Микей 3:1—12
3 Мен мындай дедим: «Жакыптын башчылары, Ысрайыл үйүнүн башкаруучулары+, суранам, кулак салгыла. Адилеттик дегенди силер билишиңер керек эмеспи?+
2 Силер жакшылыкты жек көрөсүңөр+, жамандыкты жакшы көрөсүңөр+. Элдин терисин сыйрып, сөөгүнөн этин шылып жатасыңар+.
3 Элимдин этин жеп+, терисин сыйрып, сөөктөрүн чагып жатасыңар. Аларды чоң казандагы жиликтердей жиликтеп, мискейдеги эттей бөлүп жатасыңар+.
4 Ошол кезде алар Жахабаны жардамга чакырышат, бирок ал жооп бербейт+. Кыянат иштери үчүн+ алардан жүзүн бурат+.
5 Бир нерсе тиштеткендерге+: „Тынчтык!“ — деп+, ал эми ооздоруна эч нерсе салбагандарга согуш жарыялаган*+, элимди адаштырган пайгамбарларга+ Жахаба мындай дейт:
6 „Ошонуңар үчүн силерди түн басат+, силерге аян берилбейт+. Караңгылык каптагандыктан, төлгө тарта албай каласыңар. Пайгамбарлардын үстүнөн күн батат, күндүзгү маал түнөрөт+.
7 Көрөгөчтөр+ уятка калышат+, төлгөчүлөрдүн+ көңүлү кайт болот. Алардын баары мурутун жабышат+, анткени Кудайдан жооп болбойт“»+.
8 Мен болсо Жакыпка козголоңу тууралуу, Ысрайылга күнөөсү тууралуу айтыш үчүн+ Жахабанын руху аркылуу күчкө толдум+, адилеттүү, тайманбас болдум.
9 Жакыптын үйүнүн башчылары, Ысрайыл үйүнүн башкаруучулары, адилеттикти жек көрүп, түз нерсенин баарын кыйшык кылгандар+, суранам, уккула+.
10 Силер Сионду кан төгүү менен, Иерусалимди ыймансыздык менен куруп жатасыңар+.
11 Анын башчылары пара алып сот жүргүзүшөт+, дин кызматчылары акы алып окутушат+, пайгамбарлары акча алып төлгө тартышат+. Ошол эле учурда: «Жахаба биздин арабызда эмеспи?+ Бизге алаамат келбейт»+,— деп Жахабага таянышат.
12 Ошондуктан силердин айыңардан Сион талаадай айдалат, Иерусалим үйүлгөн урандыга айланат+, ал эми ибадаткана турган тоо токойлуу адырдай болуп калат.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «согушту ыйыктаган».