Мазмунун көрсөтүү

15-МАЙ, 2023
РУАНДА

Руанданын батышында катуу жаандан кийин сел жүрүп, жер көчтү

Руанданын батышында катуу жаандан кийин сел жүрүп, жер көчтү

2023-жылдын 2, 3-майында Руанданын батышында нөшөрлөп жааган жаан селге айланып, жер көчтү. Өкүнүчтүүсү, 130дан ашык киши набыт болуп, миңдегендер үйлөрүн таштап, башка жакка көчкөнгө аргасыз болушту. Ал эле эмес, селден, жер көчкүдөн улам түшүм кыйроого учурап, үйлөр, көпүрөлөр, жолдор талкаланды.

Ишенимдештерибизге тийгизген таасири

  • Ишенимдештерибиздин баары аман-эсен, жаракат алгандар катталган жок

  • 51 үй талкаланып калды

  • 43 үй чоң зыянга учурады

  • 2 Падышалык залы бир аз зыян тартты

Жардам берүү иштери

  • Кырсыктан жапа чеккендерге жардам бергенге атайын үч комитет түзүлүп, ишенимдештерибизге колдоо көрсөтүлүп жатат

  • Филиалдын комитетинин мүчөлөрү, райондук көзөмөлчүлөр, жергиликтүү аксакалдар кырсык болгон аймактарда жашаган ишенимдештерибизди жубатып, жылуу сөзүн айтып кубаттап жатышат

Жахаба Руандадагы боордошторубузга ушундай «кыйынчылык учурунда» күч берип, колдоп турса экен деп тиленип турабыз (Забур 46:1).