Мазмунун көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Кампонотустун мурут тазалагычы

Кампонотустун мурут тазалагычы

 Курт-кумурскалар учушу, өйдө көтөрүлүшү жана тегерек-четин сезип турушу үчүн таза болушу зарыл. Мисалы, «кампонотус» деп белгилүү болгон кумурсканын муруту чаң, кир болуп калса, туура багыт ала албай, башка кумурскалар менен «сүйлөшө» албай, жытты жакшы сезе албай калат. Ошондуктан, Александр Хакман деген бир зоолог айткандай, «кир жүргөн бир да курт-кумурсканы көрбөйсүң. Алар чаңдан тазалануунун жолун билишет».

 Көңүл бурсаңар: Хакман менен кесиптештери кампонотус (Camponotus rufifemur) мурутун кантип тазалаарын изилдешкен. Алар байкагандай, кампонотус алдыңкы эки бутун бүгүп алып мурутунун ар бир талын сыдырып, чаңдын баарын тазалап чыгат. Буттарындагы щёткадай болгон катуурак түктөрү жабышып калган чоңураак нерселердин күбүлүп түшүшүнө шарт түзөт. Аралары мурутундагы түктөрдүн жоондугундай болгон жыш түктөрү болсо майдараак нерселерден тазалайт. Ал эми адамдын чачындай болгон 1/80 диаметрлик өтө кичинекей нерселер бутундагы аябай майда түкчөлөр менен тазаланат.

 Кампонотус мурутун кантип тазалаарын көргүлө

 Хакман менен анын кесиптештери кумурскалардын мурут тазалоо ыкмасын өнөр жайда колдонсо болот деген ойдо. Алардын айтымында, атүгүл чаңдын бүртүгү да иштен чыгарып коё турган өтө назик микроэлектрондук түзүлүштөрдү жана жарым өткөргүчтөрдү жасап жатканда кир жукпашы үчүн, кампонотустун мурут тазалоо ыкмасын колдонсо болот.

 Кандай деп ойлойсуңар? Кампонотустун мурут тазалоо жөндөмү Кудайдын колунан бүткөнбү? Же өзү жаралганбы?