Мазмунун көрсөтүү

Жан аябас кызматчылар Гайанада

Жан аябас кызматчылар Гайанада

 «Жарчыларга муктаждык көбүрөөк жерде кызмат кылуунун аркасында канчалык кубаныч аларыңды сөз менен айтып жеткире албайм!» Бул сөздөрдү Кошмо Штаттарда жашаган, бирок бир канча убакыт бою Гайанада кызмат кылган Жошуа айткан. Анын айткандарына Түштүк Американын бул жемиштүү аймагында кызмат кылган көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү толук кошулат a. Алардан эмнелерге үйрөнө алабыз? Эгер муктаждык бар жерге көчүп барууну чечсеңер, алардан үйрөнгөн нерселер чет өлкөдөгү кызматка даярданууга кандайча жардам берет?

Аларга эмне түрткү берген?

Линел

 Гайанага көчүп барганга чейин Линел өзү төрөлүп-өскөн Кошмо Штаттардын сейрек иштетилген аймактарынын биринде кабар айтуу ишине катышкан. «20 бир тууган болуп Батыш Виржиниянын алыскы аймагына дайындалган болчубуз. Эки жумага созулган кабар айтуу жана бир туугандар менен пикирлешүү жашоомду кадимкидей өзгөрткөн. Жахабага мүмкүн болушунча көбүрөөк кызмат кылууга ого бетер чечкиндүү болуп калгам»,— дейт ал.

Эрика менен Герт

 Герт менен Эрика аттуу жубайлар башка өлкөдө кызмат кылуу тууралуу олуттуу ойлонуп жүрүшкөн. Анан алар Гайананы тандашкан. Эмне үчүн? Эрика: «Жолдошум экөөбүз Гайанага көчүп барган бир жубайларды таанычубуз. Алардын күйүп-жанып кызмат кылганы, кызматын абдан жакшы көргөнү бизге да ошол жакка көчүп барууга түрткү берген»,— дейт. Герт менен Эрика үч жыл Гайанада кызмат кылышкан жана ошол дайындоосун жүрөгүнө жаккан эң эле кызыктуу дайындоо болгон деп эсептешет. Ал эми Герт: «Биз бөтөн жердеги кызматтын даамын таттык. Аябай сонун экен!» — деп айткан. Алар кийинчерээк Гилат мектебинен билим алып, азыр Боливияда кызмат кылып жатышат.

Башка өлкөдө кызмат кылгандар көп учурда Ыйык Китептин негизинде маңыздуу маек курушат

Кантип даярданышкан?

 Ыйык Китептеги принциптер бизди жөнөкөй жашоого чакырат (Еврейлер 13:5). Ошондой эле жашообузда олуттуу чечимдерди чыгарардын алдында бардыгын таразалап чыгууга үндөйт (Лука 14:26—33). Бул принциптердин башка өлкөгө көчүүгө да тиешелүү экенине шек жок. Герт мындай деп жазган: «Гайанага көчүп барганга чейин Эрика экөөбүз жашообузду жөнөкөйлөттүк. Ишибизди, үйүбүздү жана үйдө топтоло берген колдонулбаган оокаттардын баарын саттык. Буга бир нече жыл кетти. Ал ортодо каалообузду өчүрбөш үчүн Гайанада кызмат кылабыз деген максатыбызды көңүлүбүздүн борборунда сактап жаттык жана ал өлкөгө кыска убакытка бир нече жолу барып келдик».

Шинед менен Пол

 Дагы бир эске алчу нерсе — акча-каражат. Муктаждык көп жерде кызмат кылгандардын айрымдары, жергиликтүү мыйзамдар жол берсе, ошол эле өлкөдө иштешет. Башкалары мекенинде кылып жүргөн жумушун үйүндө компьютердин жардамы менен кылып, жан багышат. Дагы бирөөлөр өз өлкөсүнө барып, убактылуу иштеп келишет. Пол менен Шинед жылына бир жолу Ирландияга барып иштеп келишет. Ушунун аркасында алар Гайанада баш-аягы 18 жыл, анын ичинде алардын кызы төрөлгөндөн тартып 7 жыл бою, жемиштүү кызмат кылышты.

Кристофер менен Лэрисса

 Забур 37:5те: «Жолуңду Жахабага тапшыр, ага таян, ошондо ал өзү иш-аракет кылат»,— деп жазылган. Кошмо Штаттардан болгон Кристофер менен Лэрисса башка өлкөдө кызмат кылууга байланыштуу максаты тууралуу көп тилене турган. Ошондой эле үй-бүлө менен сыйынуу учурунда ал жакка көчүш үчүн эмне кылса болорун, жакшы жактарын жана кыйынчылыктарын талкуулашчу. Мындан тышкары, башка тилди үйрөнүүгө туура келбеш үчүн англис тили расмий тили болгон Гайананы тандашкан.

 Андан соң Накыл сөздөр 15:22деги: «Акылдашпаса, ой-максат ишке ашпайт, ал эми кеңешчилер көп болсо, ишке ашат»,— деген кеңешке ылайык иш кылышкан. Алар Гайанадагы b ишти көзөмөлдөгөн филиалга ал жакка көчүп барып, кызмат кыла аларын жана өздөрү тууралуу маалыматты жазып жиберишкен. Катында Гайананын медициналык кызматтары, аба ырайы жана жергиликтүү салты тууралуу суроолорду беришкен. Филиал бардык суроолоруна жооп берип, алар кийинчерээк көчүп бара турган аймактагы аксакалдар кеңеши менен байланыштырып коюшкан.

 Жогоруда кеп кылынган Линел азыр Гайанада кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылат. Ал жакка көчүп барардан мурун ал да Накыл сөздөр 15:22деги кеңешти колдонгон. «Көчүп барууга акча чогулткандан тышкары, башка өлкөдө кызмат кылгандар менен сүйлөшүп көрдүм. Максатым тууралуу үй-бүлөм, жыйналыштагы аксакалдар жана райондук көзөмөлчүм менен да сүйлөштүм. Ошондой эле биздин адабияттардан таба алышымча муктаждык бар жерде кызмат кылуу жөнүндөгү макалаларды окуп чыктым»,— деп ой бөлүшөт Линел.

Жозеф менен Кристина

 Бөтөн жерде кызмат кылууну чечкен көптөгөн бир туугандар ал жакка адегенде «чалгындап» барышкан. «Биринчи жолу Гайанага үч айга барып келгенбиз. Ошол убакыт аралыгы ал жактагы жашоонун кандай экенин билүүгө жетиштүү болгон. Үч айдан кийин үйгө кайтып барып, иштерибизди бүтүрүп, бул жакка биротоло көчүп келгенбиз»,— дейт Жозеф менен Кристина деген жубайлар.

Кантип ылайыкташышкан?

Жошуа

 Чет өлкөдө Кудайга ийгиликтүү кызмат кылыш үчүн жан аябас болуу жана жергиликтүү шарттарга, каада-салттарга ылайыкташуу талап кылынат. Мисалы, суук жерлерден тропикага көчүп баргандар түрлүү курт-кумурскалар бар экенин байкашат. «Быжырап жайнап жүргөн курт-кумурскалар мен үчүн жат нерсе болду,— дейт жогоруда кеп кылынган Жошуа.— Болгондо да, алар килейгендей көрүнгөн. Бирок бара-бара көнүп калдым. Үйүңдү таза кармасаң, алардын азыраак болорун байкадым. Убагында идиш жууп, таштанды чыгарып, үйүңдү бат-баттан жыйнап турушуң керек».

 Башка өлкөдө кызмат кылуу өз ичине мурун такыр жеп көрбөгөн тамак-ашка көнүүнү, аларды жасаганды үйрөнүүнү да камтыйт. Жошуа мындай дейт: «Чогуу жашаган бир тууган экөөбүз бир туугандардан жергиликтүү азык-заттарды колдонуп тамак жасаганды үйрөтүшүн суранганбыз. Тамак жасаганды үйрөнүп алгандан кийин жыйналыштагыларды конокко чакыра баштадык. Ушунун аркасында бир туугандар менен жагымдуу убакыт өткөрүп, жакыныраак таанышып, досторго ээ боло алдык».

Пол менен Катлин

 Пол менен Катлин жергиликтүү салттарга байланыштуу мындай деп ой бөлүшөт: «Сылык-сыпаалыкка жаткан жаңы адаттарды, ысык жерде кантип кийиниш керектигин үйрөнүүгө туура келди. Биз мындайды такыр башыбыздан өткөрүп көргөн эмеспиз. Ошондуктан Ыйык Китептеги принциптерге каршы келбеген учурларда момун болууга, өзгөрүүлөрдү кылууга аракет кылдык. Жергиликтүү элдин салтына ылайыкташкандын аркасында жыйналыштагы бир туугандар менен жакыныраак болуп калдык, бул кызматыбызга да бир топ жакшы таасир этти».

Алар кандай баталарды алышкан?

 Жозеф менен Кристина мындай дейт: «Алган баталарың туш болгон кыйынчылыктарыңдын баарын жаап кетет. Көнүп калган жылуу жерибизди таштаганыбыз эмне маанилүүрөөк экенин баамдап, ошого жараша иш кылууга жардам берди. Мурда баалуу деп эсептеген нерселерибиз анча деле баалуу болбой калды. Башыбыздан өткөн ар бир окуя Жахаба үчүн мындан ары да бүт баарын кыла берүүгө түрткү берип келет. Азыр көңүлүбүз чындап эле ток, колубузда болгон нерсеге ыраазыбыз». Алардын сезимдерине көптөр ортоктош.

 Жогоруда кеп кылынган Эрика мындай дейт: «Муктаждык көп жерде кызмат кылуунун аркасында жолдошум экөөбүз Жахабага таянуу чындап эмнени билдирерин түшүндүк. Анын жардам берип, колдоп жатканын мурда болуп көрбөгөндөй жолдор менен сезе баштадык. Жаңы нерселерди башыбыздан чогуу өткөрүп жаткандыктан бири-бирибизге абдан ынак болуп калдык».

a Гаянадагы ишибиздин тарыхы тууралуу 2005-жылдагы «Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китебинен» билүүгө болот.

b Гайанадагы ишти Тринидад жана Тобагодогу филиал көзөмөлдөйт.