Мазмунун көрсөтүү

Силер Жахабанын Күбөлөрү гана куткарылат деп ойлойсуңарбы?

Силер Жахабанын Күбөлөрү гана куткарылат деп ойлойсуңарбы?

 Жок, биз антип ойлобойбуз. Байыркы убакта жашап, көзү өтүп кеткен миллиондогон адамдар, Жахабанын Күбөсү болбосо да, куткарылууга үмүттөнө алышат. Ыйык Китепте Кудай убадалаган жаңы дүйнөдө «адил адамдардын да, адил эмес адамдардын да тирилери» айтылат (Элчилер 24:15). Андан сырткары, азыркы учурда көптөр Жахаба Кудайга кызмат кыла башташы мүмкүн, ошондуктан алар да куткарылат. Кандай болбосун, ким куткарыларын, ким куткарылбасын биз чечпейбиз. Кудай ал ишти Иса Машаякка тапшырган (Жакан 5:22, 27).