Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Зериккен балаңарды кантип алаксытсаңар болот?

Зериккен балаңарды кантип алаксытсаңар болот?

 Балаңар үйдө отургандан тажап: «Зеригип жатам»,— деши мүмкүн. Андайда телевизорду күйгүзүп же жакшы көргөн видеооюнун коюп бере салгандын ордуна, төмөнкү кеңештерди колдонуп көргүлө.

Айрым ата-энелер эмне кылышат?

  •   Көңүл ачуунун кайсы бир түрү жана ага өтө көп убакыт бөлгөнү баланы ого бетер зериктириши мүмкүн. Роберт деген бир ата мындай деп ой бөлүшөт: «Айрым балдар телевизордон көргөндөрүн же видеооюндардан ойногондорун кадимки жашоо менен салыштырат. Ошондон улам аларга күнүмдүк иштер кызыксыздай көрүнөт».

     Жолдошунун айткандарына Барбара да кошулат. Ал мындай дейт: «Чыныгы жашоодо кайсы бир ишти бүтүрүш үчүн ой жүгүртүшүң керек, күч-аракет жумшашың керек. Көп учурда анын натыйжасы да дароо көрүнбөйт. Ал эми телевизордун маңдайында кечке отурган же видеооюндардан баш көтөрбөгөн балдарды бул нерселер аябай эле зериктирет».

  •   Социалдык тармактарда отурган балдар өздөрүн башкаларга салыштырып көңүлү чөгөт. Жаштар досторунун видеолорун, сүрөттөрүн көрүп, өздөрүнүн жашоосу кызыксыз өтүп жаткандай сезишет. Бэтт деген кыз: «Андайда дароо эле: „Менден башкасынын баары жыргап жүрөт, мен эле үйдө байкуш болуп отурам“, — деген ой келет»,— дейт.

     Андан тышкары, адам соцтармактарда канча убакыт өткөрбөсүн, көөдөнүндөгү боштук толбойт; зериккени зериккен. «Керээли кечке бир нерсе менен алек болуп жаткандайсың, бирок эч нерсени деле кыйратпайсың»,— дейт Крис деген бала.

  •   Зеригүүнүн жакшы жагы да бар. Кэтрин деген бир эне зериккенде балдар бир нерсени ойлоп тапканга жакын болорун байкаган. Ал мындай деп айткан: «Мисалы, балдар жөнөкөй эле коробкадан сандык, машине, кайык же ракета жасап алышат. Жамынчыны болсо үстөлдүн үстүнө жаап алып, үй кылып ойношот».

     Шерри Тёркл деген психолог адам зериккенде «бир нерсе ойлоп таап, тапкычтык кыла баштай турганын» айткан a. Андыктан зеригүүнүн пайдасы да бар деп айтсак болот. Бир китепте бул туурасында: «Оор нерсе көтөргөндө булчуңдар чыңдалган сыяктуу, зериккенде көбүрөөк ойлонуп, чыгармачыл боло баштайсың»,— деп жазылган («Disconnected»).

 Жыйынтык. Балдарыңардын зериккенин көйгөй катары көрбөгүлө. Анын ордуна, ага чыгармачылыгын арттырганга жардам берген нерсе катары карагыла.

Силер эмне кылсаңар болот?

  •   Мүмкүн болсо, балдарыңарды эшикке ойноткула. Жогоруда сөз кылынган Барбара мындай деп бөлүшөт: «Күнгө чыгып, таза аба менен дем алганда балдардын көңүлү ачылып, кадимкидей жыргап калышат. Эшикке чыгары менен балдар бат эле бир нерсени ойлоп таап, ойной башташат. Тим эле тапкычтыгына чек жок болуп калат!»

     Ыйык Китептеги принцип: «Бардык нерсенин өз убагы бар... күлө турган убак бар... бийлей турган убак бар» (Накыл сөздөр 3:1, 4).

     Ойлонуп көргүлө: Балдарым эшикке көбүрөөк чыгып турушу үчүн, эмне кылсам болот? Эгер эшикке көп чыгара албасам, аларды үйдөн ойнотуш үчүн кандай кызыктуу оюндарды ойлоп тапсам болот?

  •   Балдарыңарды башкалардын камын ойлогонго үйрөткүлө. Лилиан деген бир эне мындай кеңеш берет: «Балдарыңар карылардын эшигинин алдындагы чөбүн кыркып же жалбырактарын тырмап берсе болот. Ошондой эле жегенге бир нерсе жасап берсе же жөн эле акыбалын сурап барып койсо болот. Башкаларга ушундай кичинекей эле нерселерди кылышса, кубанып калышат».

     Ыйык Китептеги принцип: «Берешен жан тоюнат, башкалардын суусунун кандырган адамдын өзүнүн да суусуну канат» (Накыл сөздөр 11:25).

     Ойлонуп көргүлө: Балдарыңарга башкаларга жакшылык кылгандан кубаныч алганга кантип жардам берсеңер болот?

  •   Өзүңөр үлгү болгула. Күнүмдүк иштериңер жөнүндө кантип айтып берип жатканыңар балдарыңарга таасир этпей койбойт. «Эгер жашоого нааразы болуп, наалып-напчый берсек, балдарыбыз да ошого үйрөнө баштайт. Ал эми сөздөрүбүздөн күнүмдүк иштерибизди жакшы көрөрүбүз көрүнүп турса, балдарыбыз да оң маанай сактаганга үйрөнөт»,— дейт Саара деген эне.

     Ыйык Китептеги принцип: «Кимдин жүрөгү жайдары болсо, аныкында дайыма той» (Накыл сөздөр 15:15).

     Ойлонуп көргүлө: Күнүмдүк иштерим жөнүндө оң маанайда сүйлөймбү? Зериккенде адатта эмне кылам?

 Кеңеш. Балдарыңар менен чогуу зериккенде кыла турган нерселердин тизмесин түзүп алгыла. «Үй-бүлөбүз менен бир куту жасап алганбыз. Ал жакка убакытты кантип кызыктуу өткөрсөк болоруна байланыштуу сунуштарыбызды жазып салып турабыз»,— дейт Аллисон деген бир эне.

a «Reclaiming Conversation» деген китептен алынды.