Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдан үмүт үзүп койсоңор...

Кудайдан үмүт үзүп койсоңор...

«ЭМНЕ ҮЧҮН мен? Кудай мени эмнеге коргоп калган жок?» Ушул суроолор Бразилияда жашаган 24 жаштагы Сиднейдин оюнан кетпей койгон. Анткени суу аттракционундагы кырсыктан кийин майып болуп, коляскага отуруп калган.

Каргашалуу окуянын, оорунун, табигый кырсыктын, согуштун же жакын адамынан айрылып калганынын айынан адамдардын Кудайга болгон ишеними оңой эле солгундап калышы мүмкүн. Байыркы учурда деле ошондой болгон. Маселен, Аюп пайгамбарды биринен сала бири кырсык басканда, ал Кудайды күнөөлөп: «Сенден жардам сурасам — жооп бербейсиң, мага көңүл бурушуң үчүн, тикемен тик турам. Бирок сен өзгөрүп, мага таш боордук кылдың, болгон күчүң менен мага каршы чыктың»,— деп айткан (Аюп 30:20, 21).

Ал анын башына ким мүшкүл салып жатканын да, андай болушуна Кудайдын эмне себептен жол берип жатканын да билген эмес. Бирок биз, бактыга жараша, эмне себептен жашообузда кыйынчылык көп болорун, ошондой эле аларга кандай карашыбыз керектигин Ыйык Китептен биле алабыз.

КУДАЙ АЗАП ЧЕГИШИБИЗДИ КААЛАГАНБЫ?

Ыйык Китепте Кудай жөнүндө: «Анын иштери жеткилең, жолдорунун баары адилет. Ал — ишенимдүү Кудай, эч качан адилетсиздик кылбайт, ал адил, чынчыл»,— деп жазылган (Мыйзам 32:4). Кудай адил болсо, адамдардын азапка малынып жашашын каалашы мүмкүнбү? Аларды ар кандай кырсык-каргаша жиберип жазалашы же тазалашы мүмкүнбү?

Ыйык Китепте: «Сыналып жатканда эч ким: „Мени Кудай сынап жатат“,— деп айтпасын. Анткени Кудайды эч ким жамандык менен сынай албайт, Ал өзү да эч кимди жамандык менен сынабайт»,— делет (Жакып 1:13). Ыйык Китепке ылайык, адамзаттын башталышы эң сонун болгон: Кудай Адам ата менен Обо энеге жашаганга эң сонун жай, тиричилик үчүн зарыл нерсенин баарын жана кызыктуу жумуш берген. Ал аларга: «Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула»,— деп батасын берген. Андыктан аларда Кудайга нааразы болууга эч кандай себеп жок болчу (Башталыш 1:28).

Бирок бүгүнкү күндөгү абал таптакыр башкача. Дегинкиси, адам баласы кылымдардан бери зар-муңдан арылбай келет. Ыйык Китепте: «Жаратылгандын баары ушул убакка чейин онтоп, кыйналып жатат»,— деп бекеринен айтылган эмес (Римдиктер 8:22). Мунун себеби эмнеде?

АЗАП-КАЙГЫНЫН БАШТАЛЫШЫ

Жашообуз эмне үчүн азап-кайгы менен коштолорун билиш үчүн адегенде баары эмнеден башталганын билип алышыбыз керек. Кийин Шайтан Ибилис деп аталып калган бир периште Адам ата менен Обо энени жаман менен жакшыга карата Кудай бекиткен нормаларды четке кагып, буйругуна баш ийбей коюуга азгырган. Кудай аларга «жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишинен жегенге» тыюу салган болчу. Шайтан болсо Обо энеге, эгер алар Кудайдын тилин албай коюшса өлбөй турганын айтып, Кудайды жалганчы кылып көрсөткөн. Ошондой эле ал Кудайга адамдарга эмне жакшы, эмне жаман экенин өздөрү чечүүгө укук бербегени үчүн айып таккан (Башталыш 2:17; 3:1—6). Шайтан адамдарды Кудайдын бийлигисиз эле жакшы жашайт дегиси келген. Ушундан улам «Адамдарга Кудайдын башкарганы жакшыбы?» деген абдан маанилүү суроо туулган.

Шайтан дагы бир нерсени талашка салган. Ал адам баласы Кудайга өз жыргалчылыгын ойлогондуктан гана кызмат кыларын айткан. Мисалы, Аюп пайгамбар тууралуу Кудайга: «Сен аны да, үйүн да, колундагысынын баарын туш тарабынан коргоп жаткан жоксуңбу?.. Бирок колуңду сунуп, эмнеси болсо, ошонун баарына тийип көрчү, сага тил тийгизбей коёт бекен, ачык эле тил тийгизет»,— деп айткан (Аюп 1:10, 11). Шайтан бул сөздөрдү Аюпка карата айтканы менен, чынында, кеп бардык адамдар жөнүндө жүрүп жаткан.

ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИН ЧЕЧИЛИШИ

Мындай курч маселелерди экинчи көтөрүлбөс кылып, биротоло чечүү мүмкүн беле? Акылмандыгы чексиз Кудай аны кантип чечишти билген (Римдиктер 11:33). Ал адамдарга өздөрүн-өздөрү башкарышына убактылуу жол берип, кимдин башкарганы жакшыраак болорун убакыт көрсөтсүн деп чечкен.

Учурдагы кейиштүү абалыбыз адамдын бийлигинин жарамсыз экенин айдан ачык көрсөтүүдө. Дүйнө жүзүндөгү өкмөттөр элге тынч, коопсуз, бактылуу жашоо алып келмек түгүл, жердин кыйрашына да себеп болууда. Ушундай абалга жетип калганыбыз Ыйык Китептеги: «Басып бараткан адам өз кадамын багыттай албайт»,— деген сөздөрдүн чын экенин айгинелеп турат (Жеремия 10:23). Тынчтык жана бакыт өкүм сүргөн гүлдөгөн заманды бир гана Кудай орното алат, анткени бул — анын ой-ниети (Ышая 45:18).

Кудай ал оюн кантип жүзөгө ашырат? Иса пайгамбар шакирттерин Кудайдан: «Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деп тиленүүгө үйрөткөн (Матай 6:10). Ооба, учуру келгенде Кудайдын Падышалыгы адамдарды бардык азап-кайгыдан арылтат (Даниел 2:44). Ошондо жакырчылык, оору, өлүм дегендин баары өткөндүн иши болот. Жакырчылыкты ала турган болсок, Ыйык Китепте Кудайдын «жардам сурап жалбарган жакырды... куткарары» жазылган (Забур 72:12—14). Оору-сыркоо жөнүндө: «Ошондо тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт»,— деп айтылган (Ышая 33:24). Ал эми өлгөндөр тууралуу Иса пайгамбар: «Мүрзөлөрдө жаткандардын баары анын үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат»,— деп айткан (Жакан 5:28, 29). Кандай гана жүрөк толкутарлык убадалар!

Кудайдын убадаларына бекем ишенүү андан үмүт үзбөгөнгө жардам берет

ИШЕНИМДИ ЖАНДАНДЫРУУ

Башында айтылган Сиднейдин кырсыкка учураганына 17 жылдай болуп калды. Ал мындай дейт: «Мен ошол каргашалуу окуя үчүн эч качан Жахаба Кудайды күнөөлөгөн эмесмин, бирок, чынын айтсам, башында ага болгон ишенимим солгундай түшкөн. Азыр деле майып болуп калганымды ойлоп ындыным өчкөн, ыйлаган күндөрүм болот. Бирок, Ыйык Китепте жазылгандай, Кудай бизди кырсыкка учуратып жазалабай турганын, бардык эле адамдар „күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылып“ калышы мүмкүн экенин билем. Мага кайраттуу болуп, чөгүп кетпегенге Жахабадан тиленүү, ошондой эле Ыйык Китептеги айрым аяттар жардам берди» (Насаатчы 9:11; Забур 145:18; 2 Корунттуктар 4:8, 9, 16).

Кудайдын азап чегишибизге эмне себептен жол берип жатканын жана жакында бардык кайгы-кападан арыларыбызды эсибизден чыгарбаганыбыз Кудайга болгон ишенимибизден тайбаганга, аны күчтүү бойдон сактап калууга жардам берет. Биз Кудайдын «аны талыкпай издегендерге сыйлык берерине» түк да күмөн санабайбыз. Ага жана анын Уулуна ишенгендер эч качан өкүттө калышпайт (Еврейлер 11:6; Римдиктер 10:11).