25-ДЕКАБРЬ, 2020
КОШМО ШТАТТАР
Түрмөдө отургандар карантинге карабай Жахаба жөнүндө билим алып жатышат
COVID-19 пандемиясы башталганда, Кошмо Штаттардагы жүздөгөн Жахабанын Күбөлөрү түзөтүү абактарына бара албай калышкан. Ага чейин алар ал жактарга дайыма барып, Ыйык Китепке негизделген адабияттарды сунуштап, абакта отурган миңдеген адамдар менен Ыйык Китепти изилдешчү. Карантинден улам темир тордун артында отургандар дем-күч берген рухий тамактан өксүп калышкан. Бактыга жараша, ишенимдештерибиз COVID-19 пандемиясына байланыштуу сактык чараларын бузбай аларга жардам берүүнүн жолун табышкан.
Кошмо Штаттардагы филиалдын аймагында жайгашкан түрмөлөргө кабар айтуу ишин жетектеген Дан Хоутон: «Ыйык Китептен билим алып туруш үчүн биз менен дайыма байланышып турган адамдарды ойлоп аябай сарсанаа болдук. Себеби алар ушундай учурда биздин жардамыбызга өзгөчө муктаж эле»,— дейт.
Майкэ Сиерстад деген ишенимдешибиз Вакавиль шаарындагы (Калифорния штаты) түрмөнүн бийлик өкүлдөрү менен байланышып, JW телеберүүсүнө чыккан видеолорду жөнөтсө болор-болбосун сураган. Таң калыштуусу, түрмө башчылары ал видеолорду Калифорния штатындагы 33 түрмөдө тарткан телеканал аркылуу көрсөтүүгө уруксат беришкен. Натыйжада түрмөдө 2020-жылдагы «Дайыма кубангыла»! деген жыйындын программасы күнүгө 28 мүнөттөн үч жолу көрсөтүлүп турган. Аны болжол менен 130 000дей киши көрө алмак.
«Жахабанын кудуреттүүлүгүнө таң бересиң. Ал бир нерсени кылгысы келсе, аны эч нерсе, эч ким токтото албайт»,— дейт Майкэ Сиерстад.
Бир туугандарыбыз Сарасота шаарындагы (Флорида) түрмөнүн жетекчилери пандемиянын айынан стресс болуп жаткан камактагы кишилерди сооротуп, көңүлүн көтөрө турган китептерди издеп жатышканын билип калышкан. Ошондо алар англис жана испан тилиндеги Ыйык Китепти, ага негизделген адабияттарды сунушташкан. Түрмө башчылары макул болушкан. Андан тышкары, ишенимдештерибиз түрмөдөгүлөр менен видеобайланыш аркылуу Ыйык Китепти изилдөөнү да уюштурушкан. Ыйык Китепти ушундай жол менен изилдеген бир киши ага жардам берген бир тууганга: «Силер менен байланышууну чыдамсыздык менен күтөм. Анткени мага Ыйык Китепти күндө окуганга түрткү бересиңер. Келечекке такыр башкача карап калдым»,— деп жазган.
Камкор Атабыз Жахабага анын Сөзүндөгү билимге суусаган адамдардын муктаждыгын канааттандырганга пандемия да, түрмөнүн дубалдары да тоскоолдук кыла албай турганын көрүп кубанып жатабыз (Забур 139:7—10).