Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

11-САБАК

Шыктануу

Шыктануу

Римдиктер 12:11

НЕГИЗГИ ОЙ: Угуучуларга дем-күч берип, иш-аракет кылууга түрткү бериш үчүн шыктанып сүйлө.

МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Өзүңдүн жүрөгүң козголгудай болсун. Даярданып жатканда маалыматтын маанилүүлүгү жөнүндө терең ойлон. Материалды сөзүң жүрөгүңдөн чыккыдай кылып жакшылап өздөштүр.

  • Угуучуларың жөнүндө ойлон. Окуп же айтып бере турган маалыматыңдын башкалар үчүн кандай пайдасы бар экенин ойло. Угуучуларыңа ал маалыматты баалуулугун айкын түшүнө алгыдай кылып жеткирүүнүн жолдорун ойлонуштур.

  • Сөзүңө «жан киргиз». Жалындап сүйлө. Сезимдериңди табигый жаңсоолоруң жана жүзүң менен чын жүрөктөн билдир.