Мазмунун көрсөтүү

Жакшы кабардын Германиядагы цыгандарга жетиши

Жакшы кабардын Германиядагы цыгандарга жетиши

Германияда миңдеген цыгандар («синти», «рома» деп аташат) жашайт *. Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепке негизделген баракчаларды, китепчелерди, тасмаларды цыгандардын да эне тилинде чыгарышкан *.

2016-жылдын сентябрь, октябрь айларында Жахабанын Күбөлөрү Германиянын шаарларында, анын ичинде Берлин, Бремерхафен, Фрайбург, Гамбург, Гейдельберг шаарларында атайын өнөктүк уюштурушкан. Ал өнөктүктө синти жана рома элдерине цыган тилиндеги маалыматты жеткирүүгө күч жумшашкан. Ошондой эле цыгандарды Падышалык залдарында өткөрүлгөн жалпыга арналган жолугушууларга чакырышкан.

Эл кубанып кабыл алды

Синти, рома элинен болгондор Жахабанын Күбөлөрүнүн ушундай өнөктүк уюштурганына бир чети таң калса, бир чети кубанышкан. Ошол өнөктүккө катышкан Андре менен Эстер аттуу жубайлар: «Жакшы кабарды жеткириш үчүн жумшаган аракетибизди көрүп, алар жетине албай сүйүнүп атышты»,— деген. Көптөр Ыйык Китептеги кабарды өз эне тилинде угуп, окуганда, жүрөгү ушунчалык козголгон. Бир жаш кызга «Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?» деген тасманын цыган тилиндегисин көрсөтүшкөн. Ал такыр ишене албай, кайра-кайра: «Бул менин тилимде турбайбы!» — деп айткан.

Гамбургда өткөрүлгөн өнөктүккө катышкан Маттиас мындай деген: «Жубайым экөөбүз синти, рома элинен болгон 400дөй киши жашаган аймакка кабар айтуу үчүн бөлүнгөн, 8 кишиден турган топто болчубуз. Биз менен сүйлөшкөндөрдүн баары адабият сурашты». Ал эми Гамбургда өткөн өнөктүккө катышкан Беттина: «Айрымдар Жахабанын Күбөлөрүнүн алардын тилинде да адабияттарды чыгарганына аябай ыраазы болуп, көзүнө жаш алышты»,— деген. Көптөр адабияттарды алары менен эле үнүн чыгарып окуп киришкен. Айрымдары досторуна да бериш үчүн дагы бир нече адабият сурап алышкан.

Синти, рома элинен болгондордун көбү жалпыга арналган жолугушууга чакыруу баракчасын алышкан. Гамбургдагы жолугушууга баргандардын 94 пайызы Падышалык залына эч качан барып көрбөптүр. Гейдельбергге жакын жайгашкан Райлингенде жолугушууга 123 киши барган. Жолугушуудан кийин цыган тилинде сүйлөгөн 5 киши Ыйык Китепти изилдегиси келерин айткан.

Өнөктүк учурунда Жахабанын Күбөлөрү 3 000дей баракча жана китепче таратышкан. Жахабанын Күбөлөрү синти, рома элинен болгон 360дан ашык киши менен пикирлешкен. Натыйжада 19у Ыйык Китепти изилдей баштаган. Алардын айрымдары: «Кудай жакшы кабарды бизге да жеткирип атканына ыраазыбыз»,— деп айтышкан.

^ 2-абз. Синти эли Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европадагы цыгандардан тараган, азыр Батыш жана Борбордук Европада жашаган аз сандагы эл деп эсептелет.

^ 2-абз. «Британ энциклопедиясынын» веб-сайтында цыган тили «60 же андан көп майда диалектиден турары» жазылган. Бул макалада жеңилирээк болушу үчүн Германияда жашаган синти жана рома элдеринин тили жалпы жонунан «цыган тили» деп берилди.