Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Китеп окуу балдар үчүн эмне себептен маанилүү? (1-бөлүк). Окуган жакшыбы же көргөн жакшыбы?

Китеп окуу балдар үчүн эмне себептен маанилүү? (1-бөлүк). Окуган жакшыбы же көргөн жакшыбы?

 Балдарыңар бош убактысында эмне кылганды жакшы көрүшөт? Видео көргөндүбү же китеп окугандыбы? Көбүнчө колуна телефонду алабы же китептиби?

 Акыркы ондогон жылдар бою китеп менен телевизор жана онлайн көңүл ачуулар тең тайлашып келет. Жейн Хили 1990-жылы өзүнүн китебинде: «Бара-бара эл китеп окубай деле калат болуш керек»— деп жазган («Endangered Minds»).

 Ошол маалда кимдир бирөөлөр бул сөздөрдү аша чапкандык деп эсептеген болуш керек. Андан бери 30 жылдай өттү. Азыр билим берүү жаатында эмгектенген адистер технология өнүккөн өлкөлөрдөгү балдардын, өспүрүмдөрдүн окуу жөндөмү кыйла төмөндөп кеткенин байкашууда.

Бул макалада:

 Китеп окуу балдар үчүн эмне себептен маанилүү?

  •   Китеп окуганда элестетүү жөндөмү ойгонот. Балдар китеп окуп жатканда каармандардын үндөрүн угуп, сырткы келбети кандай экенин элестете алышат жана жагдайды көз алдына тарта алышат. Жазуучу жалпы эле сүрөттү берсе, окурман ага түстүү боёкторду кошуп көркөмдөп алат.

     Лаура деген бир эне мындай дейт: «Биз кино же видео көрүп жатканда башка бирөөлөр элестеткен нерселерди эле көрөбүз. Бирок китеп окугандын бир өзгөчө жагы бар. Анткени окуп жатканда жазуучунун сөздөрүн акылыңда жандандырып, баарын өзүң элестетесиң».

  •   Китеп окуганда балдардын ички дүйнөсү калыптанат. Алсак, алар көйгөйдү талдаганды жана аны чечкенди үйрөнүшөт. Ошондой эле көңүл топтоо жөндөмүн өрчүтүшөт. Натыйжада аларда сабырдуулук, өзүн-өзү кармай билүү жана боорукердик сыяктуу сапаттар өсө баштайт.

     Боорукердикпи? Ооба. Кандайча? Айрым изилдөөчүлөрдүн айтымында, балдар аңгемени шашпай, кылдат окуп жатканда андагы каармандардын сезимдерин туюп көрө алышат. Бул аларга кадимки жашоодо башкаларга боор ооруй билгенге жардам берет.

  •   Китеп окуу терең ой жүгүрткөнгө түрткү берет. Бүт дитин коюп окуган киши шашпай, көңүл топтоп окуйт. Автордун ойлорун түшүнүш үчүн ал кээ бир жерлерди кайра окушу мүмкүн. Мунун аркасында ал окугандарын жакшыраак эстеп калып, толук пайда алат (1 Тиметей 4:15).

     Жозеф деген бир ата мындай деп ой бөлүшөт: «Окуп жатканда жазылгандардын мааниси тууралуу ой жүгүртүү оңоюраак. Аны мурун билгендериң менен байланыштырып, эмнеге үйрөнсөң болору жөнүндө ойлоносуң. Ал эми видео же кино көрүп жатканда дайыма эле терең ой жүгүртө бербейсиң».

 Жыйынтык: Албетте, видеолордун жана көркөм тасмалардын кандайдыр бир пайдасы бар. Бирок эгерде балдарыңарда китеп окуганга убакыт калбай калса, анда алар көп нерседен кур калат.

 Балдарды китеп окууга кантип үндөсө болот?

  •   Канчалык эрте баштасаңар, ошончолук жакшы. Эки уулу бар Клоя деген эне мындай дейт: «Биз балдарыбыз али курсакта жатканда эле аларга китеп окуй баштаганбыз. Анан төрөлгөндөн кийин да уланттык. Ошол адатыбызды үзгүлтүккө учуратпаганыбызга аябай сүйүнөбүз. Анткени китеп окуу бара-бара балдарыбызга жөн эле көңүл ачуунун бир түрү эмес, жашоосунун маанилүү бөлүгү болуп калды».

     Ыйык Китептеги принцип: «Ыйык жазмаларды ымыркай кезиңен билесиң» (2 Тиметей 3:15).

  •   Окуганга ыңгайлуу шарттарды түзүп бергиле. Китептер балдарыңар оңой ала ала турган жерде болсун. «Адегенде балаңарга жаккан китептерди таап, аларды анын керебетинин жанына коюп койгула»,— дейт төрт баланын энеси Томара.

     Ыйык Китептеги принцип: «Баланы туура жолго сал. Ал ошол жолдон карыганда да чыкпайт» (Накыл сөздөр 22:6).

  •   Интернетти колдонууга чек койгула. Дэниел деген бир ата: «Бери дегенде, бир кечте электрондук каражаттарды колдонбогула»,— деп кеңеш берет. Ал: «Жумасына, жок дегенде, бир күн телевизорду такыр сайбайбыз. Ошол кечте тынч отуруп же чогуу, же өз-өзүбүзчө китеп окуйбуз»,— дейт.

     Ыйык Китептеги принцип: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла» (Филипиликтер 1:10).

  •   Өзүңөр үлгү болгула. Эки кызы бар Карина мындай дейт: «Балдарыңар аңгемени тамшанып угушу үчүн, аны жандандырып окуп бергиле. Эгер өзүңөр окуганды жакшы көрсөңөр, балдарыңар да силерди туурайт».

     Ыйык Китептеги принцип: «Эл алдында окуганыңды... уланта бер» (1 Тиметей 4:13).

 Балдардын баары эле китеп окуганды жакшы көрө бербейт. Бирок аларды буга үндөй берсеңер, мунун акыбети сөзсүз кайтат. Эки кызы бар Дейвид аларды китеп окуганга үндөгөндөн да көптү кылган. Ал: «Мен кыздарым эмнени окуса, ошону окучумун. Ошентип кыздарым эмнеге кызыгарын билип алчумун. Бул алар менен жакшы пикир алышканга өбөлгө түзчү. Ушундайча биз өзүбүздүн кичинекей китеп окуу клубун түзүп алганбыз. Бул баарыбызга жакчу»,— дейт.