Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 1-НОЯБРЬ
ТҮШТҮК КОРЕЯ

Түштүк Кореянын Жогорку сотунун тарыхта кала турган чечими

Түштүк Кореянын Жогорку сотунун тарыхта кала турган чечими

2018-жылдын 1-ноябрында, бейшемби күнү, Түштүк Кореянын Жогорку соту соттордун басымдуу бөлүгү колдогон, абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандар кылмышкер катары каралбасын деген чечим чыгарды. Мындан ары диний көз карашынан улам аскерден баш тартуу «олуттуу себеп» деп эсептелет. Түштүк Кореянын эң жогорку баскычтагы сотунун тарыхта кала турган бул чечими иши өлкөнүн ар кайсы баскычтагы сотторунда каралып, учурда убактылуу токтоп турган 900дөн ашык бир тууганды актоого негиз берет.

Ушул жылдын башында Түштүк Кореянын Конституциялык соту абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандар өтөй ала турган альтернативалык кызмат 2019-жылдын декабрь айына чейин киргизилиши керек деген чечим чыгарган.

Биз тарыхта кала турган ушундай чечим чыкканы үчүн абдан кубанып жатабыз жана бул үчүн Жахаба Кудайды даңктагыбыз келет.