Жахабаны даңктап ырдагыла. Жаңы ырлар

Жахаба Кудайды даңктаган ырларды ырдап кубаныч алгыла. Бул ырлардын музыкасын жана сөздөрүн жүктөп алып, обонун үйрөнгүлө.

136-ЫР

Кудайдын Падышалыгы келсин!

Бул ыр Иса Машаякка Падышалык бийлик берген Жахаба Кудайды даңктоо үчүн чыгарылган.

137-ЫР

Кайраттуу кыла көр

Жахабанын ысмын кайраттуулук менен жарлоо үчүн андан күч сурап тиленүү жөнүндөгү бул ырды ырдап көргүлө.

138-ЫР

Сенин ысмың— Жахаба

Жахабанын ыйык ысмын даңктагыла жана анын кудурети күчтүү экенин бардык элдерге жарлагыла.

139-ЫР

Аларды бекем турууга үйрөт

Бул ырда Жахабадан коргошун жана өмүр үчүн болгон жарыштын соңуна чыгууга жардам беришин сурап тиленүү жөнүндө айтылат.

140-ЫР

Пионерлердин жашоосу

Жахабаны сүйөрүңөрдү жана ал тапшырган кызматка болгон ыраазычылыгыңарды билдиргиле.

141-ЫР

Тынчтыкты эңсегендерди издейли

Адамдарды сүйөрүбүз жана Кудайдын баалуу койлорун талыкпай издегенибиз жөнүндөгү шаңдуу ыр.

142-ЫР

Бардык адамдарга кабар айталы

Жахабанын бардык адамдарга тегиз караары жана андан үлгү алып, ар улуттагы адамдарга кабар айтарыбыз жөнүндөгү ыр.

143-ЫР

Караңгы дүйнөгө нур чачкан жарык

Түнөргөн дүйнөгө кабар ак шоола чачат.

144-ЫР

Тил алгандар куткарылат

Биз убакыт барда Кудайдын кабарын жарыялашыбыз керек.

145-ЫР

Кызматка даярдануу

Кээде кабарга чыккың келбей калат, бирок Жахаба күч бергендиктен, кызматыбызды ийгиликтүү аткара алабыз.

146-ЫР

Мен үчүн кылдыңар

Иса Машаяк майланган бир туугандарына көрсөткөн сүйүүбүздү, колдообузду өзүнө көрсөтүлгөндөй кабыл алат.

147-ЫР

Өзгөчө эл

Жахаба өзүнүн майланган уулдарын жогору баалайт. Алар болсо анын эркин аткаруудан ырахат алышат.

148-ЫР

Жалгыз Уулуңду бердиң

Жахабага баа жеткис белек тартуулаганы үчүн ыраазычылык билдиргиле. Ал бизге үмүт берет.

149-ЫР

Кун үчүн ыраазыбыз

Иса Машаяктын курмандыгы — Кудайдын адамзатка болгон сүйүүсүнүн зор далили. Бул бизге ага түбөлүккө ыраазычылык билдирүүгө түрткү берет.

150-ЫР

Эмгектен

Жахаба кайсы кызматка дайындабасын, аны кубаныч менен аткар.

151-ЫР

Кудайдын уулдарынын даңкы ачык көрүнөт

Жакында Иса Машаяктын бир туугандары аны менен согушка аттанып, сыйлыкка ээ болушат. Ал убакты чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

152-ЫР

Күч, үмүт, кайрат бересиң

Башыбызга мүшкүл түшүп, коркунуч, санаа басканда, Кудайыбыз бизге күч, үмүт, кайрат берет.

153-ЫР

Тең келбейт эч нерсе

Жакшы кабарды ынталуу жарыялаганда жүрөгүбүз кубанычка бөлөнөт.

154-ЫР

Туруктуу бололу

Бул ыр, Бейиш заман келгенче, бардык кыйынчылыктарга чыдаганга жана Жахабага ишенимдүү кызмат кылганга жардам берет.