Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрүндө миссионердик иш жүргүзүлөбү?

Жахабанын Күбөлөрүндө миссионердик иш жүргүзүлөбү?

 Жахабанын Күбөлөрүнүн баары, негизинен эле, кайсы гана жерде жашабасын, миссионердик маанайды чагылдырууга аракет кылышат, башкача айтканда, дайыма башкаларга өздөрү Ыйык Китептен окуп-билген жана ишенген нерселерин айтып берүүгө умтулушат (Матай 28:19, 20).

 Андан тышкары, Жахабанын Күбөлөрүнүн кээ бирлери өздөрүнүн эле өлкөсүнүн Ыйык Китептеги жакшы кабар таратыла элек жерлерине атайын барып, ал жактагыларга Кудайды таанып-билүүгө жардам беришет. Айрымдары болсо ошол эле максатта чет өлкөгө көчүп барышат. Иса пайгамбардын: «Жердин учу-кыйырына чейин менин күбөлөрүм болосуңар»,— деп алдын ала айтканы алардын жашоосунда аткарылып жатканы аларга чоң кубаныч тартуулайт (Элчилер 1:8).

 1943-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн миссионерлери билим ала алышы үчүн атайын мектеп ачылган. Ошондон тартып Ыйык китептик Гилат мектеби деп аталган ал мектептен 8 000ден ашуун Жахабанын Күбөсү билим алды.