Мазмунун көрсөтүү

АЛАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА | ЖОНАТАН

«Бүт жүрөгү менен тартылып, аны жанындай жакшы көргөн»

«Бүт жүрөгү менен тартылып, аны жанындай жакшы көргөн»

 

Согуш басылып, Эла өрөөнүндө тынчтык өкүм сүрүп, айлана жымжырт болуп калды. Түш оогон маал. Чатырларды шуудуратып, сыдырым жел согуп турат. Шабул кеңешкени кишилерин чогултту. Алардын арасында тун уулу Жонатан да бар. Койчу жигит бир нерсени аябай берилип айтып берип жатат. Ал жигит Дөөтү эле. Шабул анын ар бир сөзүн кулагынан кыя өткөрбөй, тыңшап отурат. Ал эми Жонатанды кандай сезимдер чулгап жатат болду экен? Ал Жахабанын тарабында согушкан жоокер катары көптөгөн жеңишке жеткен эле. Бирок бүгүнкү жеңиш ага эмес, Дөөтүгө таандык болуп турат. Ал алп Голиатты сулатты. Жонатан жеңишке жеткен койчу жигитти көрө албай, ичи тардык кылабы?

Силер, балким, Жонатандын кылганына тан беришиңер мүмкүн. Ыйык Китептен: «Дөөтүнүн Шабулга айткан сөздөрүн укканда Жонатан Дөөтүгө бүт жүрөгү менен тартылып, аны жанындай жакшы көрүп калды»,— дегенди окуйбуз. Ал жаш жигитке кийимин, курал-жарактарын, анын ичинде жаасын белек кылат. Жонатан мыкты жаачы болгондуктан, ал тартуу кылган жаа өзгөчө белек болгон. Андан тышкары, экөө бири-бирине ар дайым колдоп турган достордон болобуз деп ант беришет (1 Шемуел 18:1—5).

Ыйык Китепте баяндалган кыйышпас достордун окуясы ушинтип башталган. Достук Кудайга ишенген адамдардын жашоосунда чоң роль ойнойт. Эгер досторду акылдуулук менен тандасак жана өзүбүз да колдоп-кубаттап турган ишеничтүү дос болсок, жакындарын сүйбөгөн адамдар көбөйгөн азыркы оор учурда ишенимибизди бекемдей алабыз (Накыл сөздөр 27:17). Андыктан, келгиле, Жонатандан достукка байланыштуу эмнеге үйрөнө аларыбызга токтололу.

Достуктун пайдубалы

Ушундай бекем достук кандайча заматта эле өрчүп кеткен? Мунун сыры ал достуктун пайдубалында болгон. Анда эмесе, ошол тууралуу кеп кылалы. Жонатан оор учурда жашаган. Анын атасы Шабул падыша жыл өткөн сайын жаман жакка өзгөрө берген. Бир кезде момун, тил алчаак болгон жана Кудайга бекем ишенген Шабул текебер, баш ийбес болуп кеткен (1 Шемуел 15:17—19, 26).

Жонатан атасына аябай жакын болгондуктан, анын ушундай болуп өзгөрүп баратканына кабатыр болсо керек (1 Шемуел 20:2). Балким: «Атам Жахабанын тандап алган элине зыян тийгизип койбойбу? Анын баш ийбестигинин айынан эл Жахабанын ырайымынан айрылып калбайбы?» — деп түпөйүлдөнгөндүр. Ырас, Кудайга бекем ишенген Жонатан үчүн мунун оор сыноо болгону күмөнсүз.

Бул билдирүүлөр Жонатан менен Дөөтүнүн ынак болуп калышына эмне себеп болгонун көрсөтүп турат. Жонатан Дөөтүнүн ишеними күчтүү экенин көргөн. Шабулдун жоокерлеринен айырмаланып, Дөөтү килейген Голиатты көргөндө үрөйү учкан эмес. Беттешке «Жахабанын ысмы менен бараткандыктан», анын мыкты куралданган алп жоокерди колуна салып берерине толук ишенген (1 Шемуел 17:45—47).

Бир нече жыл мурун Жонатан да ушу сыяктуу ой жүгүрткөн. Ал эки эле кишинин — өзүнүн жана курал көтөрүүчүсүнүн — душмандардын бүтүндөй кошуунуна кол салып, кырып салууга кудурети жетеринен шектенген эмес. Эмне үчүн? Жонатан: «Жахабага эч нерсе тоскоолдук кыла албайт»,— деп айткан (1 Шемуел 14:6). Мындан көрүнүп тургандай, Жонатан менен Дөөтүнүн бир жалпылыгы болгон: экөө тең Жахабаны сүйгөн жана ага бекем ишенген. Экөөнүн жан достордон болушунун сыры ушунда эле. Жонатан падышанын уулу жана жашы 50лөргө таяп калган күчтүү жоокер болгон. Ал эми Дөөтү талаада кой кайтарып эле жүргөн койчу болгон жана сыягы, 20га да чыга элек болчу. Бирок экөөнүн достугуна булар тоскоол боло алган эмес *.

Алардын анты экөөнүн достугун чындап эле коргогон. Кандайча? Жахаба Кудай аны Ысрайылдын келечектеги падышасы кылып тандап койгонун Дөөтү жакшы билген. Ал муну Жонатанга айтпай, жашырып койду беле? Жок, жашырган эмес! Чыныгы достор бири-биринен сыр жашырбай, ачык сүйлөшүшөт жана бири-бирине жалган айтышпайт. Дөөтүнүн келечекте падыша болорун билгенде Жонатан кандай сезимде болду эле? Ал атасынан кийинки падыша болорунан үмүтүн үзбөй, бир күнү такка отуруп, атасы кетирген каталардын баарын оңдоорун ойлоп кыялга батты беле? Ыйык Китепте анын ушу сыяктуу терс ойлор менен күрөшкөнү жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Анда чындап маанилүү болгон нерселерге: анын берилгендигине, Кудайга болгон бекем ишенимине басым жасалат. Жонатан Дөөтүгө Жахабанын руху таасир этип жатканын түшүнгөн (1 Шемуел 16:1, 11—13). Ошондуктан антын аткарып, Дөөтүгө атаандашы катары эмес, досу катары мамиле кыла берген. Себеби Жонатан Жахабанын эркинин аткарылышын каалаган.

Жонатан да, Дөөтү да Жахаба Кудайды сүйүп, ага бекем ишенишкен

Алардын достугу чындап эле Кудайдын батасы болгон. Ишеними күчтүү Жонатандан эмнеге үйрөнсөк болот? Кудайдын кызматчыларынын баары достукту баалашы керек. Достордун ишеними бекем болсо, жашына, тек-жайына карабай жан достордон боло алышат. Жонатан менен Дөөтү көп жолу бири-бирине дем-шык берип, кайраттандырышкан. Аларды алдыда достугу сынала турган оор кыйынчылыктар күтүп тургандыктан, экөө тең бири-биринин колдоосуна муктаж болушмак.

Кимге берилгендик көрсөтөт?

Шабул башында Дөөтүнү жакшы көрүп, аны аскербашы кылып дайындайт. Бирок көп өтпөй ал, Жонатандан айырмаланып, көрө албастыкка уугуп калат. Дөөтү Ысрайылга кастыгын тиккен пелиштиликтерди кыйратып, жеңиштин артынан жеңишке жете берет. Ошонун аркасында ал даңазаланып, элдин урмат-сыйына ээ болот. Бир жолу ал жеңиш менен кайтып келатканда, ысрайылдык аялдар: «Шабул миңди жеңди, Дөөтү болсо он миңди жеңди»,— деп ырдап тосуп алышат. Муну уккан Шабулдун каны кайнап чыгат. «Ошол күндөн тартып Шабул Дөөтүгө шектүү карап калат» (1 Шемуел 18:7, 9). Анан Дөөтү падышалык тактыны тартып алууну көздөшү мүмкүн деп корко баштайт. Анын мындай ойдо болгону акылсыздыкка жаткан. Анткени Дөөтү Шабулдан кийинки падыша болорун билсе да, Жахаба дайындаган падышаны тактыдан кулатуу анын оюна да келген эмес!

Шабул куулук менен Дөөтүнүн кандуу майданда каза табышын ойлонуштурат. Бирок анысынан эч майнап чыкпайт. Дөөтү улам душманын багынтып, эл алдында кадыры шамдай жана берет. Шабул анын көзүн тазалаш үчүн дагы бир амал ойлоп, тун уулун, кызматчыларынын баарын кеңешкени чакырат. Атасынын бул кылыгын көргөндө Жонатандын жүрөгү канчалык сыздаганын элестетсеңер! (1 Шемуел 18:25—30; 19:1). Ал атасын дайыма берилгендик менен колдоп келген, бирок досун да сатмак эмес! Эми кимисине берилгендик сактайт?

«Жонатан атасы Шабулга Дөөтү жөнүндө жакшы сөздөрдү айтып: „Падышам кулу Дөөтүгө каршы күнөө кылбаса экен. Анткени ал сизге эч кандай жамандык кылган жок, ал сизге жакшылык эле кылып келатат. Ал өз өмүрүн тобокелге салып, пелиштиликти өлтүргөндө, Жахаба бүт Ысрайылга улуу куткаруу бербеди беле. Аны көрүп, өзүңүз деле кубанбадыңыз беле. Эми эмнеге аны себепсиз эле өлтүрүп, жазыксыз кишинин каны үчүн күнөөкөр болгону жатасыз?“ — дейт». Ошондо Шабул анын айтканына көнүп, Дөөтүгө жамандык кылбайм деп убада берет. Бирок сөзүнө турбайт. Дөөтү дагы көп ийгиликке жеткенде, Шабул көрө албастыктан ичи өрттөнүп чыгат. Ошентип, күндөрдүн бир күнүндө аны көздөй найзасын ыргытат! (1 Шемуел 19:4—6, 9, 10). Дөөтү буйтап кетип аман калат да, ошол түнү ак сарайдан качып кетет.

Кимге берилгендик сактаарыңарды тандаш керек болгон учуруңар болду беле? Андайда жүрөгүңөр тилинип, кайгырганыңар шексиз. Айрымдар мындай жагдайда биринчи кезекте үй-бүлөңө берилгендик сакташың керек деп айтышы мүмкүн. Бирок Жонатан кандай кылса туура болорун жакшы билген. Дөөтү Жахабага толук баш ийип, берилгендик менен кызмат кылып жатса, Жонатан ак жолдон тайып кеткен атасынын тарабын ээлемек беле?! Анын чечимине Жахабага болгон берилгендиги таасир эткен. Ошондуктан ал тайманбастан Дөөтүнү жактаган. Ырас, Жонатан биринчи кезекте Жахабага берилгендик сактаган. Ошентсе да атасына ал уккусу келген нерсени айтпастан, кемчилигин бетине айтып, ага да берилгендик көрсөткөн. Ар бирибиз берилгендик сактоо жагынан Жонатандан үлгү алганыбыз абзел.

Берилгендик сактоо оңой болгон эмес

Жонатан Шабулду Дөөтү менен элдештиргенге дагы бир жолу аракет кылат, бирок Шабул аны уккусу да келбейт. Дөөтү жашы улуу кан досу Жонатан менен жашыруун жолугуп: «Менин өмүрүм кылдын учунда турат!» — деп жанынан айрылып каларына санааркап турганын айтат. Ошондо Жонатан атасынын ниети кандай экенин аныктап, Дөөтүгө билдирип коёрун убада кылат. Ал жаа атып, жашынып турган Дөөтүгө белги бермек. Жонатан андан бир гана нерсени — Жахаба анын «бардык душмандарын жер үстүнөн жок кылганда», үй-бүлөсүнө «түбөлүккө мээримдүүлүк көрсөтөрүн» айтып ант беришин — суранат. Дөөтү Жонатандын үй-бүлөсүнө дайыма кам көрүп, коргоорун айтып ант берет (1 Шемуел 20:3, 13—27).

Жонатан Шабулдун алдында Дөөтүнү коргогонго аракет кылат, бирок падыша буркан-шаркан түшүп жаалданып чыгат! Ал Жонатанды Дөөтүнү жактаганы үчүн үй-бүлөсүн уятка калтырып жатканын айтып урушуп, «ээн баш күңдүн баласы» деп тилдейт. Анан аны өз кызыкчылыгын көздөөгө үндөгүсү келип: «Жышайдын уулу жер үстүндө тирүү жүргөндө, падышалык бийлигиң көпкө турбайт»,— дейт. Бирок Жонатан бул сөздөргө көңүл бурбай, атасына: «Аны эмнеге өлтүргөнү жатасыз? Ал эмне кылды?» — дейт. Ошондо ачуусун ичте кармай албай калган Шабул тарс жарылат! Ал карып калса да, карылуу жоокер болчу. Ачуусунан ал уулун кадап салыш үчүн найзасын аны көздөй ыргытат! Дасыккан жоокер болсо да, найзасы кайып кетет. Жонатан бир чети жүрөгү ооруп, бир чети ызаланып, ачууланган бойдон чыгып кетет (1 Шемуел 20:24—34).

Жонатан өз кызыкчылыгын көздөбөй турганын айгинелеген

Эртеси эртең менен Жонатан Дөөтү жашынып турган талаага барат. Анан, макулдашкандай эле, атасынын Дөөтүнү өлтүрүүнү көздөп жатканын билдирип жаа атат. Жанындагы кызматчысын шаарга жөнөтүп жибергенден кийин экөө эле калып, бир аз сүйлөшүшөт да, экөө тең ыйлап, коштошушат. Ошондон тартып Дөөтү качып жүрүп күн өткөрө баштайт (1 Шемуел 20:35—42).

Ушундайча Жонатан өзүмчүл эмес, ишеничтүү дос экенин далилдеген. Кудайга берилгендигин сактаган адамдардын душманы болгон Шайтан Жонатандын атасынын жолуна түшүп, бийликке же атак-даңкка умтулушун көксөсө керек. Баарыбыз жакшы билгендей, ал адамдарды керт башын ойлоого түртүп келет. Шайтан Адам ата менен Обо энени да ошентүүгө азгырып, максатына жеткен (Башталыш 3:1—6). Бирок Жонатанды берилгендигинен тайдыра алган эмес. Буга анын каарданганы шексиз! Силер ушундай азгырыктарга каршы турасыңарбы? Биз азыр ар ким өз көмөчүнө күл тарткан заманда жашап жатабыз (2 Тиметей 3:1—5). Жан аябас болуу, берилгендик сактоо жагынан Жонатандан үлгү алабызбы?

Жонатан берилген дос катары Дөөтүнүн өмүрү коркунуч алдында экенин билдирип белги берген

«Сен мен үчүн абдан кымбат элең»

Жек көрүү сезими бара-бара Шабулдун бүт эси-дартын бийлеп алат. Акылынан айныган кишидей болуп, жазыксыз бир кишинин көзүн тазалаш үчүн бүт аскерин баштап алып, тоо-таштын баарын кыдырып жүргөн атасын токтотуу Жонатандын колунан келбейт (1 Шемуел 24:1, 2, 12—15; 26:20). Алардын арасында Жонатан да болгонбу? Кызыктуусу, Ыйык Жазмада ошол жүрүштөр жөнүндө сөз болгондо бир да жеринде анын аты айтылбайт. Жонатандын Жахабага, Дөөтүгө болгон берилгендигин жана достукка байланыштуу берген антын эске алганда, анын атасына кошулуп Дөөтүнү куугунтукташы такыр мүмкүн эмес болчу.

Анын өзүнөн бир топ кичүү досуна болгон ынактыгы сууп калган эмес. Бир канча убакыт өткөндөн кийин ал Дөөтүгө жолугуш үчүн Хорешке барган. Хореш чөлдөгү тоолуу аймак болгон жана сыягы, Хеброндон түштүк-чыгыш тарапты көздөй бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан. Качкын болуп жүргөн Дөөтүгө жолугуш үчүн Жонатан эмне себептен ушундай тобокелдикке барган? Ыйык Китептен анын «Дөөтүнүн Кудайга болгон ишенимин бекемдеш үчүн» барганын билебиз (1 Шемуел 23:16). Ал Дөөтүнү кантип бекемдеген?

Жонатан кыйышпас досун: «Коркпо»,— деп кайраттандырат. Анан: «Атам сага эч нерсе кыла албайт»,— деп ынандырат. Ал эмне үчүн ошентип ишенимдүү түрдө айта алган? Жонатан Жахаба Кудайдын өз убадасын сөзсүз ишке ашырарына бекем ишенген. Ошондуктан: «Сен Ысрайылга падыша болосуң»,— дейт. Шемуел пайгамбар бул сөздөрдү бир нече жыл мурун айткан эле. Эми болсо Жонатан Дөөтүгө Жахабанын сөзү дайыма аткарыларын эсине салып отурат. Жонатан өз келечегин кандай элестеткен? Ал Дөөтүгө: «Мен болсо сенден кийин турган адам болом»,— деп айтат. Ооба, Жонатан чындап эле момун киши болгон! Ал өзүнөн 30 жаш кичүү Дөөтүнүн көзөмөлү алдында кызмат кылып, анын оң колу катары ар убак колдоп турууга даяр болгон. Жонатан сөзүнүн аягында: «Муну атам да билет»,— дейт (1 Шемуел 23:17, 18). Ырас, Шабул Жахаба кийинки падыша кылып тандаган кишини жеңүү мүмкүн эмес экенин жүрөгүнүн түпкүрүндө түшүнүп эле турган.

Дөөтү муктаж болуп турганда, Жонатан аны бекемдеп-кайраттандырган

Дөөтүнүн бир канча жыл өткөндөн кийин да ошол жолугушууну жылуу сезим менен эскергени күмөнсүз. Алар ошондо акыркы жолу көрүшкөн эле. Тилекке каршы, Жонатандын Дөөтүдөн кийинки киши болом деген үмүтү орундалбай калат.

Жонатан атасы менен бирге Ысрайылдын айыгышкан душманы болгон пелиштиликтерге каршы согушка аттанат. Ал, атасы кандай жаман иштерди кылбасын, Жахабага кызмат кылууну биринчи орунга койгондуктан, согушка таза абийир менен жөнөйт. Жонатан, адаттагысындай эле, эр жүрөктүк, берилгендик менен салгылашат, бирок душмандар ысрайылдыктардан күчтүүлүк кылып кетет. Себеби Шабул көзү ачык аялга кайрылып, Мыйзамдагы осуятты бузган эле. Бул олуттуу күнөө болгондуктан, Жахаба аны колдобой койгон. Ошол кандуу кармашта Шабулдун үч уулу, анын ичинде Жонатан өмүрүнөн айрылат. Ал эми жарадар болгон Шабул өз өмүрүнө кол салат (1 Шемуел 28:6—14; 31:2—6).

Жонатан: «Сен Ысрайылга падыша болосуң, мен болсо сенден кийин турган адам болом»,— деген (1 Шемуел 23:17)

Дөөтү муну укканда өзөгү өрттөнүп, боздоп ыйлайт. Боорукер, айкөл Дөөтү атүгүл жашоосун азаптуу кылган Шабулга да кайгырып, аза күтөт. Ал Шабул менен Жонатанды жоктоп, кошок кошот. Анын дайыма насааттап турган ынак досуна арнаган: «Бир боорум Жонатан, сени жоктоп кайгырып жатам, сен мен үчүн абдан кымбат элең, сенин мага болгон сүйүүң аялдыкынан артык эле»,— деген сөздөрү өзгөчө жүрөк козгойт (2 Шемуел 1:26).

Дөөтү Жонатанга берген антын эч качан эсинен чыгарган эмес. Бир нече жылдан кийин ал Жонатандын майып болуп калган уулу Мепибешетти издеп таап, ага кам көргөн (2 Шемуел 9:1—13). Дөөтү Жонатандын берилгендик сактаганынан, урматтап-сыйлаганынан жана оор болсо да ишенимдүүлүгүнөн жазбаганынан көп нерсеге үйрөнгөн. Биз да андан үлгү алабызбы? Жонатанга окшогон адамдар менен дос болууга умтулабызбы? Өзүбүз да ошондой дос боло алабызбы? Эгерде досторубуздун Жахабага болгон ишенимин бекемдесек, биринчи кезекте Кудайга берилгендик сактасак, өз кызыкчылыгыбызды көздөбөй, ишеничтүү болсок, Жонатандан үлгү алып, ага окшогон дос болуп бере алабыз.

^ 11-абз. Ыйык Китепте Жонатан жөнүндө биринчи жолу айтылганда, Шабул жаңыдан такка отурган кез болчу жана Жонатан аскербашы эле. Ошондо ал, ашып кетсе, 20ларда эле болчу (Сандар 1:3; 1 Шемуел 13:2). Шабул 40 жыл бийлик жүргүзгөн. Ошондуктан ал өлгөндө, Жонатан 60тарда, Дөөтү болсо 30дарда болгон деп жыйынтык чыгара алабыз (1 Шемуел 31:2; 2 Шемуел 5:4). Демек, Жонатан Дөөтүдөн, калыбы, 30 жаштай улуу болгон.