Мазмунун көрсөтүү

Аземде сөз сүйлөп жаткан Дахау концлагериндеги Мемориалдык музейдин деректири Габриэла Хаммерман Макс Эккерт жөнүндө жазылган эстелик тактасынын сүрөтүн көрсөтүүдө

2018-ЖЫЛ, 9-ИЮЛЬ
ГЕРМАНИЯ

Белгисиз бойдон калган жок: Макс Эккерттин ысмы Дахау концлагериндеги эстеликке жазылды

Белгисиз бойдон калган жок: Макс Эккерттин ысмы Дахау концлагериндеги эстеликке жазылды

2018-жылдын 7-майында өткөрүлгөн аземге катышкан 200дөй кишиге Макс Эккерт бир тууган тууралуу жазылган эстелик тактасы көрсөтүлдү. Макс Эккерт Австриядагы камалгандарга ырайымсыз мамиле кылынганы менен белгилүү болгон Маутхаузен концлагерине айдалганга чейин Дахау концлагеринде эки жылдан ашык убакыт отурган. Ал үйүнө кайтып келген эмес. Эккерт бир тууган белгисиз бойдон калса да, Кудайга болгон ишеними күчтүү инсан катары азыр көптөргө белгилүү болду.

Макс Эккерт Маутхаузен концлагерине которулганга чейин камалган Дахау концлагеринин азыркы учурдагы сүрөтү

Макс Эккерт каза болгон Маутхаузен концлагери

Макс Эккерт бир туугандын башынан өткөндөрү тууралуу билдирүүдөн анын ар дайым Кудайга берилгендик сактаганын билүүгө болот. 1935-жылдын башында жубайы экөөнө ишенгендери жөнүндө башкаларга айтканы үчүн айып пул салынган. Кийинчерээк свастика тартылган желекти көтөрүүдөн баш тартканы үчүн Эккерт жумушунан чыгарылган. 1937-жылы Дахау концлагерине камалган. Ал кайратынан жазбаган 600гө жакын Жахабанын Күбөсүнүн арасында болгон. Эки жыл өткөндөн кийин, бери дегенде, 90 000 киши мыкаачылыктан каза тапкан Маутхаузенге которулган. 1940-жылдын 21-февралында Эккерт бир туугандын жубайы: «Бүгүн күйөөң концлагерде өлдү. Сурооң болсо, полиция менен байланыш»,— деген суук кабар жазылган телеграмма алган. Эккерт бир тууган 43 жашында каза болгон.

Дахау концлагериндеги Мемориалдык музейдин деректири Габриэла Хаммерман аземде сөз сүйлөп жатканда: «Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр [кийинчерээк Жахабанын Күбөлөрү деп белгилүү болгон] туткан дининен улам нацисттердин бир да уюмуна кошулуудан, «Хайль Гитлер» деп айтуудан, аскер кызматын өтөөдөн баш тартканы үчүн куугунтукка алынышкан»,— деген. Андан ары мындай деп кошумчалаган: «Алар менен бирге камалгандар Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн кандай маанайда болгонун урмат-сый менен [эскеришкен]. Ошондой эле туруктуулугун жана башкаларга жардам бергенге ынтызар болгонун [баса белгилешкен]».

Германиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Вольфрам Слупина аземге келгендердин көбү Эккерт бир тууганды тааныбаганын айтып: «Бизде Макс Эккерт бир туугандын сүрөтү да жок»,— деген. Анан эстелик тактасында жазылгандар «[Эккерт бир туугандын] туруктуулугунан тайбаганын жана өлүмгө кыйылганы жатса да, ишениминен баш тартпаганын көрсөтүп турарын» айткан.

Жахаба өлүм алдында да кынтыксыздыгынан жазбаган башка кызматчыларын унутпагандай эле, ишенимин, берилгендигин бек сактаган Макс Эккерт бир тууганды да унутпай турганынан эч шектенбейбиз (Еврейлер 6:10).