Рут 2:1—23
2 Нааминин күйөөсү Элимелектин Бууз+ деген абдан бай+ тууганы бар эле+. Ал Элимелек менен бир тукумдан болчу.
2 Бир күнү мааптык Рут Наамиге: «Уруксат этсеңиз, талаага барып, кимдин көз алдында ырайым тапсам, ошонун артынан машак терип келейин»,— деди+. Наами: «Бара кой, кызым»,— деди.
3 Рут талаага барып, орокчулардын артынан машак тере баштады+. Көрсө, ал Элимелек+ менен бир тукумдан болгон Бууздун+ талаасы экен.
4 Ошол учурда Бууз Бетлехемден келип, орокчуларга: «Жахаба силер менен болсун»,— деди+. Алар: «Жахаба сага батасын берсин»,— дешти+.
5 Анан Бууз+ орокчуларга башчы болуп дайындалган кызматчыдан: «Бул аял кимдин тукумунан болот?» — деп сурады.
6 Орокчулардын башчысы: «Бул — Маап жеринен+ Наами менен кошо келген мааптык аял+.
7 Ал: „Машак тергенге уруксат этиңиз+, орокчулардан түшкөнүн терип алайын“,— деп суранып, эртеден бери иштеп жүрөт+. Алачыкка кирип отурганына аз эле болду»,— деди.
8 Андан кийин Бууз Рутка кайрылып, мындай деди: «Сөзүмө кулак салчы, кызым. Машак тергени башка талаага барба+, менин жумушчу кыздарым менен бирге болуп, ушул жерден кетпей эле кой+.
9 Алар кайсы жерде иштесе, сен да ошол жерде жүр. Жумушчуларга сага тийбегиле деп буйрук кылдым+. Эгер суусасаң, барып, жумушчулар сузуп алып ичкен идиштерден иче бер»+.
10 Ошондо Рут жүзтөмөндөп жыгылып, таазим кылды да+: «Бөтөн жерлик болгонума карабастан, мага көңүл бургудай, сиздин көз алдыңызда эмне кылып ырайым таптым?» — деди+.
11 Бууз мындай деп жооп берди: «Күйөөң өлгөндөн кийин, кайненеңе кылган жакшылыктарыңды+, өз ата-энеңди, туулган жериңди таштап+, бөтөн элге келгениңди мага айтып беришти+.
12 Бул үчүн Жахаба сага батасын берсин+, сен канатынын астынан баш маана+ издеп келген Ысрайылдын Кудайы Жахаба сага толук сыйлык берсин»+.
13 Рут болсо ага: «Сиздин көз алдыңызда ырайым тапсам экен, мырзам. Күңдөрүңүздүн бирине да тең келбесем да+, мени жубатып, күңүңүздүн жүрөгүнө жаккан сөздөрдү айттыңыз»,— деди+.
14 Тамактанар маал болгондо, Бууз Рутка: «Бери келип, нандан ал да+, кычкыл шарапка малып же»,— деди. Рут орокчулардын жанына келип отурду. Бууз ага куурулган дандан+ берди. Ал тойгончо жеди, артып да калды.
15 Анан Рут машак тергени турду+. Бууз жумушчуларына: «Бул келин боолордун арасынан машак тере берсин. Ага тийбегиле+.
16 Боонун ичинен анча-мынча сууруп алып, таштап койгула, терип алсын+. Аны урушпагыла»,— деди.
17 Ошентип, Рут талаада кечке чейин машак терип жүрдү+. Тергенин бастырганда+, бир эйфага*+ жакын арпа болду.
18 Ал арпаны алып, шаарга барды да, канча тергенин кайненесине көрсөттү. Андан соң өзү жегенден артып калган тамакты алып чыгып, ага берди+.
19 Кайненеси ага: «Бүгүн каяктан машак тердиң, каякта иштедиң? Сага көңүл бурган кишиге бата тийсин»,— деди+. Рут кимдикинде иштегенин айтып берди, анан: «Анын аты Бууз экен»,— деди.
20 Ошондо Наами келинине: «Өлгөндөргө да, тирүүлөргө да+ мээримдүүлүк көрсөткөн Жахаба+ ага батасын берсин»+,— деди. Анан: «Ал бизди кун төлөп сатып алууга укугу бар+ туугандарыбыздын бири болот»+,— деп кошумчалады.
21 Мааптык Рут: «Ал мага: „Оруу-жыюу бүткүчө, жумушчуларымдын жанында бол“,— деп да айтты»,— деди+.
22 Наами+ келини Рутка+: «Анын жумушчу кыздары менен бирге боло турган болсоң, жакшы болгон турбайбы, кызым. Болбосо сени башка талаадагылар ыза кылып коюшмак»,— деди+.
23 Ошентип, арпа менен буудай орулуп бүткүчө+, Рут Бууздун жумушчу кыздарынын жанында машак терип жүрдү. Ал кайненеси менен чогуу жашап жүрдү+.
Шилтемелер
^ Болж. м-н 22 л.