Мазмунун көрсөтүү

Кудай ажырашууга кандай карайт?

Кудай ажырашууга кандай карайт?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Кудай адамдарга бир гана себеп менен ажырашууга жол берет. Ал эмне болгон себеп экенин Иса пайгамбар айткан. Ал: «Аялы менен бузуктуктан [никеден тышкаркы жыныстык мамиле] башка себеп менен ажырашып, башкага үйлөнгөн киши ойноштук кылган болот»,— деп айткан (Матай 19:9).

 Кудай адамдын өз жарын алдап, берилгендигин сактабай, көзүнө чөп салганын жек көрөт. Ошондуктан өмүрлүк жары менен негизи жок эле ажырашкандарды, өзгөчө, башка бирөө менен баш кошууну көздөп ажырашса, жоопко тартат (Малаки 2:13—16; Марк 10:9).