Мыйзам 10:1—22
10 Ошол учурда Жахаба мага: „Таштан мурунку лоокторго окшогон эки лоок+, ошондой эле жыгачтан сандык жаса. Анан мага, тоого чыгып кел+.
2 Мен ал лоокторго сен талкалаган лооктордогу сөздөрдү жазып берем. Сен аларды сандыкка салып кой“,— деди.
3 Ошондо мен акация жыгачынан сандык жана таштан мурунку лоокторго окшогон эки лоок жасадым+. Анан лоокторду алып тоого чыктым.
4 Жахаба ал лоокторго силер ошол жерге чогулган күнү+ от ичинен айткан сөздөрүн+, мурунку лооктордогу сөздөрдү+ — Он осуятты*+ — жазды. Анан Жахаба аларды мага берди.
5 Мен бурулуп, тоодон түштүм да+, Жахаба буйрук кылгандай, лоокторду өзүм жасаган сандыкка салып койдум+. Алар азыркыга чейин ошонун ичинде сакталып турат.
6 Андан кийин Ысрайыл уулдары Бейрот-Бене-Жаакандан+ чыгып, Мосерага жөнөштү. Арун ошол жерде көз жумуп, ошол жерге коюлду+. Анын ордуна уулу Элазар дин кызматчы болду+.
7 Алар ал жерден чыгып, Гуткотко, Гуткоттон чыгып, өзөндөрүндө суу аккан Жотпатка+ барышты.
8 Ошол убакта Жахаба Леби уруусун, алар Жахабанын келишим сандыгын көтөрүп жүрүшү үчүн+, Жахабанын алдында туруп, ага кызмат кылышы үчүн+ жана анын атынан элге бата бериши үчүн+, өзүнчө бөлүп койду+. Алар бул кызматты ушул күнгө чейин аткарып келатышат.
9 Ошондуктан Леби уруусу бир туугандары менен бирге үлүш алган эмес+, ага энчи тийген эмес. Жахаба Кудайың ага айткандай, анын энчиси — Жахаба+.
10 Мен тоодо бул сапар да кырк күн, кырк түн болдум+. Жахаба мени бул жолкусунда да укту+. Ошондуктан Жахаба силерди жок кылгысы келген жок+.
11 Андан соң Жахаба мага: „Тур да, элди мен аларга берем деп ата-бабаларына убада кылган жерге баштап бар. Алар аны ээлешсин“+,— деди.
12 О, Ысрайыл, Жахаба Кудайың сенден эмнени талап кылат?+ Жахаба Кудайыңдан коркушуңду+: анын жолдору менен жүрүп+, аны сүйүшүңдү+, Жахаба Кудайыңа бүт жүрөгүң, бүт жаның менен кызмат кылышыңды+ жана
13 өзүңө жакшы болушу үчүн+, Жахабанын мен бүгүн сага буйрук кылган осуяттары менен көрсөтмөлөрүн аткарышыңды эле эмеспи?+
14 Асман да+, анын эң бийик жери да, жер менен андагылар да Жахаба Кудайыңа таандык+.
15 Анткен менен Жахаба ата-бабаларыңды жакшы көрүп, алардын тукумдарын, силерди, башка элдердин арасынан тандап алды+, бүгүн силер ага таандыксыңар.
16 Ошондуктан жүрөгүңөрдү сүннөткө отургузгула+, мындан ары тоң моюн болбогула+.
17 Анткени Жахаба Кудайыңар — кудайлардын Кудайы+, теңирлердин Теңири+, коркуу сезимин туудурган улуу, күчтүү Кудай+. Ал эч качан бет карамалык кылбайт+, пара да албайт+.
18 Ал жетим менен жесирдин ишин калыс карайт+, келгинди жакшы көрүп+, ага нан менен кийим берет.
19 Силер да келгинди сүйгүлө+, анткени өзүңөр да Мисир жеринде келгин болгонсуңар+.
20 Жахаба Кудайыңдан корк+, ага гана кызмат кылып+, ага ишенимдүү бойдон кал+, анын ысмын оозанып ант бер+.
21 Аны гана даңкта+. Ал — сен үчүн өз көзүң менен көргөн улуу иштерди, коркуу сезимин туудурган иштерди жасаган Кудай+.
22 Мисирге барганда ата-бабаларың жетимиш эле жан болчу+. Азыр болсо Жахаба Кудайың сени асмандагы жылдыздардай көбөйттү+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «Он сөздү».