүп турган?

ЭКИ ТИЛЕНҮҮГӨ ЖООП

Жаңы жыйналышка келгенинен көп өтпөй Кэтрин Ыйык Китепти изилдегиси келген 45 жаштардагы Дорис деген аялга жолугат. Аны менен «Ыйык Китеп окутат» китебинин алгачкы үч бөлүмүн изилдегенден кийин бир нерсеге тынчсыздана баштайт. Дорис Ыйык Китепти аябай жакшы изилдеп жаткандыктан, Кэтрин аны менен изилдөө өткөрүүгө өзүн татыксыз сезип, бушайман болот. Ал: «Мурун кимдир бирөө менен Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдеп көргөн эмес элем. Ошондуктан Дорис менен Ыйык Китепти өзү курдуу, тажрыйбалуураак бирөө изилдесе жакшы болмок деп ойлодум»,— дейт. Жахабадан ылайыктуу бир тууганды таап беришин сурап тиленгенден кийин Кэтрин ал маселе тууралуу Дориске айтмакчы болот.

«Дориске чечимимди айткыча, ал башынан өткөрүп жаткан бир кыйынчылыгы менен бөлүшүп калды,— деп эскерет Кэтрин.— Аны уккандан кийин Жахабанын мага так эле ошондой жагдайда кантип жардам бергенин айтып бердим. Ал ыраазычылыгын билдирди». Анан Дорис Кэтринге мындай деген: «Мага жардам бериш үчүн Жахаба сени колдонду. Үйүмө эң биринчи жолу келгениңде, мен Ыйык Китепти бир нече сааттан бери окуп жаткам. Ыйлап, Кудайдан Ыйык Китепти түшүндүргөнгө  кимдир бирөөнүн жиберишин сурап тиленип жаткан болчумун. Анан эле сен эшикти тыкылдатып калдың. Ошентип, Жахаба тиленүүмө жооп берди!» Кэтрин ал окуяны айтып берип жатканда көзүнө жаш тегеренип: «Дористин айткандары тиленүүмө жооп болду. Жахаба мени аны менен изилдей аларыма ынандырды»,— деген.

Дорис 2010-жылы чөмүлгөн. Азыр ал өзү да бир нече киши менен изилдөө өткөрүп жатат. Кэтрин: «Жүрөгү таза кишиге Жахабанын кызматчысы болууга жардам берүүгө болгон каалоом акыры ишке ашканына аябай сүйүнөм!» — дейт. Бүгүнкү күндө ал Тынч океандагы Косрае деген аралда атайын пионер болуп кызмат кылууда.

ҮЧ КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ КАНТИП ЖЕҢСЕ БОЛОТ?

Учурда 19дан 79 жашка чейинки жүздөн ашуун чет өлкөлүк бир туугандар Микронезиянын жарчылар көбүрөөк керек болгон жерлеринде кызмат кылып жатышат. Ал ынталуу кызматчылардын сезимдерин Гуамга 2006-жылы 19 жашында көчүп барган Эриканын айткандары чагылдырып турат. Эрика: «Элдер чындыкка суусаган аймакта пионер болуп кызмат кылуу ушунчалык сонун. Кызматтын ушундай түрүн аркалашыма жардам бергенине Жахабага чексиз ыраазымын. Бул — жашоонун эң мыкты жолу!» — деп айтат. Бүгүнкү күндө ал Маршалл аралдарына кирген Эбейе аралында атайын пионер болуп кызмат кылууда. Албетте, башка өлкөдө кызмат кылууда кыйынчылыктар болбой койбойт. Келгиле, азыр ошол кыйынчылыктардын үчөөнө токтолуп, Микронезияга көчүп барган бир туугандар аларды кантип жеңишкенин карап көрөлү.

Эрика

Жашоо шарттын өзгөрүшү. Саймон 2007-жылы 22 жашында Англиядан Палау аралына көчүп барган. Көп өтпөй ал Палаудан иштеп-тапкан маянасы өзүнүн мекенинде тапканына салыштырмалуу кымындай эле акча болуп каларын түшүнгөн. «Мен каалаганымдын баарын эле сатып ала бербегенге үйрөндүм,— дейт ал.— Азыр эмнени сатып алыш керектигин кылдат ойлоном жана арзаныраагын табыш үчүн башка жактардан да карап көрөм. Бир нерсе бузулуп калса, ага керектүү нерсени колдонулган буюмдар сатылган жерлерден издеп көрөм жана аны алмаштырыш үчүн бирөөлөрдөн жардам сурайм». Жөнөкөй жашоо Саймонго кандай таасир эткен? Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Мунун аркасында жашоодо чынында эмне зарыл экенин жана аз эле нерсеге топук кылып жашаса болорун түшүндүм. Жахабанын мага кам көрүп жатканына көп жолу ынандым. Бул жерде кызмат кылып жатканыма жети жыл болду, бирок ушуга чейин тамак-ашсыз, түнөк-жайсыз калган учурум болгон жок». Ырас, Падышалыктын иштерин биринчи орунга коюш үчүн жөнөкөй жашаган кызматчыларын Жахаба колдойт (Мт. 6:32, 33).

Үйдү сагынуу. Эрика: «Мен үйүмдөгүлөргө аябай жакын болчумун. Ошондуктан үйдү сагынганым кызматыма терс таасир этеби деп коркчумун»,— деп айтат. Өзүн даярдаш үчүн ал эмне кылган? Ал мындай дейт: «Көчүп кеткенге чейин „Күзөт мунарасынан“ үйдү сагынууга байланыштуу макалаларды  окудум. Ошол макалалардын биринде бир эненин кызына: „Жахаба сага менден да жакшы кам көрө алат“ — деп, аны Жахабанын кам көрөрүнө ынандырганы жазылган экен. Ал сөздөр мени да абдан бекемдеди». Жолдошу Патрик менен Маршалл аралдарынын борбор шаары Мажуродо кызмат кылган Ханна үйдү сагынып, куса болбош үчүн жыйналышындагы бир туугандар менен көбүрөөк пикир алышат. Ал: «Мен Жахабага бүткүл дүйнөлүк бир туугандык үчүн дайыма ыраазычылык билдирем, анткени алар да менин үй-бүлөм. Алар колдоп-бекемдеп турбаса, жарчыларга муктаждык бар жерде эч качан кызмат кыла албайт болчумун»,— деп айтат.

Саймон

Дос табуу. Саймон башка өлкөдө баары башкача болорун, кээде достору менен тамашалашып, бири-биринин тамашасын жакшы түшүнгөн учурларды сагынарын айтат. Эрика болсо: «Башында жалгызсырап жүрдүм. Бирок бул мага биякка эмне үчүн келгенимди ойлонууга түрткү берди. Мен бул жакка пайда көрүш үчүн эмес, Жахабага көбүрөөк кызмат кылыш үчүн келгем»,— дейт. Анан: «Убакыттын өтүшү менен сонун досторду таптым, мен аларды абдан баалайм»,— деп кошумчалайт. Саймон палау тилин үйрөнүш үчүн көп күч жумшагандыктан, жергиликтүү бир туугандарга жүрөгүн «кенен ача» алган (2 Кор. 6:13). Анын тил үйрөнүүгө аракет кылып жатканын көрүп, бир туугандар да ага тартылышкан. Ооба, чет өлкөдөн келген бир туугандар менен жергиликтүү бир туугандар ийиндеш туруп кызмат кылганда, алардын ортосунда ынак достук мамиле пайда болот. Муктаждык бар жерде жан аябастык менен кызмат кылгандар дагы кандай сыйлык алышат?

«КӨП ЖЫЙНОО»

Элчи Пабыл: «Көп сепкен көп жыйнайт»,— деп жазган (2 Кор. 9:6). Анын сөздөрү Жахабага көбүрөөк кызмат кылууну чечкендерге да тиешелүү. Андай жарчылар Микронезияда кандай түшүм «жыйнап» жатышат?

Патрик менен Ханна

Микронезияда изилдөө баштай турган, Кудайдын Сөзүнөн окуп-билгендерин жашоосунда колдонуп, рухий жактан ийгиликтерди кыла турган адамдар дагы деле көп. Патрик менен Ханна 320 эле тургуну бар Ангаур деген чакан аралда да кызмат кылышкан. Ал жакта эки айдай кабар айтышкандан кийин алар бир жалгыз бой энеге жолугушкан. Ал дароо Ыйык Китепти изилдөөгө макул болуп, чындыкты кабыл алып, көп жагынан өзгөргөн. Ханна ал тууралуу мындай дейт: «Аны менен изилдөө өткөрүп бүтүп, велосипеддерибиз менен үйдү көздөй жөнөгөн сайын бири-бирибизди карап: „Жахабага рахмат!“ — деп айтчубуз... Албетте, Жахаба аны башка жолдор менен деле чындыкка алып келмек. Бирок муктаждык бар жерде кызмат кылуунун аркасында ошол кой мүнөздүү эжеге Жахабаны таап, аны таанып-билүүгө жардам бере алдык. Бул — жашообуздагы эң чоң баталардын бири!» Чын эле, Эрика айткандай, «кимдир бирөөгө Жахабаны таанып-билүүгө жардам берсең, чексиз кубанычка ээ болосуң!»

СЕН ДАГЫ БАРА АЛАСЫҢБЫ?

Көп өлкөлөрдө Падышалыктын жарчыларына болгон муктаждык чоң. Сен да ошондой жерлерге көчүп бара аласыңбы? Көбүрөөк кызмат кылууга болгон каалооңду өстүрүш үчүн Жахабадан тилен. Жыйналышыңдагы аксакалдар же райондук көзөмөлчү менен, же болбосо муктаждык бар жерде кызмат кылгандар менен кеңешип көр. Кайсы бир жерге көчүп барууну ойлонуштура баштасаң, ошол аймакка кам көргөн филиалга кат жазып, көбүрөөк маалымат сура *. Учурда дүйнө жүзү боюнча миңдеген жаш жана кары, бойдок жана үй-бүлөлүү жан аябас бир туугандар «көп жыйноонун» канчалык кубаныч тартуулай турганын татып көрүүдө. Балким, бир күнү сен да алардын катарына кошулуп калаттырсың.

^ абз. 17 2011-жылдын августундагы «Падышалык кызматыбызга» чыккан «„Македонияга“ бара аласыңбы?» деген макаланы кара.