Аюп 6:1—30
6 Ошондо Аюп мындай деди:
2 «Оо, менин муң-зарым+ таразаланса кана,
Башыма түшкөн мүшкүл таразага тартылса кана!
3 Азыр ал деңиз кумунан да оор,
Ошондон улам ойлонбой сүйлөп жатам+.
4 Анткени мага Кудурети Күчтүүнүн жебелери сайылды+,
Мен алардын уусун ичип жатам+.
Мени Кудайдан келген коркунучтар курчады+.
5 Алдында чөбү бар зебра+ аңгырайбы?
Же астында жеми бар бука мөөрөйбү?
6 Даамсыз тамакты туз кошпой жейби?
Гүлкайырдын жабышкак ширесинде даам барбы?
7 Менин жаным эч бирине тийгиси келбейт.
Анын баары көңүл айныткан тамактай.
8 Оо, менин өтүнүчүм орундалса кана,
Кудай үмүтүмдү ишке ашырса кана!
9 Ал мени талкалап таштаса кана,
Колун сунуп, жок кылып салса кана!+
10 Мага ошол сооронуч болмок.
Азап чеккениме карабай кудуңдап секирмекмин+,
Анткени, мага боор оорубаса да, Ыйык Кудайдын+ сөздөрүн жашырган жокмун+.
11 Күтө бергидей менде кайсы дарман калды?+
Өмүрүмдү* узарткыдай анын акыры кандай болот?
12 Кубатым таштын кубатындай беле?
Же денем жез беле?
13 Өзүмө өзүм жөлөк болор дарманым барбы?
Үзүрлүү эмгектене аламбы?
14 Ким жакынына мээримдүүлүк көрсөтпөсө+,
Ал Кудурети Күчтүүдөн да коркпойт+.
15 Бир туугандарым ишенимсиздик көрсөтүштү+; алар кышкы суулардай,
Соолуп бараткан кышкы суулардын нугундай.
16 Ал суулар муздан киргилденген,
Алардын ичине кар жашынган.
17 Убагы келгенде, алар какшыйт+, дабышы басылат,
Күн ысыганда, өз ордунан жоголот+.
18 Алардын нугу бурулат,
Ээн жерге барып, жок болот.
19 Аларды Тема+ кербендери издейт,
Шебалык+ саякатчылар күтөт.
20 Бирок үмүттөрү акталбай, уят болушат,
Ошол жерге барып, көңүл кайт болушат+.
21 Силер да ошондойсуңар+.
Үрөй учурган абалымды көрүп, коркуп жатасыңар+.
22 Мен силерге: „Мага бир нерсе бергиле“,— дедимби?
„Колуңарда болгон нерселерден мен үчүн белек бергиле,
23 Мени душмандын колунан куткарып алгыла+,
Зулумдардын колунан кун төлөп сактап калгыла“,— дедимби?+
24 Насаатыңарды айткыла — унчукпай калайын+.
Катам эмнеде экенин түшүндүргүлө+.
25 Чын сөз жүрөк оорутпайт!+
Бирок силердин ашкерелегениңерден эмне пайда?+
26 Үмүтү үзүлгөндүн+ сөздөрү ооздун жели болсо да+,
Айткандарымды ашкерелейин дедиңерби?
27 Силер жетим үчүн да өкчөмө таш ыргытасыңар+,
Досуңарды сатасыңар!+
28 Эми мага көңүл бургула,
Алдыңарда калп айтамбы+, көргүлө.
29 Ойлонуп көргүлөчү: ыймансыздыкка орун берилбесин.
Кайра ойлонгулачы: мен адилдигимен жаза элекмин+.
30 Тилимде ыймансыздык барбы?
Мүшкүл деген кандай болорун билбейт бекем?
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «жанымды».