Мазмунун көрсөтүү

Римде өткөрүлгөн тагал тилиндеги жыйын. «Бир чоң үй-бүлө чогулду!»

Римде өткөрүлгөн тагал тилиндеги жыйын. «Бир чоң үй-бүлө чогулду!»

2015-жылдын 24төн 26-июлуна чейин Италиянын Рим шаарында өткөрүлгөн өзгөчө жыйынга тагал тилинде сүйлөгөн миңдеген Жахабанын Күбөлөрү чогулду. Алардын мекени болгон Филиппин аралдары Римден 10 000ден ашуун чакырым алыстыкта жайгашкан.

Айрым эсептөөлөргө ылайык, учурда Европа өлкөлөрүндө 850 000ден ашуун филиппиндиктер жашайт. Ошондуктан бүтүндөй Европада Жахабанын Күбөлөрүнүн тагал тилинде өткөрүлгөн 60тай жыйналышы жана топтору бар. Алар өздөрү жашаган жердеги филиппиндиктерге жакшы кабар айтышат.

Римде өткөрүлгөн тагал тилиндеги үч күндүк чоң жыйын өзгөчө болду. Анткени ага келгендердин баары программаны эне тилинде биринчи жолу угушту. Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү, мурун Филиппинде кызмат кылган Марк Сандерсон күн сайын жыйынтыктоочу баяндамаларды айтып жатты. Анын баяндамалары жыйынга келген 3 239 кишинин кубанычына кубаныч кошту.

«Жүрөгүмдөн түнөк тапты»

Жыйындын программасын эне тилде уккан менен башка тилде уккандын ортосунда кандай айырма бар? Эва деген жалгыз бой эне: «Англис тилин анча-мынча билсем да, тагал тилинде өткөрүлгөн бул жыйында Ыйык Китептеги ар бир сөз жүрөгүмдөн түнөк тапты»,— деген. Испанияда жашаган бул эне Италияда өткөрүлгөн жыйынга барыш үчүн акчаны кантип чогулткан? Ал эки баласы менен жумасына бир жолу кафеден тамактанчу экен. Акчаны үнөмдөш үчүн алар кафеге айына бир эле жолу барып турууну чечишкен. «Мунун акыбети кайтты, анткени программаны толугу менен түшүндүм»,— дейт Эва.

Германияда жашаган Жасмин жыйынга барыш үчүн жумушунан суранган. Ал мындай дейт: «Жолго чыкканы жатканда шашылыш жумуш чыгып калып, мени коё бере албайбыз дешти. Мен ойлонуп, Жахабадан тилендим да, жетекчиме бардым. Экөөбүз отуруп алып, жумушту жыйындан келгенден кийин бүтүргүдөй кылып пландаштырдык. Европанын булуң-бурчунан агылып келген филиппиндик бир туугандарым менен чогуу болгондогу кубанычымды сөз менен айтып жеткире албайм».

Европадагы филиппиндиктер мекенин эле эмес, Европанын башка өлкөлөрүнө көчүп кеткен досторун да сагынып куса болушат. Бул жыйын көптөгөн достордун башын бириктирди. Бирок бул жолкусунда алар Кудай кошкон бир туугандарча кучакташышты (Матай 12:48—50). Фабирси деген бир тууган: «Тааныштарымды, досторумду көргөндө кубанганымдан көзүмө жаш алдым»,— дейт. Жыйындын соңунда бир эже ашып-ташып турган сезимдерин: «Бир чоң үй-бүлө чогулду!» — деп билдирген.