Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышы кандайча уюшулган?

Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышы кандайча уюшулган?

 Ар бир жыйналышта аксакалдар кеңеши бар. Аларга жыйналышта жетекчилик жүргүзүү иши тапшырылган. 20 чакты жыйналыш бир районду түзөт. Кыдыруучулук ишке дайындалган аксакалдар мезгил-мезгили менен жыйналыштарга атайын сапар менен барып турушат. Алар райондук көзөмөлчү деп аталат.

 Ыйык Китепке негизделген кеп-кеңештер, көрсөтмөлөр Жетектөөчү Кеңеш тарабынан берилет. Жетектөөчү Кеңешти көп жылдардан бери Жахабанын Күбөсү болуп кызмат кылып келаткан адамдардын тобу түзөт. Алар Жахабанын Күбөлөрүнүн Уорикте (Нью-Йорк) жайгашкан бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгында кызмат кылышат (Элчилер 15:23—29; 1 Тиметей 3:1—7).