Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 25-ИЮНЬ
ГЕРМАНИЯ

Берлин, Германия. «Сүйүү эч качан жок болбойт» деп аталган эл аралык жыйын (2019)

Берлин, Германия. «Сүйүү эч качан жок болбойт» деп аталган эл аралык жыйын (2019)
  • Күнү: 2019-жыл, 14—16-июнь

  • Өткөрүлгөн жери: Берлиндеги (Германия) Олимпиадалык стадион

  • Жыйын өткөн тилдер: англис, немис, орус

  • Катышкандардын жогорку саны: 37 115

  • Чөмүлгөндөрдүн жалпы саны: 255

  • Эл аралык делегаттардын саны: 5 000

  • Чакырылган филиалдар: Бразилия, Британия, Греция, Канада, Кошмо Штаттар, Польша, Скандинавия, Словения, Финляндия, Эквадор

  • Жергиликтүү окуя: Делегаттар жыйынга чейин жана андан кийин өткөрүлгөн экскурсиялардын бирине, Берлиндеги белгилүү «Пергам» музейине, барышкан. Бир туугандарыбыздын музейде өзүн кандай алып жүргөнүн көргөн күзөтчү мындай деген: «Көптөгөн адамдар эч нерсеге ишенбегендиктен үмүтсүз жашашат. Бирок силердин Кудайга болгон ишенимиңер жана ортоңордогу сүйүүңөр күчтүү экени айкын көрүнүп турат». Башка күзөтчү болсо: «Силердей болгон адамдар келгенде убакыттын кантип өтүп кеткенин байкабай калат экенсиң. Жумуштан сырткары кошумча иштегенге да даярмын»,— деген.

 

Жергиликтүү бир туугандар аэропорттон делегаттарды тосуп алып жатышат.

Бир туугандар жыйын өткөрүлгөн жайдын короосунда маектешип жатышат.

Делегаттар сүрөткө түшүп жатышат, айрымдары улуттук кийим кийип алышкан.

Жетектөөчү кеңештин мүчөсү Сэмюэл Хёрд ишемби күндүн акыркы баяндамасын айтууда.

Делегаттар жыйын учурунда программаны англис тилинде угуп, айрым ойлорду жазып жатышат. Эки бир тууган программаны радио аркылуу угууда.

Бир туугандар ишемби күнү чөмүлүүнү көрүп жатышат.

Башка өлкөдөн келген атайын толук убакыт кызмат кылган кызматчылар жыйын өткөрүлгөн стадиондун аянтчасында жекшемби күндүн аягында кол булгалап жатышат.

Берлиндеги Олимпиадалык стадион 1936-жылы курулган (жыйындын биринчи күнү тартылган сүрөт). 1990-жылы Берлин дубалы кулагандан кийин тарыхый эл аралык жыйын так ушул стадиондо өткөрүлгөн.

Делегаттар Берлиндеги белгилүү Бранденбург дарбазасынын алдында эл көп жерде күбөлөндүрүү ишине катышып жатышат.

«Пергам» музейинин жанындагы «Колонада Кортъярдда» чогулган делегаттар.

Көрүүчүлөр достук кечесинин соңунда кол чаап жатышат.