Мазмунун көрсөтүү

17-ЯНВАРЬ, 2020
ТҮШТҮК КОРЕЯ

Түштүк Корея атайын мунапыс жарыялады

Түштүк Корея атайын мунапыс жарыялады

2019-жылдын 31-декабрында Түштүк Кореянын бийлик башчылары абийиринен улам аскердик кызмат өтөөдөн баш тарткан жана абактан жакында эле бошотулган 1 879 ишенимдешибизге атайын мунапыс жарыялады. Мурда алар кылмышкер катары катталып, чектөөлөр коюлган болсо, эми өкмөт аларга эч кандай жарандык чектөөлөрдү койбойт. Бул атайын мунапыс — Конституциялык соттун жана Жогорку соттун абийиринен улам аскерде кызмат кылуудан баш тартуу кылмыш эмес, адамдын укугу деген 2018-жылдагы чечиминен кийин чыгарылган акыркы жыйынтык.

Кореяда түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөргө өкмөт тарабынан 5 жылга чейин белгилүү бир чектөөлөр коюлат. Абийиринен улам аскердик кызмат өтөөдөн баш тарткан ишенимдештерибиз кылмышкер катары катталгандыктан, аларга да ошондой чектөөлөр коюлуп келген. Ошонун айынан ал бир туугандарыбызга өкмөт тарабынан уруксат берилген лицензия алуу үчүн атайын сынактардан өтүүгө жана белгилүү бир жумуштарга орношууга макулдук берилбей келген.

Түштүк Кореядагы филиалдын жалпыга маалымат берүү үстөлүндөгү иштерге жооптуу Дэ-ил Хоң мындай деген: «Жарандык чектөөлөрдү алып салганы үчүн өкмөткө ыраазыбыз. Бул чечим диний ишениминен улам камакка алынгандарды кылмышкер эмес деп толугу менен актоого бир эле кадам калганын көрсөтүп турат».

Келечекте Түштүк Кореяда дагы жакшы чечимдер чыгарыларына үмүттөнөбүз. Ушундай чечимдер үчүн улуу Мыйзам чыгаруучубуз Жахабаны даңктап-мактайбыз (Аян 4:11).