Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү аларга жабылган жалаага эмне үчүн жооп кайтарышпайт?

Жахабанын Күбөлөрү аларга жабылган жалаага эмне үчүн жооп кайтарышпайт?

 Жахабанын Күбөлөрү башкалар жалаа жапканда же шылдыңдаганда жооп кайтарышпайт, себеби Ыйык Китепте ошондой кеңеш жазылган. Алсак, бир аятта: «Шылдыңчылды оңдоп-түзөгөн өзү уят болот»,— делет (Накыл сөздөр 9:7, 8; 26:4). Жалган жалаанын айынан талашып-тартышкандан көрө, Кудайга жаккан иштер менен алек болобуз (Забур 119:69).

 Албетте, «унчукпай турган убак бар, сүйлөй турган убак бар» (Насаатчы 3:7). Андыктан Кудай жөнүндөгү чындыкты билгиси келген жүрөгү таза адамдардын суроолоруна жооп беребиз. Ал эми маңызсыз талаш-тартыштан алыспыз. Иса Машаяктан жана анын 1-кылымда жашаган шакирттеринен үлгү алгандыктан ушинтебиз.

  •   Исага жалган жалаа жаап Пилаттын алдына алып барышканда да, ал эч нерсе деп актанган эмес (Матай 27:11—14; 1 Петир 2:21—23). Ал сугалак, шарапты жакшы көрөт деп жамандаган адамдарга да жооп берген эмес. Анын ордуна, Ыйык Китептеги: «Адамдын акылдуу экени адил иштеринен көрүнөт»,— деген принципке ылайык иш кылып, кандай киши экенин иштери менен көрсөтө берген (Матай 11:19). Бирок зарыл учурларда аны жаманатты кылгандарга жооп берип, аларды эр жүрөктүк менен ашкерелеген (Матай 15:1—3; Марк 3:22—30).

     Иса Машаяк шакирттерин жалган жалаага көңүл бурбай эле коюуга үндөгөн. Ал: «Мен үчүн кордук көрсөңөр, куугунтукталсаңар жана силерге ар кандай жалган жалаа жабышса, бактылуусуңар»,— деген (Матай 5:11, 12). Бирок жалган жалаанын аркасында Кудай жөнүндө кабар айтууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөрүн билгендиктен шакирттерин мындай деп ынандырган: «Мен силерге акылмандык берем, айтканга сөз табууга жардам берем. Андыктан каршылаштарыңардын баары биригип да силерге каршы тура албайт, айткандарыңарды жокко чыгара албайт» (Лука 21:12—15).

  •   Элчи Пабыл да Кудайдын кызматчыларын каршылаштары менен талашып-тартышпоого чакырган. Андай талашты ал «пайдасыз, маанисиз» деп сыпаттаган (Тит 3:9; Римдиктер 16:17, 18).

  •   Элчи Петир болсо Кудайдын элин ишенимин коргоого үндөгөн (1 Петир 3:15). Бирок ал муну сөз менен эмес, иш менен кылуу жакшыраак экенин баса белгилеген. Ал Кудайдын кызматчыларынын жакшы иштери «акылсыз адамдардын наадандык менен сүйлөгөн сөздөрүнө бөгөт коёрун» жазган (1 Петир 2:12—15).