Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 26-ИЮЛЬ
ИСПАНИЯ

Мадрид, Испания. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)

Мадрид, Испания. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)
  • Күнү: 2019-жыл, 19—21-июль

  • Өткөрүлгөн жери: «Ванда Метрополитано» стадиону, Мадрид, Испания

  • Жыйын өткөн тилдер: англис, испан, испан жаңдоо тили

  • Катышкандардын жогорку саны: 52 516

  • Чөмүлгөндөрдүн жалпы саны: 434

  • Эл аралык делегаттардын саны: 6 300

  • Чакырылган филиалдар: Албания, Аргентина, Болгария, Борбордук Америка, Венгрия, Гана, Доминикан Республикасы, Канада, Корея, Кошмо Штаттар, Нидерландия, Перу, Словения, Тайвань, Түркия

  • Жергиликтүү окуя: Делегаттар токтогон мейманкананын жетекчиси Цезар Лопес мындай деген: «Биз укмуштуудай кереметке күбө болдук. Бул жакта иштегендер делегаттардын жадырап-жайнап жүргөнүн, жакшы жүрүм-турумун, сылык-сыпаалыгын айтып түгөтө албай жатышты. Жыйыныңардын темасына ылайык, алар бири-бирин сүйүүгө бул жакка келгенге чейин эле үйрөнүп келишиптир. Муну биздин мейманканага токтогон ар бир делегаттан байкап жаттык. Бул жакка дагы келишиңерди каалайбыз».

 

Жергиликтүү бир туугандар Адольфо Суарес атындагы Мадрид-Барахас аэропортунан делегаттарды тосуп алып жатышат

Жергиликтүү бир тууган жыйындын делегаты менен Мадридде чакыруу баракчасын колдонуп кабар айтып жүрөт

Жыйын өткөн жерге агылып келип жаткан делегаттар

Жума күнкү жыйындын соңунда жылмайып, кол булгалап жаткан эл аралык делегаттар

Программа тарнсляцияланган жерде испан тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышынын электрондук түрүн көрсөтүп жаткан эки бир тууганыбыз. Ыйык Китептин жарык көргөнү жума күнү Мадридде жана Испаниянын 11 жеринде бир учурда кулактандырылган

Жаңы 434 бир туугандын бири чөмүлгөндөн кийин сүйүнүп жатат

Башка өлкөлөрдөн келген атайын толук убакыт кызмат кылган бир туугандар жыйындын акыркы күнүндө кол булгалап жатышат

Сүйүнүп кол чаап жаткан бир туугандар

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Геррит Лёш бир тууган жыйындын соңунда атайын толук убакыт кызмат кылган бир тууган менен кол алышып жатат

Кооз кийинген эже-карындаштар достук кечеде испан улуттук бийин бийлеп жатышат