Мазмунун көрсөтүү

Дүйнөнүн акыры качан келет?

Дүйнөнүн акыры качан келет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Дүйнөнүн акыры качан келерин билиш үчүн Ыйык Китепте «дүйнө» деген сөздүн кандай мааниде колдонуларын билип алганыбыз маанилүү. «Дүйнө» деп которулган грек тилиндеги космос деген сөз адамзатка карата, айрыкча, Кудайга баш ийбеген, анын эркин аткарбаган адамзат дүйнөсүнө карата айтылат (Жакан 15:18, 19; 2 Петир 2:5). Космос деген сөз кээде жалпы адамзат коомуна карата колдонулат (1 Корунттуктар 7:31; 1 Жакан 2:15, 16) a.

Дүйнөнүн акыры деген эмне?

 Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунда кездешкен «бул дүйнөнүн акыры» деген сөз айкашын «бул дүйнө түзүлүшүнүн аягы» же «доордун аягы» деп да берсе болот (Матай 24:3, «English Standard Version»). Бул сөз айкашы жердин же бүтүндөй адамзаттын жок болушун эмес, адамзат коомунун жок болушун билдирет (1 Жакан 2:17).

 Ыйык Китепте «жамандык кылгандар кырылып», жакшы адамдардын жер бетинде түбөлүк жашаары айтылат (Забур 37:9—11). Бул «улуу алаамат» учурунда башталып, Армагедон согушунда аягына чыгат (Матай 24:21, 22; Аян 16:14, 16).

Дүйнөнүн акыры качан келет?

 Иса пайгамбар: «Ал күндү жана саатты эч ким: асмандагы периштелер да, Уул да билбейт, Атам гана билет»,— деп айткан (Матай 24:36, 42). Ал дүйнөнүн акыры эч ким күтпөгөн маалда, «күтпөгөн саатта келерин» да айткан (Матай 24:44).

 Биз так күнүн, саатын билбесек да, Иса пайгамбар дүйнөнүн акыры жакын калганын көрсөткөн «белги» жөнүндө, тагыраак айтканда, кандай окуялар болорун айткан (Матай 24:3, 7—14). Ыйык Китепте ал мезгил «акыркы убак», «акыркы күндөр» деп аталат (Даниел 12:4; 2 Тиметей 3:1—5).

Дүйнөнүн акыры келгенде эч нерсе калбай, баары жок болобу?

 Жок. Жер планетасы жок болбойт. Ыйык Китепте жердин «кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө козголбой» турары жазылган (Забур 104:5). Анан: «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат»,— деген сөздөр аткарылып, жер бети жакшы адамдарга толот (Забур 37:29). Ошентип, Кудайдын эң башындагы ой-ниети ишке ашат.

a Грек тилиндеги айон деген сөз да Ыйык Китептин айрым котормолорунда «дүйнө» деп берилген. Анын мааниси менен адамзат коомун билдирген космос деген сөздүн мааниси окшош.