Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү ондук чогултабы?

Жахабанын Күбөлөрү ондук чогултабы?

 Жок, Жахабанын Күбөлөрү ондук чогултушпайт. Биздин жүргүзгөн ишибиз ыктыярдуу тартуулардын эсебинен каржыланат. Ондук деген эмне жана эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү ондук чогултушпайт?

 Ондук берүү, тактап айтканда, иштеп тапканынын ондон бир бөлүгүн берүү жөнүндөгү талап байыркы учурдагы ысрайылдыктарга тиешелүү болгон мыйзамдын бир талабы болгон. Ыйык Китептен ал мыйзамдын, анын ичинде «ондук чогултуу» талабынын да жоюлганын жана анын Иса Машаяктын азыркы жолдоочуларына тиешелүү эмес экенин билүүгө болот (Еврейлер 7:5, 18; Колосалыктар 2:13, 14).

 Ошол себептүү биз ондук чогултпайбыз. Бирок Иса Машаяктын биринчи кылымдагы жолдоочуларынан үлгү алып, биздин уюм жүргүзүп жактан ишти эки жол менен колдойбуз: биринчиден, башкаларга Кудай жөнүндө айтып окутканыбыз үчүн акы албайбыз; экинчиден, ыктыярдуу түрдө тартуу берип турабыз.

 Бул Ыйык Китептеги: «Ар бир адам кыйылып же аргасыздан эмес, жүрөгүндө кандай чечсе, ошого жараша иш кылсын, анткени Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт»,— деген сөздөргө ылайык келет (2 Корунттуктар 9:7).