1 Жакан 5:1—21
5 Ким Исанын Машаяк экенине ишенсе, ал — Кудайдын баласы+. Кудайды сүйгөндөр анын балдарын да сүйөт+.
2 Кудайдын балдарын+ сүйөрүбүздү аны сүйүп+, осуяттарын аткарып жатканыбыздан билебиз+.
3 Анткени Кудайды сүйүү+ — бул анын осуяттарын аткаруу+. Анын осуяттарын аткаруу оор эмес+.
4 Ким Кудайдын баласы болсо+, ал дүйнөнү жеңет+. Биз дүйнөнү ишенимибиздин+ аркасында жеңдик+.
5 Дүйнөнү+ ким жеңе алат?+ Исанын Кудайдын Уулу экенине+ ишенген адам эмеспи?+
6 Иса Машаяк суу жана кан аркылуу келген. Ал суу менен эле эмес+, суу жана кан менен келген+. Буга рух күбө+, анткени рухтун күбөлөндүрүүсү чын.
7 Ошентип, үч күбө бар:
8 рух+, суу+ жана кан+. Үчөөнүн күбөлөндүрүүсү бирдей+.
9 Кудайдын күбөлөндүрүүсү адамдардын биз кабыл алып жаткан күбөлөндүрүүсүнөн+ жогору. Анткени ал — өз Уулу жөнүндө күбөлөндүргөн Кудайдын күбөлөндүрүүсү+.
10 Ким Кудайдын Уулуна ишенсе, ал өзүнө берилген күбөлөндүрүүнү+ кабыл алган болот. Ким Кудайга ишенбесе, ал аны жалганчы кылып көрсөткөн болот+, анткени Кудайдын өз Уулу жөнүндөгү+ күбөлөндүрүүсүнө+ ишенбей койду.
11 Кудайдын күбөлөндүрүүсү болсо бул: Кудай бизге түбөлүк өмүр берди+. Ал өмүргө биз Уулу аркылуу ээ болдук+.
12 Ким Кудайдын Уулун кабыл алса, ал өмүргө ээ, ал эми ким кабыл албаса, ал өмүргө ээ эмес+.
13 Муну силерге жазып жатканымдын себеби: мен силердин, Кудайдын Уулунун ысмына ишенгендердин+, түбөлүк өмүргө ээ экениңерди+ билишиңерди каалайм.
14 Биз Кудайдын эркине ылайык эмне сурабайлы+, анын бизди угарына шектенбейбиз+.
15 Эмне сурасак да+, анын угарын билсек, анда сураганыбызды аларыбызды да билебиз+.
16 Эгер кимдир бирөө бир тууганынын өлүмгө алып барбай турган күнөө+ кылып жатканын көрсө, ал үчүн тиленсин, ошондо Кудай ага өмүр берет+. Мен өлүмгө алып барбай турган күнөө+ жөнүндө айтып жатам. Бирок өлүмгө алып бара турган да күнөө бар. Андай күнөө жөнүндө тилениш керектигин айткан жокмун+.
17 Жаман иштердин баары — күнөө+, бирок өлүмгө алып барбай турган да күнөө бар.
18 Ким Кудайдын баласы болсо+, анын күнөө кылбай каларын билебиз. Кудайдын Уулу+ аны коргоп тургандыктан, кара өзгөй ага тие албайт+.
19 Биз өзүбүздүн Кудайдан экенибизди+, ал эми бүт дүйнөнүн Шайтандын* бийлиги астында экенин билебиз+.
20 Ошондой эле Кудайдын Уулу келип+, чыныгы Кудайды таанып-билишибиз үчүн+, бизге акыл бергенин да билебиз+. Биз чыныгы Кудай менен анын Уулу Иса Машаяк аркылуу биримдиктебиз+. Ал — чыныгы Кудай+ жана түбөлүк өмүрдүн булагы+.
21 Балдарым, өзүңөрдү буркандардан сактагыла+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «кара өзгөйдүн».