Мазмунун көрсөтүү

28-АВГУСТ, 2020
ТҮШТҮК КОРЕЯ

Тынбай төккөн нөшөр Түштүк Кореяга каран күн түшүрдү

Тынбай төккөн нөшөр Түштүк Кореяга каран күн түшүрдү

Болгон жери

Түштүк Корея

Кырсык

  • Корея өзгөчө узакка созулган кыйраткыч муссон мезгилине туш болду

  • Нөшөрлөгөн жамгырдын айынан суулар ташкындап, жер көчкүлөр жүрдү

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • 16 жарчы убактылуу башка жакка көчүрүлдү

Бүлгүнгө учураган мүлк

  • 30 үй зыянга учурады

  • 19 Падышалык залы зыянга учурады

Жардам берүү иштери

  • Кореядагы филиал кырсыктан жабыр тарткандарга жардам бериш үчүн үч комитетти түздү

  • Ал комитеттерде кызмат кылгандар кырсык баскан аймактагы райондук көзөмөлчүлөр, жергиликтүү аксакалдар менен кызматташып, жапа чеккендерге жардам көрсөтүп жатышат

  • Зыянга учураган үйлөр менен Падышалык залдары тазаланып, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат

Окуя

  • Баарынан чоң зыянга учураган Куре шаарында жашаган Миң-сеонг Ли аялы менен бүт мүлкүн таштап башка жакка кеткенге аргасыз болушту. Анткени үйү толугу менен суу астында калды. Кырсык болгондо жардам берүү комитетиндегилер үйүн тазалап, өздөрүн эң зарыл нерселер менен камсыз кылышты. Анан албетте, сооротуп, рухий жактан бекемдешти. Көрсөтүлгөн жардамга ыраазы болгон жубайы мындай дейт: «Ыраазычылыгымды билдириш үчүн сөз таппай жатам. Бир туугандар ишке баш-оту менен, өздөрүнүн үйү зыянга учурагандай, киришишти. Көп нерсе жоготконубуз чын, бирок андан алда канча көп нерсеге ээ болдук деп айтар элем».

«Ар кандай жагдайда сооротуучу Кудайыбыздын» Кореядагы ушундай оор кырдаалга кабылган ишенимдештерибизге кам көрүп жатканына абдан ыраазыбыз (2 Корунттуктар 1:3, 4).