Башталыш 18:1—33

18  Ошондон кийин Жахаба Мамредеги бийик дарактардын+ арасынан Ыбрайымга көрүндү+. Ыбрайым күн катуу ысып турганда+ чатырдын кире беришинде отурган эле.  Ал башын көтөрүп караса+, анча алыс эмес жерде үч киши туруптур. Аларды көрөрү менен ордунан туруп, аларды тоскону чуркап барды да, жерге чейин ийилип таазим кылды+.  Анан: «Жахаба*, эгер көз алдыңда ырайым тапкан болсом, кулуңдун жанынан кыя өтпө+.  Бир аз суу алып келип, бутуңарды жууп беришсин+. Анан дарактын түбүндө эс алгыла+.  Бул жакка, кулуңардыкына келген соң, нан алып келейин, кубаттанып алып+, анан жолго чыккыла»,— деди. Алар: «Мейли, айтканыңдай кыл»,— дешти.  Ыбрайым шашыла чатырга, Саарага барды да: «Бол тезирээк, эң жакшы ундан үч сата* алып, камыр жууруп, нан жасай кой»+,— деди.  Андан кийин бадага чуркап барып, бир музоону тандап, кулуна берди да, аны даярдаганча шашты+.  Анан май, сүт, музоонун бышкан этин алып келип, алдыларына койду+. Өзү болсо, алар тамак жеп жатканда, алардын жанында, дарактын түбүндө турду+.  Алар Ыбрайымдан: «Аялың Саара кайда?»+ — деп сурашты. Ал: «Чатырда»+,— деп жооп берди. 10  Алардын бири: «Эмки жылы ушул убакта сага кайра келем, ошондо аялың Саара уулдуу болот»+,— деп айтты. Саара болсо анын артындагы чатырдын оозунда угуп турган эле. 11  Ыбрайым менен Саара жашы өр тартып, карып калышкан эле+. Сааранын айызы токтоп калган болчу+. 12  Ошондуктан ал: «Өзүм да, мырзам да карып калганда ушундай кубанычка батмак белем?»+ — деп ичинен күлдү+. 13  Ошондо Жахаба Ыбрайымга: «Эмне үчүн Саара: „Карыганда кантип эле төрөйүн“+,— деп күлдү? 14  Жахаба кыла албаган нерсе барбы?+ Эмки жылы ушул убакта сага кайра келем, ошондо Саара уулдуу болот»,— деди. 15  Саара болсо: «Мен күлгөн жокмун»,— деп тана баштады, анткени коркуп кеткен эле. Бирок ал: «Жок, сен күлдүң»+,— деди. 16  Анан алар жолго чыгыш үчүн ордуларынан туруп, Содом+ тарапка көз чаптырышты. Ыбрайым аларды узатып коюш үчүн кошо жөнөдү+. 17  Ошондо Жахаба мындай деди: «Кыла турган ишимди Ыбрайымдан жашырамбы?+ 18  Андан улуу, күчтүү эл чыгат. Ал аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата алат+. 19  Ыбрайым уулдары менен бардык тукумдарына туура, адил иштерди кылып+, Жахабанын жолунда жүрүүнү осуятташы үчүн жана мен, Жахаба, ага убада кылган нерселеримдин баарын беришим үчүн+ ага жакындадым». 20  Анан Жахаба: «Содом менен Амордун күнөөсү абдан оор+, аларга нааразы болгондордун зар-муңу угулуп жатат+. 21  Төмөн түшүп, алардын кылып жаткан иштери мага жеткен зар-муңчалык жаманбы же жокпу, көрөйүн, барып билейин»+,— деди. 22  Ошондон кийин ал кишилер* бурулуп, Содомго жөнөштү. Жахаба болсо+ Ыбрайым менен калды+. 23  Ыбрайым анын жанына барып, мындай деди: «Кантип эле сен адил адамдарды ыймансыздар менен кошо жок кылмак элең?+ 24  Балким, ал шаарда элүү адил киши бардыр. Кантип эле сен ал жердегилерди жок кылып саласың, андагы элүү адил киши үчүн ал жерди аябайсыңбы?+ 25  Адил кишини ыймансыз менен бирге жок кылышың, ыймансызга эмне кылсаң, адил кишиге да ошону кылышың мүмкүн эмес!+ Сен эч качан андай кылбайсың!+ Бүт жер жүзүнүн Соту адилетсиздик кылмак беле?»+ 26  Ошондо Жахаба: «Эгер Содомдон элүү адил киши тапсам, алар үчүн ошол жердин баарына ырайым кылам»+,— деди. 27  Ыбрайым болсо: «Мына, мен топурак, күл болсом да+, Жахабага сүйлөгөнгө батындым. 28  Эгер элүү адил кишиге бешөө жетпей калсачы? Ошол бешөө үчүн бүт шаарды кыйратасыңбы?» — деп сурады. Кудай: «Эгер ал жактан кырк бешти тапсам, анда кыйратпайм»+,— деп жооп берди. 29  Ыбрайым кайрадан ага кайрылып: «Балким, ал жерден кырк киши табылар»,— деди. Кудай: «Эгер кырк киши табылса, анда да кыйратпайм»,— деди. 30  Ыбрайым дагы: «Жахаба, каардана көрбө+, мага дагы сүйлөгөнгө уруксат этчи+. Балким, ал жерден отуз киши табылар»,— деди. Кудай ага: «Эгер ал жерден отузду тапсам, анда да кыйратпайм»,— деди. 31  Бирок Ыбрайым дагы: «Мен Жахабага сүйлөгөнгө батындым+, мени угуп койчу. Балким, ал жерден жыйырма киши табылар»,— деди. Кудай: «Эгер жыйырма киши табылса, анда да кыйратпайм»+,— деди. 32  Акырында Ыбрайым: «Жахаба, каардана көрбө+, мага дагы бир эле жолу сүйлөгөнгө уруксат этчи+. Балким, ал жерден он киши табылар»,— деди. Кудай ага: «Эгер он киши табылса, анда да кыйратпайм»+,— деди. 33  Жахаба+ Ыбрайым менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин анын жанынан кетти. Ыбрайым болсо үйүнө кайтты.

Шилтемелер

Ыбрайым Жахабанын периштесине Жахабанын өзүнө кайрылып жаткандай кайрылган.
1 сата = 7,33 л.
Сыягы, алардын экөө.