1 Тиметей 2:1—15

2  Ошентип, баарынан мурда ар кандай адамдар үчүн+ Кудайга жалынуу, тиленүү+, өтүнүч жана ыраазычылык менен кайрылууга үндөйм.  Мындан ары да Кудайдан толук берилгендик менен, салабаттуулук менен, тынч, бейпил жашашыбыз үчүн+, падышалар+ менен жогорку абалды ээлегендердин баары үчүн тиленгиле+.  Бул Куткаруучубуз Кудайдын+ көз алдында жакшы жана жагымдуу+.  Ал ар кандай адамдардын+ куткарылышын+, чындыкты+ так таанып-билишин каалайт+.  Анткени бир Кудай+ бар жана Кудай менен адамдардын+ ортосунда+ бир арачы бар+. Ал — адам Машаяк Иса+.  Ал өзүнүн өмүрүн бардыгы үчүн ылайыктуу кун катары берген+. Бул жөнүндө өз убагында күбөлөндүрүлүшү керек.  Ушул максатта+ мен кабарчы, элчи болууга+, ишеним+ жана чындык жөнүндө башка элдерди+ окутууга дайындалгам+. Мен чындыкты айтып жатам, калп айткан жокмун.  Ошондуктан эркектердин каарданбай+, талашып-тартышпай+, Кудайдан берилгендик менен бардык жерде колдорун жогору көтөрүп тиленишин каалайм+.  Ошо сыяктуу эле, аялдар өздөрүн өзгөчө өрүлгөн чачы, алтын, бермет же абдан кымбат кийим менен эмес+, тыкан кийим менен, уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк менен+, 10  Кудайга сыйынарын ырастаган аялдарга+ мүнөздүү жакшы иштер менен жасалгалашсын+. 11  Аялдар толук баш ийүү менен унчукпай үйрөнсүн+. 12  Аял кишинин окутушуна да+, эркекти башкарышына да тыюу салам+; ал унчукпасын. 13  Анткени адегенде Адам, андан кийин Обо жаратылган+. 14  Ошондой эле Адам эмес+, аял алданган+. Ал алданып, кылмыш кылган+. 15  Ошентсе да аял акыл-эстүүлүк менен+ ишенимин, сүйүүсүн, ыйыктыгын сактаса, аны бала төрөгөнү коргойт+.

Шилтемелер