Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

«Азыр... дүйнөнү өзгөртүшүм керек деп ойлобойм»

«Азыр... дүйнөнү өзгөртүшүм керек деп ойлобойм»
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1966

  • ӨЛКӨСҮ: ФИНЛЯНДИЯ

  • МУРУН: КООМДУК ИШМЕР

МУРУНКУ ЖАШООМ.

Мен бала кезимден эле табиятка жакын болчумун. Борбордук Финляндиядагы Ювяскюля шаарындагы үйүбүздүн тегерегинде кооз токойлор, көлдөр бар болчу. Ал жактарга барып эс алган мага аябай жакчу. Мен жаныбарларды да жакшы көрөм. Кичинекейимде ит-мышыкты көргөн жерден баса калчумун. Чоңойгонумда адамдардын жан-жаныбарларга жасаган мамилесин көрүп, зээним кейий баштады. Кийин жаныбарларды коргогон уюмга кирип, мага окшогон адамдардын катарына кошулдум.

Биз жаныбарларды коргош үчүн өткөрүлгөн өнөктүктөргө катышчубуз. Элге ар кандай жол менен маалымат берип, тери саткан дүкөндөргө, жаныбарларды тест үчүн колдонгон лабораторияларга каршы жөө жүрүштөрдү уюштурчубуз. Атүгүл, жаныбарларды коргогон уюм түзгөнбүз. Ишибизди алдыга жылдырабыз деп чектен чыккан иштерге баргандыктан, бийликтегилер тараптан көп кыйынчылык болду. Алар мени көп жолу кармап, сотко беришти.

Мени адамдардын жаныбарларга жасаган мамилесинен тышкары, дүйнө жүзүндөгү башка көйгөйлөр да тынчсыздандырчу. Ошондуктан кийинчерээк көп уюмдарга, анын ичинде Эл аралык мунапыс уюмуна, Гринпис уюмуна мүчө болуп кирдим. Ал уюмдардын жүргүзгөн ишине бүт күчүмдү жумшадым. Жакырлардын, турмушу оор адамдардын таламын талашчумун.

Бирок бара-бара дүйнөнү өзгөртүү колуман келбей турганына көзүм жетти. Ал уюмдар анча-мынча көйгөйлөрдү чечкени менен, чоң көйгөйлөр мурдагыдан да күчөй берерин түшүндүм. Мага дүйнөнү жамандык каптап бараткандай, адамдардын болсо аны менен иши жоктой сезилчү. Акыры, өзүмдүн канчалык алсыз экенимди моюнга алдым.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

Ошондо Кудай жөнүндө, Ыйык Китеп жөнүндө ойлоно баштадым. Мурда Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдегем. Мага алардын жылуу-жумшак мамиле кылып, көңүл бурганы  абдан жакчу, бирок ал кезде жашоомду өзгөртүүгө даяр эмес элем. Ал эми бул жолкусунда көз карашым өзгөрүп калган.

Ошентип, Ыйык Китебимди окуй баштадым. Окугандарым дартыма даба болду. Ыйык Китептен жаныбарларга аяр мамиле кылыш керектиги жөнүндө көп жазылганын билдим. Мисалы, Накыл сөздөр 12:10до: «Адил адам малынын жанына кам көрөт»,— деп айтылат. Ошондой эле Ыйык Китептен дүйнөдө болуп жаткан көйгөйлөргө Кудай жооптуу эмес экенин, жашообуз адамдар Кудайдын жетекчилигине баш ийбегендиктен күндөн күнгө оорлоп баратканын түшүндүм. Жахаба Кудайдын сүйүүсү, чыдамдуулугу жөнүндө билгенде жүрөгүм козголду (Забур 103:8—14).

Ошол убактарда «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китепти изилдегиси келгендер толтура турган купон таап алдым. Аны толтуруп, дарек боюнча жөнөтүп жибердим. Көп өтпөй Жахабанын Күбөлөрү болгон жубайлар үйүмө келип, Ыйык Китепти изилдөөнү сунуш кылышты. Мен макул болдум. Алардын жыйналыштарына да бара баштадым. Ошонун аркасында Ыйык Китепте жазылгандар жүрөгүмө тамырлай баштады.

Бул мага жашоомдо көп нерсени өзгөрткөнгө жардам берди. Мисалы, тамекини, ичкиликти таштадым. Кебете-кепширимди оңдоп, жаман сөздөрдү сүйлөгөнүмдү койдум. Жогорку бийликтерге карата да көз карашымды өзгөрттүм (Римдиктер 13:1). Ошондой эле адеп-ахлаксыздыкка жаткан иштерди таштап, туура эмес каалоолорумду ооздуктай билгенге үйрөндүм.

Баарынан да, мурда өзүм мүчө болуп жүргөн уюмдарга болгон көз карашымды өзгөртүш кыйынга турду. Оюм бир эле күндө өзгөрүп кеткен жок. Башында ал уюмдардан чыгып кетсем, аларды сатып кеткен болом го деп ойлоп жүрдүм. Бирок дүйнөнү Кудайдын Падышалыгы гана өзгөртө аларын түшүндүм. Ошондуктан күчүмдүн баарын ошол Падышалыктын иштерин колдогонго, ал тууралуу башка адамдарга айтканга жумшоого бел байладым (Матай 6:33).

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ?

Коомдук ишмер болуп жүргөндө адамдарды жаман же жакшы деп эки топко бөлүп койчумун. Жаман деп эсептеген адамдарга жамандык кылгандан кайра тартчу эмесмин. Бирок Ыйык Китептен билгендерим адамдарды жек көрбөй, аларга карата сүйүү өрчүткөнгө жардам берди (Матай 5:44). Азыр адамдарга болгон сүйүүмдү башка иштерди кылуу менен бирге Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабарды айтып да далилдеп жатам. Бул иштин тынчтыкка, бактылуу болуп жашаганга өбөлгө түзүп, адамдардын үмүтүн жандырып жатканын көргөндө аябай сүйүнөм.

Баарын Жахаба Кудайга тапшыргандыктан жан дүйнөм тынч. Мен Жараткан Кудайыбыз адамдарын укугунун тебеленишине, жаныбарларга жаман мамиле жасалышына түбөлүк чыдай бербесине жана кереметтүү Жер планетасынын жок болуп кетишине жол бербей турганына толук ишенем. Ал өзүнүн өкмөтүн орнотуп, келтирилген зыяндын баарын жок кылат (Ышая 11:1—9). Ушуну билгеним жана башкаларга ал убадаларга ишенүүгө жардам берип жатканым мага чоң кубаныч тартуулайт. Азыр, мурдагыдай болуп, дүйнөнү өзгөртүшүм керек деп ойлобойм.