Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өспүрүм баланы өз алдынча жашоого даярдоо

Өспүрүм баланы өз алдынча жашоого даярдоо

Үй-бүлөлүк бакыттын сыры

Өспүрүм баланы өз алдынча жашоого даярдоо

«Баланын кичинекей кези кандай жакшы. Бир нерсе айтсаң, айтканыңды эки кылбай шак аткарат. Ал эми бой тартып калганда кулк-мүнөзү өзгөрүп, кебиңди такыр уккусу келбей калат экен. Азыр чоңоюп калган балдарым менен мурункудай рухий иштерди чогуу кыла албай калдык. Кээде алар: „Сөзсүз эле Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөшүшүбүз керекпи?“ — деп сурашат. Башкалардын чоңоюп калган балдары ата-энесинин тилин уккулары келбей калганын көрүп эле жүрчүмүн, бирок менин балдарым да ошентишет деп такыр ойлогон эмес элем» (Режи) *.

СЕНИН да өспүрүм балаң барбы? Эгер бар болсо, балаңдын жашоосундагы эң өткөөл учурду башыңан кечирип жатканың шексиз. Ошол учур бала менен ата-эненин ортосундагы пикир келишпестик менен коштолот. Төмөндө айтылгандар сага таанышпы?

▪ Балаң кичинекей кезинде сага абдан ынак болот. Ал эми чоңойгондо ата-энеге моюн сунгусу келбей, өзү менен өзү болгусу келет. Ошондо өзүңдү ага керегиң жоктой сезип калганың кабатыр кылбай койбойт.

▪ Кызың кичинекей кезинде сенден эч нерсе жашырбай баарын айтып турат. Бой тартып калганда сага караганда курбу кыздарына көбүрөөк тартылып, сени менен иши да болбой калат.

Сен да уулуң же кызың жөнүндө ушундай ойдо болуп жатсаң, «ал оңолбой калды окшойт» дегенге шашылба. Анда алардын жүрүм-турумун кандай деп түшүндүрүүгө болот? Бул суроого жооп алыш үчүн, келгиле, адегенде өспүрүм курак балага кандай таасир этерин карап көрөлү.

Өспүрүм курак

Бала көз жарып, жарык дүйнөгө келгенден тартып чоңойгуча бардык нерсени жашоосунда биринчи жолу жасайт. Мисалы, бир нечесин эле айта турган болсок: биринчи жолу там-туң басканы, тили чыгып биринчи айткан сөзү, биринчи класска барганы. Ошентип, баланын чоңоюп келаткандагы ар бир учуру ата-энеге кубаныч тартуулайт. Жылдар тогошуп убакыт өткөн сайын, ата-эне эңсеген нерсесин — баланын чоңоюп жатканын — көрөт.

Баланын чоңоюп келаткандагы учурларынын бири өспүрүм курак болуп эсептелет. Баланын ошол кези айрым ата-энелер үчүн оор мезгил. Бул түшүнүктүү, анткени ата-энесинин көзүн карап, аларга толук баш ийип жүргөн бала өзүнчө эле түнт болуп, сөз көтөрө албаган өспүрүмгө айланат. Ошентсе да өспүрүм курак баланын чоңоюп келаткандагы эң маанилүү учуру. Кандайча?

Ыйык Китепте өз учуру келгенде «адам ата-энесин таштаары» айтылат (Башталыш 2:24). Андыктан балдар ата-энесинен бөлүнүп, өз алдынча жашоого өспүрүм куракта даярдык көрөт. Өз алдынча бөлүнүп кеткенге чейин алар, элчи Пабылдай болуп: «Бала кезимде баладай сүйлөп, баладай ойлонуп, баладай ой жүгүртчүмүн. Эр жеткенде болсо балага мүнөздүү нерселерди калтырдым»,— деп айта алгыдай болушу керек (1 Корунттуктар 13:11).

Өспүрүм курагында балдар балага мүнөздүү нерселерди калтырып, өз алдынча оокат кылуу үчүн, өз жанын өзү багууга үйрөнөт. Бир эмгекте таамай белгиленгендей, өспүрүм курак «узакка созулган коштошууга» окшош.

Ооба, балаңды же кызыңды баягыдай эле «кичинекей» көрүп, алар өз алдынча жашап кете албайт го деп, минтип ойлошуң ыктымал:

▪ «Балам өз кийимин өзү оңдоп кие албайт, анан кантип кара жанын багат?»

▪ «Кызым эртең менен тургусу келбей араң турат, анан кантип иштейт?»

Эгер силер да ушинтип тынчсызданып жатсаңар, анда төмөндөгү нерсени эске алгыла: бала өз алдынча жашоого бир паста эле үйрөнө калбайт. Ан үчүн узак убакыт талап кылынат. Ал эми өспүрүм кезинде алардын «жүрөгүнө акылсыздык жабышып» алган болот (Накыл сөздөр 22:15).

Эгер балага туура багыт берилсе, ал өспүрүм курагында «түшүнүү жөндөмү... жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө үйрөтүлгөн» жоопкерчиликтүү адам болууга үйрөнөт (Эврейлер 5:14).

Ийгиликтин ачкычы

Балаңар өз алдынча жашап кете алышы үчүн аны өз алдынча чечим чыгарууга үйрөткүлө. Ан үчүн ага «акыл жөндөмүн» өрчүтүүгө жардам берүү кажет * (Римдиктер 12:1, 2). Төмөнкү ыйык китептик принциптер ошентүүгө жардам берет.

Филипиликтер 4:5: «Эстүүлүгүңөр бардык адамдарга белгилүү болсун». Өспүрүм балаң үйгө адаттагыдан кечирээк келүүнү суранды деп коёлу. Сен дароо эле «жок» деп жооп бердиң. Балаң болсо: «Мен чоңойбодумбу, качанкыга чейин эле мага кичинекей балага мамиле кылгандай мамиле кыла бересиңер?!» — деп нааразы болот. «Сен кичинекей болбогондо ким болуп турасың?» — деп жооп берерден мурун төмөндөгүнү эске ал: өспүрүм балдар, адатта, көбүрөөк эркиндик берилишин талап кылса, ата-энелер балдарына көбүрөөк эркиндик берүүгө али эрте деп ойлошот. Балким, айрым учурларда алардын суранычын орундатуу туура болоттур. Же, жок эле дегенде, аларды түшүнүүгө аракет кылуу керектир.

КЕҢЕШ: Балаңды чектей бербей, ага кайсы жактардан көбүрөөк эркиндик берсең болорун кагазга жаз. Сен ага аны сынап көрүш үчүн эле ошондой кылып жатканыңды түшүндүр. Эгер ал ага жоопкерчиликтүү караса, убакыттын өтүшү менен дагы көбүрөөк эркиндик берсең болот. Эгер андай болбосо, баарын мурункудай калтырып койгонуң дурус (Матай 25:21).

Колосалыктар 3:21: «Аталар, балдарыңардын көңүлү чөкпөшү үчүн, аларды кыжырдантпагыла». Айрым ата-энелер балдарын карыш бастырбай, ар бир ишин көзөмөлгө алганга аракет кылышат. Алар атүгүл баласынын ким менен дос болушуна чейин кийлигишишет, телефон аркылуу ким менен эмне деп сүйлөшүп жатканын да аңдышат. Бирок мындан эч майнап чыкпайт. Баланы «тушай» берсең, ал ого бетер качкысы келет; досторун такай эле жамандай берсең, ал аларга ого бетер жабышат; телефон менен сүйлөшкөндөрүн аңдый берсең, ал сага билгизбей алар менен байланышуунун башка жолдорун таап алат. Анын ар бир кадамын канчалык көзөмөлдөгөн сайын, ал ошончолук эркиндик издей баштайт. Балага ата-эненин колунда турганда өз алдынча чечим чыгарууга мүмкүнчүлүк берилбесе, анда ал өз алдынча кеткенде кантип чечим чыгарат?

КЕҢЕШ: Эгер балаңдын чөйрөсү сени тынчсыздандырып жатса, ал тууралуу балаң менен сүйлөшүп, анын досторунун жүрүм-туруму ага кандай таасир этери жөнүндө ойлонгонго жардам бер. Мисалы, анын кайсы бир досун жамандагандын ордуна: «Эгер [досунун аты] мыйзамды бузгандыгы үчүн түрмөгө отуруп калса, башкалар сен жөнүндө эмне деп ойлошот?» — деп сурап көр. Өспүрүм балаңа досторунун кылган иштери кандайча анын кадыр-баркын көтөрөрү же, тескерисинче, төмөн түшүрөрү тууралуу ойлонгонго түрткү бер (Накыл сөздөр 11:17, 22; 20:11).

Эфестиктер 6:4: «Балдарыңарды кыжырдантпагыла, тескерисинче, аларга Жахабанын ой жүгүртүүсүн өздөштүрүүгө жардам берип, анын акыл-насааты менен тарбиялагыла». «Акыл насаат» айтуу бул эмне жакшы, эмне жаман экенин айтып коюуну эле билдирбейт. Бул кайсы бир иштин жаман же жакшы экенин бала өзү аңдап, жаман ишке барбоого өзү чечкиндүү болуусуна жардам берүүнү билдирет. Мындай кылуу бала өспүрүм куракка жеткенде өзгөчө маанилүү. Андре мындай деп ой бөлүшөт: «Балдарың канчалык чоңойгон сайын, аларга чоң кишидей мамиле кылып, бир нерсени алар менен чогуу талкуулоо маанилүү» (2 Тиметей 3:14).

КЕҢЕШ: Эгер балаң айткандарыңа макул болбой жатса, андан ал сенин ордуңда болсо сага кандай кеңеш бермек экендигин сурап көр. Ан үчүн ага ошол маселеге байланыштуу адабияттарды окуп-изилдеп, тереңирээк ойлонууга убакыт бер. Бир нече күндөн кийин анын кандай жыйынтыкка келгенин талкуулагыла.

Галатиялыктар 6:7: «Адам эмне сепсе, ошону орот». Бала жоопкерчиликтүү болуп чоңоюшу үчүн жазалап туруунун да мааниси зор. Мисалы, жаза катары аны үйдөн чыгарбай койсо же жакшы көргөн ишин кылууга уруксат бербей койсо болот. Ошондой эле өспүрүм балаң менен анын кылган ишинин кесепети тууралуу чогуу ой жүгүртүү зарыл (Накыл сөздөр 6:27).

КЕҢЕШ: Балаңдын карыздары бар болсо, ал үчүн карыздарын төлөбө, же сабакты начар окуганы үчүн мугалимдердин алдында аны актаба. Бала кылган ишинин кесепетин өзү тарткыдай болсун, ошондо ал жоопкерчиликтүү болуп чоңоёт.

Албетте, силер, ата-энелер, өспүрүм балдарыңардын акырындык менен күүлөнүп, жерден шашпай көтөрүлгөн самолёттой болуп, өз алдынча жашоого акырындык менен үйрөнүп кетишин каалайт чыгарсыңар. Бирок жашоодо баары эле ойдогудай боло бербейт. Ошентсе да баланы «түз жолго салууга» өспүрүм курак эң сонун мезгил (Накыл сөздөр 22:6). Сен ыйык китептик принциптердин негизинде үй-бүлөңдү бактылуу кыла аласың.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Ысмы өзгөртүлүп берилди.

^ 19-абз. Макаладагы кеңештер өспүрүм балдарга да, кыздарга да тиешелүү.

ОЙЛОНУП КӨР:

Балам төмөнкүлөрдү өз алдынча кыла алабы?

▪ Рухий иштерге дайым катышып туруу,

▪ өз алдынча туура чечим чыгаруу,

▪ башкалар менен тил табышуу,

▪ өз ден соолугуна кам көрүү,

▪ акчаны үнөмдүү колдоно билүү,

▪ үйдү таза кармоо,

▪ максаттарга умтулуу.

[12-беттеги сүрөт]

Эгер өспүрүм балаң жоопкерчиликтүү болсо, ага убакыттын өтүшү менен көбүрөөк эркиндик берсең болобу?