Элчилер 2:1—47
2 Элүүнчү күн майрамында*+ алардын баары бир жерге чогулушту.
2 Күтүлбөгөн жерден асмандан катуу шамал болгондогудай добуш угулуп, алар отурган үйдүн ичин жаңыртты+.
3 Анан көрүнүшү тилге окшогон жалындар+ көрүндү да, бөлүнүп-бөлүнүп, ар биринин үстүнө бирден конду.
4 Ошондо баары ыйык рухка толуп+, рух берген сүйлөө жөндөмдүүлүгүнө жараша, ар кайсы тилдерде сүйлөй башташты+.
5 Ошол убакта Иерусалимде ар кайсы жерлерден келген динчил+ жүйүттөр бар эле+.
6 Добуш чыкканын угуп, көп эл чогулду. Шакирттер алардын ар биринин эне тилинде сүйлөп жатышкан эле. Муну көрүп, баары айран-таң калышты.
7 Алар абдан таң калып, мындай деп жатышты: «Бул сүйлөп жаткандардын баары галилеялыктар+ эмеспи?
8 Анан кантип ар бирибиздин эне тилибизде сүйлөп жатышат?
9 Парфтан, Мадайдан+, Эйламдан+, Месопотамиядан, Жүйүт жеринен+, Кападокиядан+, Понттон+, Азиядан*+,
10 Фригиядан+, Памфилиядан+, Мисирден, Ливиянын Киренага чектеш аймактарынан, Римден келген жүйүттөр жана алардын динин кабыл алгандар+,
11 криттиктер+, арабиялыктар+ — баарыбыз булардын ар бирибиздин тилибизде Кудайдын улуу иштери жөнүндө айтып жатканын угуп жатабыз».
12 Ошентип, баары аң-таң болуп, бири-биринен: «Бул эмнеси?» — деп сурап жатышты.
13 Ал эми кээ бирлери: «Таттуу шарапка тоюп алышкан тура»+,— деп шылдыңдай башташты.
14 Ошондо Петир он бир элчи менен+ ордунан туруп, үнүн бийик чыгара мындай деди: «Жүйүттөр жана Иерусалимдин бардык тургундары+, сөзүмдү кунт коюп уккула.
15 Булар, силер ойлогондой, мас эмес+. Анткени азыр үчүнчү* эле саат болду.
16 Бул окуя жөнүндө Жоел пайгамбар аркылуу мындай деп алдын ала айтылган:
17 „Акыркы күндөрдө,— дейт Кудай,— ар кандай адамдарга рухумду төгөм+. Ошондо уул-кыздарыңар пайгамбарлык кылышат, уландарыңар аян алышат, карыяларыңар өзгөчө түштөрдү көрүшөт+.
18 Ал күндөрү кулдарым менен күңдөрүмө да рухумду төгөм, алар да пайгамбарлык кылышат+.
19 Жогорудагы асманда жышаандарды, төмөндөгү жерде кереметтерди көрсөтөм. Алар — кан, от жана коюу түтүн+.
20 Жахабанын улуу, даңктуу күнү келер алдында+ күн караңгылыкка+, ай канга айланат.
21 Ошондо Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылат“+.
22 Ысрайылдыктар, сөзүмө кулак салгыла: өзүңөр билгендей, Кудай назареттик Исаны+ өзү жибергенин ал аркылуу араңарда ажайып иштерди+, керемет-жышаандарды көрсөтүп айкын кылган+.
23 Кудайдын белгиленген эрки жана алдын ала билгени боюнча+ колуңарга салынып берилген ал адамды силер мыйзамсыздардын колу менен устунга кадап өлтүрдүңөр+.
24 Бирок Кудай аны өлүм аркандарынан бошотуп+, тирилтип алды+. Себеби анын өлүм туткунунда андан ары калышы мүмкүн эмес болчу+.
25 Дөөтү ал жөнүндө мындай дейт: „Мен Жахабаны дайыма көрүп тургам. Ал оң жагымда болгондуктан, мен эч качан олку-солку болбойм+.
26 Ушундан улам жүрөгүм кубанычка толуп, тилим шаттана сүйлөдү. Атүгүл денем да үмүт менен жашайт+.
27 Анткени сен жанымды көрдө* калтырбайсың, ишенимдүү кызматчыңдын чиришине жол бербейсиң+.
28 Сен мага өмүр жолун ачып бердиң, көз алдыңда мени кубанычка бөлөйсүң“+.
29 Агайын-туугандар, атабыз Дөөтүнүн өлүп, мүрзөгө коюлганын+ жана мүрзөсү ушул жерде азыркыга чейин бар экенин ишенимдүү түрдө айтууга болот.
30 Бирок ал пайгамбар болгондуктан жана Кудайдын ага тукумдарынын бирин тактысына отургузары тууралуу ант бергенин билгендиктен+,
31 Машаяктын тирилерин алдын ала көрө билип, анын көрдө калтырылбасын жана денесинин чирибей турганын айткан+.
32 Ошол Исаны Кудай тирилтти; буга баарыбыз күбөбүз+.
33 Ошентип, ал жогору көтөрүлүп, Кудайдын оң жагына отуруп+, Атасынан убадаланган ыйык рухту алгандыктан+, өзүңөр угуп-көрүп тургандай, аны бизге төктү.
34 Дөөтү болсо асманга көтөрүлгөн эмес+, бирок ал мындай дейт: „Жахаба менин Мырзама+:
35 “Душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенимче, оң жагымда отур”,— деди“+.
36 Ошондуктан силер устунга кадаган Исаны+ Кудай өзү Мырза да+, Машаяк да кылганын бүт Ысрайыл үйү жакшылап билип алсын».
37 Муну укканда алардын жүрөгүнө канжар сайылгандай болду+. Ошондо алар Петир менен берки элчилерден: «Агайын-туугандар, биз эмне кылышыбыз керек?» — деп сурашты+.
38 Петир: «Өкүнгүлө+ жана күнөөлөрүңөр кечирилиши үчүн+, ар бириңер Иса Машаяктын аты менен+ чөмүлтүлгүлө+. Ошондо ыйык рух белегин аласыңар+.
39 Анткени бул убада+ силерге, силердин балдарыңарга жана алыстагылардын баарына+, Жахаба Кудайыбыз кимди чакырса+, ошолордун бардыгына берилген»,— деди.
40 Ал дагы башка көп нерселерди айтып, кылдат күбөлөндүрүп, аларды: «Бул бузулган муундан алыс болгула»+,— деп үндөдү.
41 Анын сөзүн чын жүрөктөн кабыл алгандар чөмүлтүлүп+, ошол күнү шакирттерге 3 000дей киши* кошулду+.
42 Алар элчилердин насааттарын түшүнүүгө, бардык нерсесин бири-бири менен бөлүшүүгө+, чогуу тамактанууга+ жана тиленүүгө дайыма ынтызар эле+.
43 Элчилер көптөгөн керемет-жышаандарды көрсөтүп жатышты. Муну көргөндөрдүн баарын* Кудайдан коркуу сезими чулгай баштады+.
44 Исага ишенип калгандардын баары чогуу болуп, бүт нерсесин жалпы колдонуп жүрүштү+.
45 Алар өздөрүнүн жерин, бүт мүлкүн сатып+, түшкөн акчаны баарына, ар кимисинин муктаждыгына жараша, бөлүп беришчү+ жана
46 күн сайын ибадатканада бирге болушчу+. Ошондой эле алар бири-биринин үйүнө чогулуп, таза жүрөк, зор кубаныч менен тамактанып+,
47 Кудайды даңктап жүрүштү. Ошентип, алар баарынын жактыруусуна ээ боло беришти+. Жахаба болсо күн сайын аларга куткарылуу жолуна түшкөндөрдү+ кошуп жатты+.
Шилтемелер
^ 1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
^ Азия континенти эмес, Кичи Азиянын батышындагы Рим провинциясы.
^ Эртең мененки саат тогуздар.
^ Грек. адис. Кара: 8-тирк.
^ Сөзмө-сөз: «жан».
^ Сөзмө-сөз: «ар бир жанды».