Жакан 9:1—41

9  Иса кетип баратып тубаса сокур кишини көрдү.  Шакирттери андан: «Устат+, бул кишинин сокур болуп төрөлгөнүнө өзүнүн күнөөсү себеп болгонбу+ же ата-энесиникиби?»+ — деп сурашты.  Иса мындай деп жооп берди: «Буга өзүнүн да, ата-энесинин да күнөөсү себеп болгон эмес. Ал аркылуу Кудайдын иштери көрсөтүлүшү үчүн ушундай болгон+.  Жарык болуп турганда, мени жибергендин иштерин аткарышыбыз керек+. Анткени түн кирип келатат+. Ал убакта эч ким эч нерсе кыла албай калат.  Бул дүйнөдө жүргөнүмдө мен дүйнөнүн жарыгымын»+.  Ушуларды айткандан кийин Иса жерге түкүрүп, түкүрүгүн топуракка аралаштырды да, тиги кишинин көздөрүнө сүйкөдү+.  Анан ага: «Барып, Силоом көлмөсүнө+ жуун»,— деди+. («Силоом» деген сөз «жиберилген» дегенди билдирет.) Ал барып, жуунду да+, көзү көрүп кайтып келди+.  Ошондо анын кошуналары жана мурда кайыр сурап отурганын көргөндөр: «Бул баягы кайыр сурап отурган киши эмеспи?» — дешти+.  Айрымдары: «Ошол»,— десе, башкалары: «Жок, ал эмес. Жөн эле окшош экен»,— деп жатышты. Өзү болсо: «Ошол менмин»,— деди. 10  Тигилер андан: «Көзүң кантип көрүп калды?» — деп сурай башташты+. 11  Ал: «Иса деген киши түкүрүгүн топуракка аралаштырып, көздөрүмө сүйкөдү да: „Силоомго барып+, жуун“,— деди. Мен барып, жуундум эле, көзүм көрүп калды»,— деди. 12  Тигилер: «Ал өзү кайда?» — деп сурашты. Ал: «Билбейм»,— деп жооп берди. 13  Анан мурун сокур болгон ошол кишини фарисейлерге алып барышты. 14  Иса түкүрүгүн топуракка аралаштырып, анын көзүн айыктырган күн+ ишемби эле+. 15  Фарисейлер да андан көзү кантип көрүп калганын сурай башташты+. Тиги киши: «Ал көздөрүмө ылай сүйкөдү. Анан жуунгандан кийин, көзүм көрүп калды»,— деп жооп берди. 16  Ошондо кээ бир фарисейлер: «Ал Кудайдан келген эмес, анткени ишемби күн жөнүндөгү мыйзамды бузуп жатат»,— дешти+. Ал эми башкалары: «Күнөөкөр адам ушундай кереметтерди жасай алмак беле?!» — деп жатышты+. Ошентип, ортолорунда пикир келишпестик пайда болду+. 17  Анан алар сокур кишиден: «Көзүңдү ачкан ал адам жөнүндө эмне дейсиң?» — деп кайрадан сурашты. «Ал — пайгамбар»+,— деп жооп берди ал. 18  Бирок жүйүттөр анын мурда сокур болуп, азыр көрүп калганына ата-энесин чакыртмайынча ишенишкен жок. 19  Алар анын ата-энесинен: «Бул силердин уулуңарбы? Сокур болуп төрөлгөн дейсиңер, анда кандайча көрүп калды?» — деп сурашты. 20  Ата-энеси: «Бул биздин уулубуз экенин жана сокур болуп төрөлгөнүн билебиз, 21  бирок азыр эмне болуп көрүп калганын же көзүн ким ачканын билбейбиз. Өзүнөн сурагыла. Жаш бала эмес го, өзү айтып берсин»,— дешти. 22  Алар жүйүттөрдөн корккондуктан ушинтип айтышты+. Анткени жүйүттөр Исанын Машаяк экенине ишенгендердин баарын синагогадан чыгарып салууну сүйлөшүп алышкан эле+. 23  Ушундан улам ата-энеси: «Жаш бала эмес го. Өзүнөн сурагыла»,— деп айтты. 24  Ошондо тигилер мурун сокур болгон кишини экинчи ирет чакырып: «Чыныңды айтып, Кудайды даңкта+. Биз ал кишинин күнөөкөр экенин билебиз»,— дешти. 25  Ал болсо: «Анын күнөөкөр же күнөөкөр эмес экенин билбейм. Бир гана нерсени билем: мурун сокур болчумун, азыр көрүп калдым»,— деп жооп берди. 26  «Ал эмне кылды? Көзүңдү кантип ачты?» — деп сурашты алар. 27  Ал: «Мен баарын айтып берсем да, укпай койдуңар эле го. Эми эмнеге уккуңар келип жатат? Же силер да анын шакирти болууну каалап жатасыңарбы?» — деди. 28  Ошондо тигилер аны жекирип: «Өзүң анын шакиртисиң, биз болсо Мусанын шакирттерибиз. 29  Биз Кудайдын Муса менен сүйлөшкөнүн билебиз+, ал эми тигини ким жибергенин билбейбиз»,— дешти+. 30  Тиги киши мындай деди: «Аны ким жибергенин билбегениңер кызык экен+. Ал менин көзүмдү ачпадыбы. 31  Биз Кудайдын күнөөкөрлөрдү укпай турганын+, ал эми андан коркуп, эркин аткаргандарды угарын билебиз+. 32  Буга чейин кимдир бирөөнүн тубаса сокурдун көзүн ачканын эч ким эч качан уккан эмес. 33  Эгер Кудайдан келбесе+, ал эч нерсе кыла албайт эле да». 34  Ошондо алар: «Сен төрөлгөнүңөн тартып күнөөкөрсүң+. Анан бизди үйрөткүң барбы?» — деп, аны кууп чыгышты+. 35  Иса аны кууп жиберишкенин укту да, ага жолугуп: «Адам Уулуна ишенесиңби?»+ — деп сурады. 36  «Мырзам, ал ким? Айтчы, ишенейин»,— деди тиги киши. 37  Иса: «Сен аны көргөнсүң. Азыр ал сени менен сүйлөшүп турат»,— деп жооп берди+. 38  Ошондо ал: «Мырзам, ишенем»,— деди да, Исага таазим кылды+. 39  Иса ага: «Мен бул дүйнөгө көрбөгөндөр көрүп+, көргөндөр сокур болсун деп+ өкүм чыгарыш үчүн келдим»,— деп айтты+. 40  Муну укканда жанында турган фарисейлер Исага: «Биз сокур эмеспиз да»,— дешти+. 41  Буга Иса: «Эгер сокур болсоңор, күнөөлүү болмок эмессиңер. Бирок: „Көзүбүз көрөт“,— деп жатканыңар үчүн+ күнөөңөр кечирилбейт»,— деди+.

Шилтемелер